Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМУЛ — топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222); «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат.