кулак I 1. ухо; оң кулак правое ухо; он кулагың он уксун фольк. пусть правое ухо твоё десять раз услышит (твёрдо запомни и усвой себе); бөрү кулак 1) стоячие уши (у коня); 2) (конь) со стоячими ушами; ай кулак или шам кулак 1) прямо стоящие тонкие уши (у коня); 2) (конь) с тонкими ушами; шала кулак лопоухий (конь); калкан кулак имеющий большие и оттопыренные уши; боорсок кулак короткое ухо; короткоухий; сак кулак ит чуткая собака; кулактан чой- драть за уши; кулак теш- этн. проколоть мочку уха (девочке для серёжки; девочку обычно водили к зажиточному или влиятельному одноаульцу, который, проколов ухо, одаривал девочку); кулак тештир- этн. просить кого-л. проколоть ухо; 2. колок струнного инструмента; комузунун кулагын толгоп жатып подкручивая колок своего комуза; 3. ушко (котла в виде выступа); ручка (напр. кастрюли); дужка (напр. ведра); кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө погов. куда бы ты ни пошёл, везде у (обычного) котла четыре ушка; кырк кулак казан бар экен фольк. (эпическая гипербола) есть котёл о сорока ушках; кош кулак тяньш. кастрюля с двумя ушками; чаканын кулагы дужка ведра; 4. полка (кремневого ружья); куржун көзү дарыны кулагыңа куйдурган фольк. он велел засыпать на полку (ружья) полный курджун пороха; кулак оту зажжённый фитиль (для фитильного ружья); узун сүмбө өткөрүп, кулак отун салды эми фольк. протолкнув (пыж) длинным шомполом, он поднёс зажжённый фитиль; жети мылтык тең дүрмөттөлүү, кулактары тартылган все семь ружей заряжены, курки взведены; 5. щёчки железки стрелы; алтын кулак сыр жебе фольк. гладкая железка с золотыми щёчками; кулак угуп, көз көрбөгөн невиданное и неслыханное (о чём-л. ужасном или удивительном); кулак укпас, көз көрбөс жакка айдоо загнать куда Макар телят не гонял; кулакка ил- или кулак кой- или кулак сал- слушаться; кулагына илген жок он не послушался; сөзүнө кулак салбай не вняв его словам; кулагына да илбейт он и ухом не ведёт; төкпөй-чачпай, сөзүмдү кулагыңа сала кет! фольк. все слова мои до одного ты крепко запомни!; кулагына салып кой- замолвить словечко (перед ним); сөзүмө кулак койбойт 1) он меня не слушает; 2) он меня не слушается; кулак түр- внимательно прилушиваться, навострить уши; кулагымды кесип берейин я голову дам на отсечение (букв. я ухо своё отрежу); кулагыңды кессең да хоть лопни (а сделай, найди, отдай и т.п.); кулак-мурдумду кесип берейинби? хоть убей! (у меня нет, я не могу и т.п.); кулак-мурдумду кессем да, берем в лепёшку расшибусь, а отдам (долг); көзү ачылып, кулагы узарды он прозрел и стал больше понимать; кулактын курчун кандыр- наслушаться всласть; с большим удовольствием послушать; кулактан үрк- испытывать беспричинный панический страх (под влиянием слухов, разговоров); ач кулактан тынч кулак! да ну его! (лучше с этим делом не связываться, спокойнее будет); кулак боо гуж; каптын кулагы ушки, пришиваемые с двух сторон верхней части мешка; каптын кулагынан арпа алып келди он принёс полный мешок ячменя; тегирмендин кулагы железная стрига в жёрнове (служащая для поднимания и опускания его, когда требуется сделать помол более крупным или более мелким); сур кулак (о коне) вполне готовый к скачкам, не имеющий никаких недостатков; кызыл кулак перекупщик, спекулянт; сквалыга, выжига; кызыл кулактык отвл. откызыл кулак; кулагы узун человек, осведомлённый о всём происходящем; человек, крепко сохраняющий в памяти всё слышанное о происходящих событиях; узун кулак 1) то же, что кулагы узун; узун кулак кары айтат, уккандардын баары айтат стих. (так) все осведомлённые старики, все слышавшие говорят; 2) вести на основании слухов; ак кулак (неправ. аккулак) женщина (в отличие от девушки; в старом быту у женщины уши и щёки прикрывались белым платком, а девушка носила шапку); чой кулак талас. название детской игры (штраф: проигравшего треплют за уши); чоюн-кулак миф.