ЧАЙКА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чайпалса аяк төгүлөр (макал). Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев). Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө (макал). 2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). Заматта идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков). 3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин бири кубалап келип кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буталарга бурулган (Тоголок Молдо). 4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады (Бейшеналиев).