Киргизско-русский словарь Юдахина
чай I
чай;
кызыл чай
1) крепкий чай;
2) байховый чай;
кара чай байховый чай;
коюу чай крепкий чай;
таш чай или такта чай или сүмбө чай плиточный чай;
көк чай
1) зелёный чай;
2) материнка, душица (трава);
көк куйрук чай уст. зелёный чай;
бамил чай чёрный байховый (фамильный) чай;
ак куйрук чай уст. цейлонский чёрный чай;
кара каптал чай (в фольклоре) сорт чая;
ак чай
1) южн. зелёный чай;
2) шутл. водка;
алма чай фруктовый чай;
куурма чай горячий напиток, приготовляемый из молока с добавлением жареной на масле муки и настоя чая;
эткен чай (в местах близкой связи с уйгурами) чай, сваренный с молоком, солью и (часто) с перцем;
чай-чамек или чай-чамелек или чай-чамалек чаишко; чай и всякая подобная мелочь.
чай II
тря! (окрик, понуждающий стадо овец повернуть назад или остановиться);
чай-чайла- окрикивать овец.
чай- III
южн.
то же, что чал- II
1. чайда парное к майда;
майда-чайда мелочь, мелочишка;
майда-чайда жумуштар мелкие работы, кое-какие работы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген, буркураган жыты бар жалбырагы, иштетилип чыккан продуктысы. [Куржундун] бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев).
2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга Кант салган кара чай кызык (Токтогул).
3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл апаны чакырып чай берүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
чай I
м.
1. чай;
китайский чай кытай чай, кытай чайы;
цветочный чай гүл чайы;
зелёный чай көк чай;
кирпичный чай такта чай, таш чай, сүмбө чай;
крепкий чай коюу чай, коюу чыккан кызыл чай;
запарить чай чайды демдөө, чай салуу;
стакан чаю бир стакан чай;
2. (чаепитие) чай ичүү, чай убагы;
во время чая чай ичип жатканда, чай убактысында;
пригласить на чашку чая бир чыны чайга чакырып коюу, конокко чакыруу;
дать на чай уст. чайпул берүү.
чай II
частица прост.
(вероятно) балким, болгондо, болду-болбоду;
он, чай, проголодался ал, балким, ачка болгондур;
с дороги, чай, он устал ал, балким, жол жүрүп чарчагандыр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген жалбырагы, иштетилип чыккан өндүрүмү. Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). 2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга, Кант салган кара чай кызык (Токтогул). 3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл-апаны чакырып чай берүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бөйдөй-чайдай выражение, произносимое во время игр, когда многие нападают на одного с разных сторон;
бөйдөй-чайдай кыл-
1) (о многих) напасть на одного с разных сторон;
2) перен. довести до крайней степени возбуждения или растерянности.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в эпосе)
верхняя боевая одежда (в частности - богатыря Тоштюка);
чайиңги деген тон кийген, Чалкуйрук деген ат минген фольк. надел он боевую одежду, сел он на коня по кличке Чалкуйрук.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев).
2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап, Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). [Заматта] идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков).
3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин-бири кубалап келип.. кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буйгаларга бурулган (Тоголок Молдо).
4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады. (Бейшеналиев).