то же, чтотажаал 1 (он явится в мир на сером осле с колокольчиком); козу кулак щавель малый; ат кулак щавель конский; аюу кулак коровяк (растение); күндүн кулагы радуга; кара кулак или кара кулак шер лев; кулун кара кулак болгон кез время, когда жеребята-сосунки жиреют; середина лета; кара кулак жамбы см.жамбы; кулагына кум куйгандай как глухой; ему как об стенку горох; кулакка куй- растолковать и втолковать так, чтобы не забыл; обонун кулагыма куюп алдым я твёрдо запомнил его мелодию; кулагына кумдай куйдум эле, унутуп калыптыр я ему растолковал и крепко наказал помнить, а он забыл; куйма кулак (о человеке) памятливый (раз слышанное никогда не забывает); акма кулак забывчивый, беспамятный; куйма кулакка айтсаң, куюп алат, акма кулакка айтсаң, агып кетет скажи понятливому - он усвоит, скажи беспамятному - он забудет; таш кулак или кум кулак или тоң кулак 1) тугой на ухо; 2) неслух; кулагына кан куюлуп кетти у него кровоизлияние в мозг; кулагынан күн көрүнүп калды он сильно исхудал; он отощал, от него остались кожа да кости; кулак түпкө бир кой- дать по уху; кулак учунда угулат чуть слышно; ал кулагына чейин кызарды он покраснел до ушей; кулагым чалып калды я краем уха слышал; кулак уялат срам слушать; кулакты жеп, кыйкырып атат он так орёт, что (у слышащих) уши трещат; кулагым сизде я вас слушаю; ырдай бер, Жамила, кулак сенде пой, пой, Джамиля, мы тебя слушаем; кулактын сыртынан кетти или кулактын сырты менен кетти прошло мимо ушей; айткан сөз кулагынын сыртынан кетет то, что говорят, у него проходит мимо ушей; кулактын сыртынан кетир- пропустить мимо ушей; бир кулак каккан жок он будто и не слышал, он и ухом не повёл; кулак какты кыл- напомнить в виде предупреждения; эки мертебе кулак как- рел. дважды произнести формулу "алло акибар (аллах велик) "; кулак кагыш кыл- постепенно подготовить (напр. к неприятному известию); бир жыл бою менде кулак жок болду мне целый год жужжали в уши, так что (я уже) перестал слушать; кулагын кызартып эле басып жүрөт 1) он бродит в поисках "гешефта" (о торговце); 2) он бродит в поисках дарового угощения (о любителе поесть за чужой счёт); марал кулак чемерица; чүчү кулак см.чүчү I. кулак II 1. разветвление арыка; 2. уст. единица меры проточной воды (около 100 литров в секунду; термин употреблялся до коллективизации сельского хозяйства и в первые годы после неё); кулак байла- (точнее арыктын кулагын байла-) пускать воду на полив; күнүмдүктү ойлобой, кулак байлап, жер жибит фольк. пуская воду, не думай о преходящем, увлажняй землю (т.е. займись земледелием); ала-була сугарбай, мыктап байла кулакты фольк. поливай (посев) не кое-как, пускай воду как следует; 3. холостой (запасный) мельничный жёлоб. кулак III полит. кулак; кулактар собир. кулаки, кулачество; кулакка тарт- раскулачивать.
Iзат.1. Адамдын, жаныбарлардын угуу мүчөсү. Кебек карыя тумагын баса кийип, үшүгөн кулактарын кашыды (Байтемиров). Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).
