бара I ир. 1. часть, кусок; осколок; көргөн көздүн карасы, жүрөгүмдүн барасы фольк. (ты) зрачок моего глаза, кусок моего сердца; 2. взятка; бара же- брать взятки; бара бер- давать взятки; бүкөн-бара см.букөн. бара II ир. лопасть; тегирмендин барасы лопасть (крыло) мельничного колеса; тилим турар сүйлөнуп, сууга жургөн барадай стих. язык мой говорит (так же быстро и непринуждённо), как лопасть, движимая водой. бара III ир.южн. мерлушка. бара IV не бара жок см.не I.
Iзат. Бир нерсени айландыруу, кыймылга келтирүү үчүн колдонулган тиштүү же жалпак калакчалуу дөңгөлөк. Тегирмендин барасы. Толкун болот деңиз үстү, Токтотпогун бараңды (Аалы).
БАРАIIзат. диал. Козунун майда тармал көрпөсү. Башың сындуу көрүнөт, Кара бара бөрк менен (Барпы).
БАРАIIIтуурасы: пара.
Бир нерсени айландыруу, кыймылга келтирүү үчүн колдонулган тиштүү же жалпак калакчалуу дөңгөлөк. Тегирмендин барасы. Толкун болот деңиз үстү, Токтотпогун бараңды (Токомбаев).
силуэт, контуры предмета; очертания виднеющегося вдали предмета; сүйлөгөнү - аткан ок, барааны жандан башкача фольк. его речь - пущенная стрела, его внешность - как ни у кого; кыз Куялы - эр балбан, барааны тоодой көрүнүп фольк. девица Куялы -богатырша, её силуэт кажется горой; барааныңды көргөндө байкуш жүрөк зырпылдап фольк. когда видишь твой силуэт, бедное сердце трепещет; бараан бол- быть подмогой (увеличивая собою численность); урушпасаң да, бараан болуп бер ты можешь не драться, но будь на моей стороне (для вида); асыл досум, тилимди ал, бараан болгун, бел болгун фольк. дорогой друг, послушай меня, будь на моей стороне, будь опорой.
неясно виднеться, проступать; виднеться (о силуэте, очертаниях предметов); маралдан бөлөк малдан жок, бараандап чыгар жандан жок фольк. кроме оленей, нет ни души (букв. нет никакого скота, нет человека, силуэт которого показался бы).
видный; большой; многочисленный; бараандуу бою его огромное тело; айдап келаткан жылкысы бараандуу он гонит большой табун коней; бараандуу кол многочисленное войско.
1.Чыгаан, бардык жагынан өөдө турган. 2. Барып турган чечен, билгич. Бир мүнөз «сынчы» деген билим болгон, Байкаса бир аспаптуу илим болгон. Бул мүнөз барааттуу жандан чыккан, Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо).
барабан; барабан как- или барабан ур- или барабан чал- бить в барабан; барабанды чалды эле, сурнайын беш сапар бек кыйкыртып алды эле фольк. он ударил в барабан и пять раз извлёк из зурны громкие звуки.
зат.1. Эки жагы жаргак менен капталган, ургулап ойной турган цилиндр формасындагы музыкалык инструмент. Барабан Сырганын көзүнө куду дарбыздай болуп, Омордун колтугунан көрүнө түштү (Сыдыкбеков).
2. тех. Цилиндр формасындагы ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин деталы.
1. Эки жагы тең жаргак менен капталган, цилиндр сыяктуу ичи көңдөй,уруп ойноочу музыкалык аспап. Алымкулдар эшиктин алдына келгенде, барабан кагылып, пионердик салтанаттуу марш ойнолду (Жангазиев). 2. тех. Ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин цилиндр формасындагы деталы.
