Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оюндун түрү. 2. Койдун коргоолу. Кумалак, кеште, Чакмагың, Камдап койгун баарысын («Эл адабияты»). Бир карын майды бир кумалак чиритет (макал). 3. Төлгө тартууда, тогуз коргоол оюнунда ж. б. колдонулуучу тоголок майда таштар. Агай кумалак тизип, төлгө тартып олтуруптур (Сыдыкбеков). Таштан тандап кырк бир кумалак терип алат (Убукеев).