2. Нерсенин кармоо, же бурап, ар түрдүү абалга келтирүү үчүн жасалган атайын бөлүкчөсү. Казандын кулагы. Комуздун кулагы. Каптын кулагы. ¨ Аткулакк.атI. Козукулакк.козуI. Ачкулактан, тынчкулак — эч нерсе менен иши жок, көрдүм, билдим дебей, эч нерсеге катышпай, айтпай коюучулук. Узункулак —уганаак, тез уга коймо, көбүрөөк кабардар. Кызылкулак — к.кызыл.
КУЛАКIIзат.1. Суу жаюу, жыгуу үчүн арыкка туурасынан тосулган бөгөт. Арыктын кулагын байлап, суу сугаруу. Суу кулакты жырып кетти. 2. Арыктагы суунун чени, өлчөмү, көлөмү. Эки кулак суу. КУЛАКIIIзат. Батрактарды, кедейлерди эзген жеке менчиктүү бай дыйкан. Ошол айылда Түлөберди деген кулак бар эле (Байтемиров).
¨ Кулаккатартуу — кулактарды тап катарында жоюу максаты менен аларды жеринен жана өндүрүш каражаттарынан ажыратуу.
кулак I м. муштум, жудурук; грозить кулаком муштум көрсөтүү; смеяться в кулак ичинен күлүү. кулак II м. (богатый крестьянин-эксплуататор) кулак (жалданма эмгекти эксплуатациялоочу, башкалардын эмгегинен пайдалануучу, эмгекчилерди эзүүчү бай дыйкан). кулак III м.тех. кулак (түрдүү механизмдердеги уркуйган тетик; ал механизмдин башка бөлүктөрүн кыймылга келтирүү милдетин аткарат).
Угуу органын билдирген кулак да ук сөзүнөн келип чыгат. Ук этишине зат атооч жасоочу -ул мүчөсү жалганып, укул сөзү жасалган. Ага дагы -ак уланып, укулак түрүнө келген. Кийин сөздүн башындагы у тыбышы түшүп калып, кулак болуп өзгөрүп, азыркыдай абалына келген. Кулак түрүнө келиши менен анын ук этиши менен байланышы жок өңдөнүп калган. Ал чындыгында «угуучу (орган)» дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат.
к. КУЛАК САЛУУ
Кыз атасы кулак бурду, Айта бергин дегендей (Осмонкул). Алмамбет көзүнүн көнчөгүн салаңдатып, Бекназар жакка кулак буруп, жооп күтүп көшөрдү (Касымбеков).
Бир нерседен кабардар болуу, байкай жүрүү, биле жүрүү. Силер да жоголгон атка кулакдар боло жүргүлө («Ала-Тоо»). Эмимындан ары силер да сак болгула, кулакдар боло жүргөн жакшы («Ленинчил жаш»).
Бир нерседен кабардар болуу, байкай жүрүү, биле жүрүү. Силер да жоголгон атка кулакдар боло жүргүлө («Ала-Тоо»). Эми мындан ары силер да сак болгула, кулакдар боло жүргөн жакшы.
Укса да укмаксан болуп, унчукпай коюу, сеники туура дегенсип сөзгө аралашпай, жооп кайтарбай угуп отура берүү. Езеф мындайда «эми айтчуңду айт» дегендей кулак жапырып, башын шылкыйтып отура берчү (Ашымбаев). Деги мейли, туруп берейин, -деп Акиянын жемесине кулак жапырды (Сыдыкбеков). Удайчы үн бере албады, шалдырап атына араң минди да кулак жапырып, атын бат-бат желдирип жөнөй берди (Касымбеков).
