ЧАЙНА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Чайнаса балдай татыган, сүр эттен жардам беребиз (Осмонкул). Акжал жерди чапчып, ооздугун качырата чайнап, кермеде турат (Жантөшев). 2. Тиштегилеп эзип таштоо. Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).