Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Көп болсо чай кайнамча буйдалсак кырылмак экенбиз (Сыдыкбеков). Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү (Осмоналиев). Бал кымызын сабаларга ачыткан, Ичсең ичти чай кайнамда кызыткан (Осмонкул). В.: Чай кайнатым. Өрөөндүн ичиндеги кыштак менен почтонун аралыгы чай кайнатым алыстыкта (Жусупов).