Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Термелүү, ары-бери теңселте козгоо. Кеме чайпап, термеп келе жатты, Баягы байкуш энем бешигиндей (Бөкөнбаев). Мен укпаган үндөр менен чайпалды, Мен билбеген тилдер менен сүйлөдү (Акматалиев). Алдындагы атак алган жоргосу, Чал көңүлүн алаксытып чайпады (Токомбаев). 2. Жайпоо. Чайпай берип кум шилеп, Толкуса жарга урунуп (Турусбеков).