Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген жалбырагы, иштетилип чыккан өндүрүмү. Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). 2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга, Кант салган кара чай кызык (Токтогул). 3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл-апаны чакырып чай берүү.