Жумуртка чайкап куш кылуу — тарбиялап чыгаруу, өстүрүү. Жумуртка чайкап куш кылган, Журтуңа тийсин керегиң (Бөкөнбаев). Жумуртка чайкап чоң кылган, Чубалай көрпө тон кылган («Эр Табылды»). Калк чайкоо — калктын тынчын алуу. Калабалуу канкорум, Калк чайкаган анткорум («Манас»). Кесир чайкоо — кесир кылуу, кесирленүү. Кел, дыйкандар, керилбейли, жатпайлы, Кесир чайкап, төкпөйлү да чачпайлы (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. качать, колебать;
баш чайка- качать головой (выражая отрицание, несогласие или удивление);
кудайдын кылган ишине баш чайкабай макул де фольк. на божье дело не качай головой, а согласись;
кымыз чайка- взбалтывать кумыс (чем больше взбалтывать кумыс, тем он становится лучше);
чайкаган кымыз хорошо приготовленный кумыс, хороший кумыс;
чайкаган кымыз таткандай (так приятно) будто попробовал хорошего кумыса;
уу чайка- подмешать (в питьё) яду;
бал чайка- подмешать (в питьё) мёду, сдобрить (питьё) мёдом;
бал чайкаган кымыз хороший кумыс, сдобренный мёдом;
сары казы, жал берип, кымызга чайкап, бал берип фольк. угостив жёлтым брюшным жиром и подгривным жиром, угостив кумысом, сдобренным мёдом;
2. полоскать, ополаскивать;
чөөгүн чайка- ополаскивать чайник;
кир чайка- полоскать или стирать бельё;
бал менен оозун чайкаган (о человеке) мудрый и обаятельный в речах (букв. кто рот свой мёдом полощет);
3. тех. промывать;
алтын чайка- промывать золото;
4. (точнее жумуртка чайка-) сидеть на яйцах, высиживать птенцов (переворачивая в гнезде яйца);
5. покрывать слоем чего-л., покрывать неровности;
калай чайка- лудить;
кыян арпанын кыйла жерин агызын, кыйла жерине кум чайкап калды паводок значительную часть (посева) ячменя смыл, значительную часть занёс песком;
борошо бороп, жолду ширенди чайкайт метёт метелица, и дорогу покрывает плотный снег;
кесир чайка- чваниться, привередничать;
акча чайка- пускать деньги в оборот (гл. обр. занимаясь спекуляцией);
алаканда чайка- обращаться с кем-л. как с пешкой; вертеть кем-л.; легко припереть кого-л. к стене (напр. в споре);
ариптешкен адамда алаканда чайкаган фольк. человека, который ступал в спор, он без труда припирал к стенке;
калк чайкаган
1) тот, кто руководит, повелевает народом;
2) тот, кто самоуправствует, кто вершит произвол над многими.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чайпалса аяк төгүлөр (макал). Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев). Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө (макал). 2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). Заматта идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков). 3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин бири кубалап келип кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буталарга бурулган (Тоголок Молдо). 4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Көп болсо чай кайнамча буйдалсак кырылмак экенбиз (Сыдыкбеков). Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү (Осмоналиев). Бал кымызын сабаларга ачыткан, Ичсең ичти чай кайнамда кызыткан (Осмонкул). В.: Чай кайнатым. Өрөөндүн ичиндеги кыштак менен почтонун аралыгы чай кайнатым алыстыкта (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Кааласаңыз мен «Манастан» чай кайнам дыр койдуруп жиберүүгө да даярмын (Бейшеналиев). Көп болсо чай кайнамча буйдалсак кырылмак экенбиз (Сыдыкбеков). Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чайкалуу I
и. д. от чайкал-
качание, колебание.
чайкалуу II
взболтанный (напр. о кумысе);
суусунуна чайкалуу кымыз менен сугартып стих. он поил (его) питьём - взболтанным (т.е. хорошим) кумысом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
в отриц. обороте:
чайканды келбей калды или чайканды болбой калды свободно поместилось;
анын курсагына бир кило эт чайканды болбойт для его брюха кило мяса - ничто;
жүз грамм менин оозума чайканды болбой калды сто граммов для меня - только облизнуться;
Суусамыр өрөөнүнүн жайлоосу эчен миндеген малды чайканды келтирбей батырып жатат летнее пастбище Сусамырской долины свободно вмещает тысячи голов скота.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чайка-
1. заставить качать, колебать;
2. заставить полоскать, заставить ополаскивать;
3. сажать (птицу) на яйца;
бүгүндөн калбай бастырып, эртең чайкатып, бүрсүгүнү жардырып, кырк балапаны менен тоокту менин астыма кайра жеткирсин (из сказки) пусть сегодня же посадит (курицу на яйца), чтобы завтра зародились (букв. чтобы курица начала переворачивать яйца), чтобы послезавтра проклюнулись, и пусть доставит мне курицу с сорока цыплятами.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от чайка-;
аттар баштарын чайкашты кони покачивали головами;
кээде күлүп, кээде башты чайкашат то они смеются, то (неодобрителъно) покачивают головой;
кантын салып, кызыл чайын чайкашат стих. положив сахару, они помешивают (вращая в руке пиалу) крепкий чай.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Lari Lariformes) чардактар; сууда сүзүп жүрүүчү, ичке тумшук куштардын бир түркүмү, булардын кыйла өкүлү белгилүү: чайка белая (Pagophila eburnea) — ак чардак, ч. большая — к. Бургомистр, ч. б. морская (Larus marinus) — деңиз ири чардагы, ч. б. полярная — к. Бургомистр, ч. буроголовая (L. brunnicephalus) — күрөң баш чардак, ч. вилохвостая (Хеmа sabini) — ача куйрук чардак, ч. китайская малая (Larus saundersi) — кытай кидик чардагы, ч. малая (L. minutus) — кидик чардак, ч. м. полярная (L. glaucoides) — уюл кидик чардагы, ч. обыкновенная (L. ridibundus) — кадимки чардак, ч. озерная — к. ч. обыкновенная, ч. розовая (Rhodostethia rosea) — мала кызыл чардак, ч. Серебристая (Larus argentatus) — күмүшчардак, ч. серокрылая (L. glaucescens) — көгүш канат чардак, ч. сизая (L. canus) — көк чардак, ч. средиземноморская — к. ч. черноголовая, ч. тихоокеанская морская (L. schistisagus) — Тынч океан чардагы, ч. тонкоклювая (L. genei) — ичке тумшук чардак, ч. трехпалая — үч шадылуу чардак, ч.-хохотунья — к. Хохотун черноголовый, ч. черноголовая (L. melanocephalus) — кара баш чардак, ч. чернохвостая (L. crassirostris) — кара куйрук чардак, чайки настоящие (Larinae) — накта чардактар (тукумча), чайковые (Laridae) — чардак сымалдуулар (тукум)  ж. у. с.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Толуп каптоо, жалпы каптоо; жапырт өсүү. Беде чабыктан
кийин кыйла чайлап калыптыр, күрпөңдөй тармал (Касымбеков). Арпа, буудай чайлаган, Дыйкандар алыш байлаган (Касымбеков).
2. Чарчоо, чаалыгып алсыздануу. Тулпар чарчап, чайлаган Жерге кабар айткамын («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. покрыть, заполнить;
көкүрөгүм чайлап калды мне грудь заложило;
ириң чайлап кетти (рану) сплошь заполнил гной;
эгин чайлап кетип, кем дан болуп калды посев очень загустился, зерна мало;
эгиндер өсүп чайлаган посевы буйно разрослись;
көз жашы тийген жерине карагат өңүп чайлаган фольк. куда попадали её слёзы, там буйно возрастала чёрная смородина;
отузга жашың чыкканда, отурткан гүлдөй чайлайсын стих. когда тебе (мужчина) исполнится тридцать лет, ты будешь бодр, как посаженный цветок;
жер чайла- покрыть землю;
жер чайлап, жаз болун калыптыр земля дружно покрылась зеленью (или всходами), и наступила весна;
кол салмакка душмандар келген экен, жер чайлап стих. враги, пришедшие чтобы напастъ, усеяли землю;
жол чайла- разведывать путь (гл. обр. двигаясь кому-л. навстречу);
2. обессилеть, изнемочь;
чайлап, үйүнө жетип кабар бере алышпай калдыбы? может быть, они, обессилев, не могли добраться до дома и сообщить?
кээ кезде төрт аяктап калдым чайлан стих. иногда я ног не мог передвигать от усталости;
уюм чайлап, төрт аягынан баспай (или жылбай) калды моя корова так исхудала, что ног переставлять не может.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толуп каптоо, жалпы каптоо, жапырт өсүү. Беде чабыктан кийин кыйла чайлап калыптыр, күрпөңдөй тармал (Касымбеков). Арпа, буудай чайлаган, Дыйкандар алыш байлаган (Касымбеков). 2. Чарчоо, чаалыгып алсыздануу. Тулпар чарчап, чайлаган, Жерге кабар айткамын («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
пить чай, чаёвничать;
чайын ичип чайланып, тамак ичип жайланып фольк. попив чаю, почаёвничав, поев пищи и успокоившись;
суусун канып, чайланып фольк. попив чаю и утолив жажду;
каап, чайланбай эле кеттинер! как жаль, что вы ушли, не попив чаю!

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. что-либо употребляемое как чай; количество чего-либо, достаточное для одного чаепития;
бир чайлык сүт количество молока на одно чаепитие;
чайлык суу вода для чая; немного воды (чтобы чай вскипятить);
2. небольшая сумма денег (которой хватит, чтобы толъко чаю попитъ);
чайлык бирдеме бересиңби? немного деньжонок дашь? (в виде подарка, чаевых).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Чайнаса балдай татыган, сүр эттен жардам беребиз (Осмонкул). Акжал жерди чапчып, ооздугун качырата чайнап, кермеде турат (Жантөшев).
2. Тиштегилеп эзип таштоо. Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
Эки чайнап бир жутуу — ары-бери, тез эле жок кылуу, жоготуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жевать;
тишиң барда таш чайна погов. пока есть зубы, камни жуй; ешь, пока живот свеж;
кулунду айгыр чайнады жеребец погрыз жерёбенка;
сени мен, эки чайнап, бир жутун коёмун с тобой я в два счёта разделаюсь (букв. два раза жевнув, один раз проглочу);
эки чайнап, бир бүркүп койбойт беле? разве он не разделался бы в два счёта? (букв. разве он, два раза жевнув, не выплюнул бы?);
каары келсе, бизди чайнабай жутат если он обозлится, так нас живьём проглотит;
тилин чайнап сүйлөйт он говорит шепеляво (букв. жуёт язык).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Чайнаса балдай татыган, сүр эттен жардам беребиз (Осмонкул). Акжал жерди чапчып, ооздугун качырата чайнап, кермеде турат (Жантөшев). 2. Тиштегилеп эзип таштоо. Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от чайна-
1. быть разжёвываемым, пережёвываемым; разжёвываться, пережёвываться;
2. перен. подвергаться превратностям жизни;
жер бетинде элдерден, көп чайналып, аз болду фольк. из народов, что были на земле, многие, испытав превратности, стали малыми.

Киргизско-русский словарь Юдахина
количество чего-либо, достаточное для разжёвывания;
бир чайнам нан кусочек хлеба;
эки чайнам нан келет, ар бир күнгө өлчөнүп фольк. два кусочка хлеба выделяется на каждый день;
бир чайнам сагыз количество жевательной серы, которое берётся в рот в один приём.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от чайна-
1. жевать (о многих);
ак буудай унун (или реже нанын) чайнашып (в эпосе) пожевав белой муки (или хлеба из белой муки - они этим дали друг другу клятву);
аттан түшүп, балбандар ак буудай нанын чайнашты, кылычтын мизин жалашып фольк. сойдя с коней, богатыри пожевали хлеба из пшеницы, полизали остриё меча;
убаданы бек кылып, ак буудай унун чайнашып фольк. твёрдо пообещав, они пожевали белой муки;
2. (о жеребцах или жеребцах-верблюдах) грызть друг друга, драться;
ач буурадай чайнашып, артык алыш кылды эле фольк. сцепившись, как разъярённые верблюжьи жеребцы, они устроили небывалую схватку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чай демдөө үчүн колдонулуучу, туткасы жана чоргосу бар көбүнчө фарфор идиш. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев). Эркекыз корго койгон ак чайнегин туткуч менен этияттап кармап алып, Жылдызкандын жанына коёт (Байтемиров).
2. Чай, суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы жана чоргосу бар көбүнчө металл идиш, чөөгүн. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чай демдөө үчүн колдонулуучу, туткасы жана чоргосу бар көбүнчө фарфор идиш. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев). Эркекыз корго койгон ак чайнегин туткуч менен этияттап кармап алып, Жылдызкандын жанына коёт (Байтемиров). 2. Чай, суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы жана чоргосу бар көбүнчө металл идиш, чөөгүн. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от чайна-
жевание;
тиш барда таш чайноо керек, тиш түшкөндө аш чайналмак эмес погов. пока есть зубы, можно (букв. нужно) камни жевать, когда же зубы вьпадут, то и пища не разжуётся;
чылбыр чайноо кыл- то же, что чылбыр чайна- (см. чылбыр).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
чай-га т.;
чайная плантация чай плантациясы;
чайный магазин чай магазини;
чайная ложка чай кашык, бал кашык;
чайный сервиз чай сервизи (чай ичүүгө керектүү болгон идиш-аяктын тобу);
чайнаяроза чай розасы (роза гүлүнүн бир түрү);
через час по чайной ложке погов. аз-аздан, өтө жай.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Термелүү, ары-бери теңселте козгоо. Пароход чайпап, термеп келе жатты, Баягы байкуш энем бешигиндей (Бөкөнбаев). Алдындагы атакталган жоргосу, Чал көңүлүн алаксытып чайпады (Токомбаев).
2. Жайпоо. Чайпай берип кум ширеп, Толкуса жарга урунуп (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
всплескивать; колыхать;
пароход чайпап, термеп келе жатты баягы байкуш энем бешигиндей стих. колыхая и качая, как когда-то моя бедная мать мою колыбель, идёт (сюда) пароход.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Термелүү, ары-бери теңселте козгоо. Кеме чайпап, термеп келе жатты, Баягы байкуш энем бешигиндей (Бөкөнбаев). Мен укпаган үндөр менен чайпалды, Мен билбеген тилдер менен сүйлөдү (Акматалиев). Алдындагы атак алган жоргосу, Чал көңүлүн алаксытып чайпады (Токомбаев). 2. Жайпоо. Чайпай берип кум шилеп, Толкуса жарга урунуп (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от чайпа-
1. всплескиваться; колыхаться, колебаться;
чарбабыз эки-үч жылдан бери чайпалып кетти хозяйство за (последние) два-три года пришло в упадок (букв. заколебалось);
2. перен. важно и плавно переваливаться;
арымын араң шилтеп, ак каздан бетер чайпалат стих. (чванливый) едва переступая, переваливается подобно белому гусю;
бирде сен боз жоргодой чайпаласың, бирде сен закым болуп байкаласың стих. то ты плавно бежишь, как иноходец, то являешься, будто мираж.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чайпал-
всплескивать; колыхать, колебать;
чайпалтып төкпөс үчүн чтобы не расплескать и не пролить;
чайпалтып жорго менен, түштү жолго стих. пустив плавно иноходца, он отправился в путь.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от чайпал-;
дөбөдө чайпалышкан кош терек азыр да көз алдымда и сейчас перед моими глазами два колышущихся тополя на холме;
иш чайпалышып калды дело идёт кое-как; дело ни с места, ни туда и ни сюда.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө жол каражат кылып кетиш үчүн же керегиңе жаратып ал деген мааниде сый катары тартууланган акча. Бул сиздин чай пулуңуз, – деп кичинекей оролгон нерсени сунду («Ала-Тоо»). 2. Көрсөткөн кызматы үчүн далдалчыга, тейлөөчүгө, жалчыга ж. б. берилүүчү сый, акча.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Бирөөнүн курал шайманы менен анын жеринде жумушун иштеп берип, түшүмдүн бир бөлүгүн алуучу адам. Сарыбай өзүнүн чайрыкерлерин жана башка кызматкерлерин кош айдалуучу жерлерге бөлүштүрдү (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. тар. Бирөөнүн курал шайманы менен анын жеринде жумушун иштеп берип, түшүмдүн бир бөлүгүн алуучу адам. Сарыбай өзүнүн чайрыкерлерин жана башка кызматкерлерин кош айдалуучу жерлерге бөлүштүрдү (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир аз, 3–4 мүнөттүк убакыт. Мейман бөлмөсүндө үчөө чай ууртамга тунжураша тынчтыкка муюшту (Бейшеналиев). Сагынышкан эки ынак адамдын дидарлашар маалы чай ууртам, көз ирмем закымга кыскарып тездөөдө («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. тар. Чай кайнатып, чай берүү жагын тейлөөчү киши. Мен кыздын чайчысы болуп калдым (Аалы).