Угуп жатса да укмаксан болуп унчукпай, көңүл бөлбөй, жооп кайтарбай отура берүү, мейлиге салуу. Акиянын жемесине Чаргын кулакты жапырды (Сыдыкбеков). Кулакты жапырып, тили жок дудук болдум да калдым (Элебаев). Элдин бардыгы бул сөзгө кулак жапырып тим болушту (Жантөшев). Ниязкул кайрылган жок, кулакты жапырып улам нарылап кете берди (Абдумомунов). Деги мейли, туруп берейин, – деп Акиянын жемесине кулак жапырды (Сыдыкбеков). Удайчы үн бере албады, шалдырап атына араң минди да кулак жапырып, атын бат-бат желдирип жөнөй берди (Касымбеков). В.: Кулагын жапыруу. Байкуш атам кулагын жапырып башка бөлмөгө чыга каччу (Борбуев).
1. Адамдардын, жаныбарлардын угуу мүчөсү. Чынбы кулак укканы, Ата деген үнүңдү (Бөкөнбаев). Күркүрөп жаткан дайранын, Кулагың тунат шарына (Бөкөнбаев). || Угуу сезими, бир нерсенин дабышын сезүү, кабыл алуу мүмкүндүгү. Айткан сөздү угузбай, Кулакты алды карылык (Токтогул). 2. Баштын угуу органы орношкон жериндеги кемирчектүү калканчы. Кулагын кылыч шыпырып, Молойгондор дагы бар («Манас»). Кебек карыя үшүгөн кулактарын кашыды (Байтемиров). Кыйгач кулак жээрде ат, Кызыктырат адамды (Осмонкул). 3. Тумактын кулакчыны. Базарбек экөөбүз түлкү тумактарыбыздын кулагын түшүрүп алганбыз (Каимов). Чотурдун тумагынын кулактары делдектеп баратат (Касымбеков). 4. Нерсенин кармоо, көтөрүү үчүн атайын жасалган бөлүкчөсү. Казандын кулагы. Каптын кулагы. 5. Кылдуу музыкалык аспаптардын кылын бурап, чертилүүчү күүгө ылайыктоочу тетиги. Комуздун кулагы. Кыл кыяктын кулагы. 6. аңч. Кара мылтыктын дары куйган жери. || Кара мылтыктын от алдыруучу кулагы.
1. Суу жаюу, жыгуу үчүн арыкка туурасынан тосулган бөгөт, байлоо. Суу жайып жаткан Байгазы жаңы кулак ачып коюп, Абылга кыйкырды (Осмоналиев). Күчүң барда иштеп көн... Кулак байлап, жер жибит (Токтогул). 2. Арыктагы же жалпы эле сугатка керектелүүчү суунун чени, өлчөмү, көлөмү. Эки кулак суу.
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө алдын ала айтып көндүрө берүү, каңкуулап эскертип коюу. Бийдин кулак кагыш кылганы ушул эле (Каимов). Байбиче келинине кулак кагыш кылды - Күн чыкканга калбай туруп жүр балам (Каимов). Аялы меймандын жөнүн бүгүн да кулак кагыш кылды (Укаев).
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө алдын ала айтып көндүрө берүү, каңкуулап эскертип коюу. Бийдин кулак кагыш кылганы ушул эле (Каимов). Байбиче келинине кулак кагыш кылды: – Күн чыкканга калбай туруп жүр балам (Каимов). Аялы меймандын жөнүн бүгүн да кулак кагыш кылды (Укаев). В.: Кулак какты кылуу. Бирок бир сөздү унутпаңыз... Ошону сөзсүз айтып коюуңуз деп, кулак какты кылды Сабырбек (Абдыраманов).
Ууру, кески, кээде каракчы. – Кулак кайчы бурут көп («Манас» С. О.). Анда калтаң кеп айтат, Камыкпа каным деп айтат. Кулак кайчы буруттур, Көбөйүп кетти дейсиңби, Көк теңир аны уруптур («Манас»).
КУЛАККАЙЧЫ (калмакча — ууру). Сагымбай Орозбаков вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушу жөнүндөгү баянда Оргонун дөөтайы Калтаңдын кыргыздарга карата айтканында эскерилет:
Анда Калтаң кеп айтат,
Камыкпа каным деп айтат.
Кулаккайчы буруттур,
Көбөйүп кетти дейсизби
Көк теңир аны уруптур (Сагымбай Орозбаков, 2. 77),
— деп кыргыздарга душманы кемсинткен түрдө айтат.
