Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кой, эчкинин жана төөнүн томолок-томолок формадагы тезегин билдирген кумалак сөзү азыркы түрк тилдеринде кандай морфемалардан куралганын аныктоо кыйындап кеткен. Ногой тилинде коймалак сөзү кыргызча койдун кумалагы сөзүнө мааниси боюнча туура келет. Ал сөз кой+малак деген эки сөздөн турат. Малак сөзүнүн өзү эле «тоголок тезек» маанисин берген сөз болушу мүмкүн. В. В. Радлов белгилеген майак «койдун кумалагы» (Радлов, т. IV, ч. 2, 2012) сөзү л-->й кубулушу боюнча малак сөзүнө туура келиши мүмкүн. Алгачкы кой малак деген эки сөз биригип, бириккенде й тыбышы түшүп, кумалак сөзү келип чыккан болуу керек. Кийин бул сөздүн мааниси кеңип, жалаң эле койдун кумалагына карата эмес, эчкинин жана төөнүн кумалагына карата да колдонула турган болуп калган.