(анат.) добулбас шатысы; кулактын добулбасынын ичиндеги бир тетик. Б. перепонка — кулак тарсылдагы, сырткы жана ортонку кулактын ортосундагы солкулдак жаргак; б. полость (гист.) — добулбас көңдөйү, ортонку кулактагы бир орган; б. струна (гист.) — добулбас кылы, добулбастын ичинде, табыш толкунуна дирилдеп туруучу кыл; б. трубка (гист.) — добулбас түтүгү, сырткы кулактан добулбаска кирүүчү түтүк.
ир. равный, одинаковый; күчү саа барабар он по силе тебе равен; аял, эркек барабар фольк. мужчины и женщины равны; эркек менен барабар тең окутуп аялды фольк. женщин обучают наравне с мужчинами; жеке Төштүк өз башы, тогуз миң уулга барабар фольк. один (богатырь) Тоштюк (по силе) равен девяти тысячам молодцев; нормолоруп эки барабар орундап келе жатат свои нормы он перевыполняет вдвое.
Акырындык менен, улам барган сайын. Бара-бара баягы Жылдызкандын уяңдыгы жоголуп, такылдап сүйлөй турган болду (Байтемиров). Бара-бара үйлөр көбөйүп, шаарга айланат (Бөкөнбаев).
БАРАЙЫЗ (арабча бе — айиз — акындардын ырларынан бириктирилген жыйнак) — жай ташты сууга салып күн жайлоо учурунда айтыла турган дубанын түрү. Негизги варианттарда Алмамбет күн жайлаганда айтылат:
Касыйдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымыраак жат окуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 150).
Эпостогу бул сүрөттөө касиеттүү эсептелген ар кайсы диний китептердеги дубалардан окуса жаан-чачын болуп, борошо түшөт деген элдик магиялык ишенимге ылайык айтылып жатат.
барак I 1. лохматый, косматый, с длинной шерстью; барак ит длинношёрстная собака; барак кулак ат лошадь с лохматыми ушами (т.е. непородистая лошадь); барак эл миф. волосатый народ; илгери барак эл болот дечү эле, туда боюн түк баскан фольк. в прежние времена, говорят, был народ барак, всё тело его покрыто волосами; 2. южн. тучная земля; барак челек деревянное ведро, бадья. барак II ар. 1. лист (бумаги); 2. перен. страница; тарыхка эң сонун жаңы барактарды жазды он вписал в историю новые славные страницы; аткаруу барагы юр. исполнительный лист. барак III барак.
Iзат. Китеп, дептердин же кагаздын бөлөк-бөлөк тилкеси. Жүз барактан турган китеп. Эки барак кагаз. БАРАКIIзат. Убактылуу туруу үчүн жеңил-желпи тургузула койгон жыгач үй. Токтогулдар жаткан баракка орус революционерлери да келишти (Бөкөнбаев).
БАРАКIIIсын. Узун тармал жүндүү; апсайган. Барак ит. Барак жүндүү.
Дептердин, китептин ж. б. бөлөк-бөлөк тилкеси. Китепти ортолоп келгенде баракты ачып алса, Динардын көзүнө бир сүрөт укмуштуу болуп көрүндү (Сыдыкбеков).
Убактылуу жашай туруу үчүн жеңил-желпи салынган үй. Барактын сууктугу эшиктикинен кем эмес (Сасыкбаев). Барактардын ар бир бөлмөсүндө элүү-алтымыштан киши жатат (Абдукаримов).
ар. (или жай баракат или жайбаракат) спокойно, в полное своё удовольствие; благодушно; в блаженстве; үйүндө ыракаты жоктун, талаада кош баракаты бар погов. кому дома покоя нет (напр. жена сварлива), тому в поле двойное блаженство; аны жай баракат, шашпай мээледи он нацелился в него спокойно, не спеша; баракатта жат- пребывать в покое, блаженствовать.
сырд. Кубаттоодо, мактоодо, ыраазы болууда же кекээрлеп какшыктоодо айтылат. —Баракелде, балам!— деди жашын кылгыртып унчукпай олтурган узун кара киши (Аалы). —Бах! Баракелде совет элинин күчүнө! — деди Жапар (Баялинов). Калпыңа баракелде! (Сыдыкбеков).
page setup (noun)
A group of settings that affect how a file is printed on the page. Includes paper size and orientation, page margins, headers and footers.
разг. то же, чтопароход. баракта- листать, перелистывать; дептер баракта-перелистывать тетрадь; окубасам да, барактап көрөйүн если читать не буду, то (хотя бы) полистаю.
Iэтиш. Барактарды биринин артынан бирин ачуу. [Сабыр] Динарчылап чалкалай олтуруп, китеп барактап калчу (Сыдыкбеков).
БАРАКТАIIэтиш. Барак-барак этип, буркан-шаркан түшүп кайноо.
Китептин, дептердин барагын, бетин ачуу. Китептерди жай барактап, жай коюп, Жазып жатат, жазып жатат, жадабайт (Токомбаев). Динар сүрөт издеген кишиче тез-тез барактады (Сыдыкбеков).
page header (noun)
One or more identifying lines printed at the top of a page. A header may contain a page number, a date, the author's name, and the document title, the name of chapter.
page footer (noun)
One or more lines of text in the bottom margin area of a page. A footer may contain elements such as the page number, the name of the file, or the date.
page break preview (noun)
A worksheet view that displays the areas to be printed and the locations of page breaks. The area to be printed is displayed in white, automatic page breaks appear as dashed lines, and manual page breaks appear as solid lines.
зат.1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитов алдыга өттү (Сыдыкбеков).
2. саяс. Көбунчө саясий мазмундагы кичине брошюра, китепче же барак кагаз.
♦ Күжүрмөнбаракча — мыкты иштегендердин жана начар иштегендердин күндөлүк ишин чагылдырып көрсөтүүчү дубал газетасынын бир түрү. Колхоздун баштапкы партиялык уюму.. күжүрмөн баракчаларды чыгарып турат («Коммунист»).
1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап Сеитова алдыга өттү (Сыдыкбеков). 2. Басмага басылган же кол жазма түрүндөгү көбүнчө өз учурунун жетилген саясий маселелерине арналган барак. Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга жашырып берип туруучу (Сасыкбаев). Андрей баракчалар таңгагын ортого таштады (Сасыкбаев).
1. зрелость, возмужалость; баралга кел- или баралга жет- быть в полной силе, достигнуть зрелости, достигнуть расцвета сил; баралына келбей өлдү он умер преждевременно; 2. возраст; ...баралында в возрасте...
1. Бойго жетип, күчү толуп турган мезгил, жетилип, толукшуп турган учур, эр жеткен кемел. Барамын мекенимди коргоо үчүн, Баралым толуп турган, колдо күчүм (Нуркамал). Окуунун кенчин ача бер, Келди мына баралың (Токобаев). Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың (Айтматов). 2. Курак, белгилүү бир жаш мезгили, кемел. Кенжебиз ушул Алымбек, Баралы быйыл он жашта (Токобаев).
(паранда) Канаттуу жан-жаныбарлар. Эпосто көбүнчө илбээсин, суу куштары, же майда канаттуулар маанисинде жолугат. Баранды бар, чаранды («Манас» С. О.).
(Ovis) койлор, кулжалар, аркарлар; бакма жана жапайы койлордун, кулжалардын уруусу, буларга кыйла түрлөр кирет: баран голубой (Pseudois nayaur) — когуш кой сымак, б. горный (самка) — аркар, б. горный (самец) — кулжа, б. гривистый (Ammotragus lervia) — жалдуу кулжа, б. домашний — к. Овца домашняя, б. закавказский (Ovis ammon gmelini) — сыйда мүйүз кулжа, б. круглорогий — к. б. түркмөнский; б.-пробник (домашний) — кочкорок; б. производитель (домашний) — кочкор, б. снежный (Ovis canadensis) — дуңгул мүйүз кулжа, б. түркмөнский (Ovis ammon cycloceros) — жумуру мүйүз кулжа, түркмөн кулжасы, б. Тянь-Шаньский — к. Архар тянь-шаньский, б. эльбурсский (Ovis ammon orientalis) — Эльбурс кулжасы.
