чайыр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Карагайдан, өрүктөн ж. б. кээ бир жыгачтардан чыгып туруучу илээшкен, жабышкак зат, желим, дабыркай. Өрүктүн чайырыдыр деп ал [Кален] капарына алган жок («Жаш ленинчи»). Арчанын майда күкүмү чатырап,.. чайыр жытын бурады (Абдукаримов).
♦Кайырды чайыр кылуу — жакшылыкты жамандык менен жокко чыгаруу, жакшылыктын аягын жамандыкка айландырып жиберүү.
♦Кайырды чайыр кылуу — жакшылыкты жамандык менен жокко чыгаруу, жакшылыктын аягын жамандыкка айландырып жиберүү.