КУМУЛ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесине зордук кылмакка ниеттенген Коңурбай бир топ баатырларына, анын ичинде К-га «Ашын бузуп чыр кылып, Атын жыгып сын кылып», чыр баштамак болуп кайрылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).
КУМУЛ — топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222); «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат.
Куулуктан ийлеген насыбай салгыч. Насыбай салган кумулдугун чыгарды. Муунта байлаган боосун чечип, насыбайынан чымчып алды (Убукеев).
КУМУЛЯТИВДИК (ЧОГУЛТУЛМА) АКЦИЯЛАР – ээлери корпорация начар каржылык абалынан улам төлөй албай калып, биркатар жылдар топтолгон дивиденддерди алуусу мүмкүн болгон артыкчылыктуу акциялар.
ТЕҢДЕШТИК ДОБУШ БЕРҮҮ – добуш берүүгө катышкан акциялардын санына коомду башкаруунун коллегиялдуу органынын мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар добуш туура келген добуш берүү ыкмасы.
ТЕҢДЕШТИК АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИЛГЕН АКЦИЯ – төлөнө элек же толук төлөнүп бүтө элек дивиденддер чогулуу менен, акырында төлөнүүчү артыкчылык берилген акциялар.
кумуляция
кумуляция эффекти
(физ.)