бараң I ир. (в эпосе) пистонное ружьё (в отличие от кремнёвого и фитильного; встречается с различными определениями: ак бараң, көк бараң, кара бараң, сыр бараң - такие определения, видимо, объясняются внешней отделкой ружья); бараң эмес, милтелүү кара мылтык не пистонное, а простое фитильное ружьё; Алмамбеттин сыр бараң айдалыга илди эми фольк. блестящее ружьё (богатыря) Алмамбета он повесил за плечо. бараң II ир.уст. сорт лёгкой материи; бараңдан кылган көк чепкен фольк. из бараң'а сшитый синий чепкен (см.); кашгардын бараң чепкени плотная кустарная хлопчатобумажная ткань. бараң III таш бараң см.ташбараң. бараң IV парное күрүң, үрөң (см.үрүң) и к ирең (см.ирең II).
Iзат. эс. Милте менен эмес, пистон менен атылуучу эски мылтык.
БАРАҢII:үрөң-бараңжеирең-бараң — таң атып келаткан учур, көзгө нерселер элес-булас болуп көрүнгөн маал. Иреңбараң таң сөгүлгөн, Чолпон чогу төгүлгөн (Бөкөнбаев). Ала-Тоо көшүлүүдө. Аскалары үрөң-бараң тартып, каалгып үргүлөшөт (Сыдыкбеков).
БАРАҢ (арабча-иранча — ференг, паранги) — этноним. Орто кылымдарда мусулман чыгышында элдер европалыктарды ушундай аташкан (байыркы европалык этноним «франктын» өзгөртүлүп айтылышы). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган эпикалык эл катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас бараң каны Балтаматты жеңгени өзүнчө чакан эпизод катары сүрөттөлөт. «Көкөтөйдүн ашында» бараңдын канына да башка элдер менен катар кабар айтылат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынын «Семетей» бөлүмүндө Семетей менен араздашып, андан өч алууну ойлогон Чынкожо бараңдын каны Балтаматка жөө тентип барып, кызматын кылып, ишеничине кирип, алты жылдан кийин канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качканы айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында «маңдайында бараң бар, балталашчу душман далай бар» — делип кыргыздын жоосу катары эскерилет.
БАРАҢ (арабча-иранча — паранги, франки) — мылтыктын аты. Милте менен от алдырган сайлуу мылтыктын бир түрү. Эпосто Б. «ак бараң», «сыр бараң» формаларында да сыпатталат. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде түндүк Африкага, андан Алдыңкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерге — фаранги милтик, кыргыздарга — Б. формасында) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте урунган. Эпостогу «милтелерин чоктошуп, мылтыктарын октошуп» деп сүрөттөө милте коюп, дарысы, огу оозунан дүрмөттөлүп атылма Б. мылтык жөнүндө кабар берет. Б. «Манас» эпосунда башка жоо куралдары сыяктуу эле кеңири планда сүрөттөлөт. Азыр Б. мылтыгы музейлерде гана кездешет, к. Аккелте.
«Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат. Мылтык үчүн темирдин орточо жашыгы керектелет. Бирок, бараңдын түтүгүнүн (стволу) учуна төрт элидей ак курч темирден улап ширеткен. Дары тээп, окту чыгарып баратканда ошол ак курч темирге жеткенде музга тайгандай ок ого бетер катуу тебе чыгат. Атылган ок алыс учушу үчүн, ошентип, мылтыктын учун тарттыра жасайт. Бараңдын түтүк темиринин ичине оңдон-солго карай эки-үч айлантып, сай салат. Бул буралып, октун окторулуп алыс кетээрине шарт түзөт. Демек, адегенде темирди карышкарыш кертип, текши кетип, аларды жалпак чозуп алат. Мунун калың-жукасы бирдей келет. Катуу темирди төрт эли жумуру жасап, анын ийилбеши үчүн сугарып алат. Темирдин узун-кыскасына карай жалпак чозгон темирди шакекче кылып кызартып, ошол төрт эли темирге орнотот. Темирдин узун-кыскасына карай төрт эли темирден 8—9—Юго чейин жасап алат. Буларды көрүккө салып, бири-бирине улай кынтыксыз ширетет. Албетте, буга өтө таптуу чычырканактын жана арчанын көмүрү гана жарайт. Мунун ичин эки жаак тепме өгөөнү темир сүмбөнүн (мылтыктын темир түтүгүнүн сайын тазалай жана майлай турган курал) башына ороп алып, ичин түздөө үчүн, ушинтип тартат. Ичин биротоло жыпжылма кылышка кум сүргү тартылат. Оттук ташты, май ташты, чарык ташты, кайрак ташты таап алып, аларды аралаштыра майдалап, ага аз-аз айнек кошуп, торко электен өткөрөт. Муну колдон жасалган сары желим менен кездемеге «ичирет», ширетет. Табылгыдан, ыргайдан мылтыктын ичине кенен баткыдай сүмбө жасалат. Тигил кум сүргүнү ушунун быдырлуу башына ороп, анын ичине кум сүргү тартат. Мылтыктын ичине сүрүлүп-чийилип баткыдай үч кыр өгөө калыбында курч темирден сай салгыч жасап, мунун кырын анча-мынча тектир кылат. Тектирдин башын оңго-солго бир тарапты көздөй бурап коет. Эми он чакты кыска темир сүмбөдөй калтекче жасап, аны түтүкчөнүн ичине жеңил балка аркылуу бири-бирине куудуруп-шишкектетип уруп отурат. Түтүктүн башына чыкканда анын ичине кадимкидей сай түшүп калат. Анан эки ачакей темирден тепме сүмбөнүн (бүлөө ташты торко элекке элеп, желимге ичирип алуу) башына ороп, түтүктүн ичин бүлөгөндө ал жылтылдай түшөт. Ал жеңил жана бышык болгондуктан кызыл табылгыдан тандалат. «Келтенин огу кетпеген, Бараңдын огу батпаган» («Сейтек») — деп айтылат. Бараңдын кундагы, шыйрагы ыргай менен чыргайдан (ал көк жашыл келип, ыргайдан айырмаланат) жасалат. Мылтыктын башына оолан толгойт. Башы бурама келип, бир башын бурама аркылуу кундакка чебер бекитет. Ооландын жалына чүрпө салынат. Мунун түтүкчө тешигинин башына мистөөн бекийт. Ага туташ келип, жаак жатат да, бириктирген бараңдын балкасы орун алат. Алдында илгич болуп, аны шыкаалап тартканда балка мистөөндү чабат. Мистөөн от алып, дарыны күйгүзүп, ал окту айдап чыгат. Анан усталар чарык жип менен тактайга кадимки танап тарткандай түп-түз кароол жасайт.
милте менен от алдырып атылуучу эски кара мылтыктардын бир түрү. Айныбас мылтык ак бараң. («Манас» С. О.). Маңдайында бараң бар («Манас» С. К.). Арта салып бир ташка, Бараңды турду белендеп («Манас»). Асынган бараң мылтыктуу, Адам келди өргөөгө («Эл адабияты»).
Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). – Кагылайын Батийна, өзүм алсыз элем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков). В.: Барар жер, батар ийин жок. – Ненин акылы. Барар жер, батар ийин жок калды го, менде (Бейшеналиев). Барар жерим, батар ийиним жок («Ала-Тоо»).
Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). -Кагылайын Батийна, өзүм алсыз экем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков).
Зээндүүлүк, токтоолук. Мурдатан ишке урунбай. Акыры болбо арасат. Адебиңди бек сактап, Кылсаң болот парасат (Барпы). Баам, барасаты жок кишинин кылаары ошо да (өмүрбаев).