Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген, буркураган жыты бар жалбырагы, иштетилип чыккан продуктысы. [Куржундун] бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев).
2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга Кант салган кара чай кызык (Токтогул).
3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл апаны чакырып чай берүү.