КУМУРСКА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКарын сөзүнөн келип чыккан карынча сөзү байыркы түрк тилинде кумурска сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 427). Кумурска сөзү байыркы түркчө кугурсак «карын, ич» сөзүнүн г тыбышы м тыбышына өтүп, аяккы ак деген эки тыбышы метатезаланып, ка болуп калышынан келип чыккан: кугур-сак> куму рсак >кумурска.