2. Чайчыл, чайкор. Сузак чайканасы демейдегидей кыжы-кыйма, чайчылар чарпаяларга шыкалып калган («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жуу, чайкоо. Мамбеткул пиязды туурап бүтүп, колун чайып, бүкүрөйгөн манжаларын салаалаштырып койду (Абдумомунов).
2. өт. Жылмалоо, жымсалдоо, таза кылып көрсөтүүгө аракет кылуу. Уятын жууп чаюуга, Актанып дагы сайрады (Жантөшев).
Жаш чаюу — көзүнө жаш алуу, жаш каптоо. [Назгүл] карагат көзүн жаш чайып турса да, күлүмсүрөп тиктеди (Бейшеналиев). [Динардын] көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайыды (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. полоскать, ополаскивать;
бетин чайыбай ишке келген он пришёл на работу не умывшись;
бети-башыңды чайып ал сполосни себе лицо, умойся;
көз жашы менен көкүрөгүн чайып олтурушат они сидят, омывая груди свои слезами;
көкүрөгүн жаш чайып, ыйлай берди она плакала и плакала, омывая грудь свою слезами;
2. южн. забалтывать;
талкан кылып, айранга чайып приготовив толокно, заболтав в айране (см. айран II);
жууп-чайыба не увиливай; зубы не заговаривай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жуу, чайкоо. Мамбеткул пиязды туурап бүтүп, колун чайып, бүкүрөйгөн манжаларын салаалаштырып койду (Абдумомунов). 2. өт. Жылмалоо, жымсалдоо, таза кылып көрсөтүүгө аракет кылуу. Уятын жууп-чаюуга, Актанып дагы сайрады (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. свежая (только что вытекшая) еловая смола (ср. дабыркай), древесный клей;
2. камедь;
кеме чайыр дягиль высокогорный (растение);
чайыр чөп ферула высокогорная (растение);
ак чайыр, кара чайыр, гүлжан чабыр названия растений;
ак чайыр южн. название лекарственного растения употребляемого в народной медицине от простуды;
кайырга чайыр злом за добро;
кайыры чайыр болду он получил чёрную неблагодарность;
кайырды чайыр кылган неблагодарный; ответивший чёрной неблагодарностью;
чайырларды басып өт- испытывать, переносить крайние, мучительные трудности и лишения;
оор күрөштөрдүн өлүмгө тете чайырларын басып өттү он испытал страшнейшие трудности тяжёлой борьбы, равносильные смерти.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Карагайдан, өрүктөн ж. б. кээ бир жыгачтардан чыгып туруучу илээшкен, жабышкак зат, желим, дабыркай. Өрүктүн чайырыдыр деп ал [Кален] капарына алган жок («Жаш ленинчи»). Арчанын майда күкүмү чатырап,.. чайыр жытын бурады (Абдукаримов).
Кайырды чайыр кылуу — жакшылыкты жамандык менен жокко чыгаруу, жакшылыктын аягын жамандыкка айландырып жиберүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
смазывать или натирать смолой, натирать канифолью, канифолить;
Атай, кыягынын кылын чабырдай олтуруп, сөз баштады Атай, наканифоливая струны своего кияка (см. кыяк II), начал говорить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Карагайдан, өрүктөн ж. б. кээ бир жыгачтардан чыгып туруучу илээшкен, жабышкак зат. Өрүктүн чайырыдыр деп Кален капарына алган жок. Арчанын майда күкүмү чатырап, чайыр жытын бурады (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: асман чайыттай ачык небо совершенно чистое, ясное;
уйкусу (или көзү) чайыттай ачылды он совсем проснулся; он приободрился;
көңүлүн чайыттай ачты он очень повеселел;
жаңы эле кар кетери менен чайытын ачкан өсүмдүк трава, пробившаяся сразу, как только сошёл снег.