чайка
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев).
2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап, Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). [Заматта] идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков).
3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин-бири кубалап келип.. кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буйгаларга бурулган (Тоголок Молдо).
4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады. (Бейшеналиев).
♦Жумуртка чайкап куш кылуу — тарбиялап чыгаруу, өстүрүү. Жумуртка чайкап куш кылган, Журтуңа тийсин керегиң (Бөкөнбаев). Жумуртка чайкап чоң кылган, Чубалай көрпө тон кылган («Эр Табылды»). Калк чайкоо — калктын тынчын алуу. Калабалуу канкорум, Калк чайкаган анткорум («Манас»). Кесир чайкоо — кесир кылуу, кесирленүү. Кел, дыйкандар, керилбейли, жатпайлы, Кесир чайкап, төкпөйлү да чачпайлы (Осмонкул).