Укмаксанга салуу, уккусу келбөө, тоготпоо. Эл арасында күбүр-шыбыр нааразылык чыгат. Бригадир ага кулак какпайт, назар салбайт («Чалкан»). Кызып алган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров). Андай акарат кептерге Бостон кулак какчу эмес («Советтик Кыргызстан»).
Укмаксанга салуу, уккусу келбөө, тоготпоо. Эл арасында күбүр-шыбыр нааразылык чыгат. Бригадир ага кулак какпайт, назар салбайт («Чалкан»). Кызып алган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров). Андай акарат кептерге Бостон кулак какчу эмес («Советтик Кыргызстан»). В.: Кулак салбоо. Анын кебине кулак салбагансып, молдо шарыят жолун туюндурду (Сыдыкбеков).
тар. Совет бийлиги 20-жылдардын ичинде жеке менчик чарбанын бардык түрүнө чектөө саясатын жүргүзгөн, 1929-ж. 27-декабрынан «Кулактарды тап катары жоюу» жарыялангандан кийин Кыргызстандагы оокаттуу дыйкандарга кирген кулактарга массалык репрессия башталган. 1929-ж. Салык эсеби боюнча Кыргызстандын аймагында жалпы дыйкан чарбалардын 1,8% ин гана түзгөн кулак чарбасы болсо, жергиликтүү бийлик органдары фактыларды бурмалашып, дыйкандардын 10%ин кулакка тартышкан. Натыйжада, орто дыйкандардын көпчүлүгү, айрым учурда кедей дыйкандар да кулакка тартылган. Кулакка тартылгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, экинчи бөлүгү алыскы аймактарга кубаланган. Аңгыча элди ачарчылык каптады. Анын алдында эгин топтоп, мал күткөн чарбачыл кишилердин баарын кулакка тартып, айдап кетишти (Айтматов).
к. КУЛАК-МУРУН КЕСКЕНДЕЙ
Айлана кулак кескендей кереңине тартып, кызды зериктирип жибергендей сезилди (Ашымбаев). Шуу-шуу өткөн жолдун желдин шоокумунан башка дабыш жок, кулак кескендей (Касымбеков).
Тып-тынч, жым-жырт, эч доошсуз. Те коргондун этек жагынан сүтак сайрап, кайра бир убакта ал дагы магдырап үргүлөп, түн түбүнө чөгүп, кулак-мурун кескендей жымжырт (Касымбеков). Поезд өтпөй калган ара-чолодо талаа бети кулак-мурун кескендей,көчкү жүрүпкеткендей ың-жың тунжурап турат (Айтматов).
Тыптынч, жымжырт, эч доошсуз. Те коргондун этек жагынан сүтак сайрап, кайра бир убакта ал дагы магдырап үргүлөп, түн түбүнө чөгүп, кулак-мурун кескендей жымжырт (Касымбеков). Поезд өтпөй калган ара-чолодо талаа бети кулак-мурун кескендей, көчкү жүрүп кеткендей ың-жың тунжурап турат (Айтматов). Сүйлөшүп отургулачы, болбосо кулак-мурунду кескендей болуп калат экен (Абдукаримов). В.: Кулак кескендей. Айлана кулак кескендей кереңине тартып, кызды зериктирип жибергендей сезилди (Ашымбаев). Шуу-шуу өткөн жолбун желдин шоокумунан башка дабыш жок, кулак кескендей (Касымбеков). Үйдө эч ким жок, үйдүн ичи кулак кескендей тынч («Чалкан»).
к. КУЛАК-МЭЭСИН ЖЕЙТ
«Ата-энеси таштап кеткен немени мага кереги канчалык экен! Башка түйшүгүм да аз эмес», деп таенеси таятасынын кулак-мээсин алат (Айтматов). Ал үйгө кирди дегиче экөө эки жагынан кулак-мээсин алышчу («Кыргызстан маданиягы»).
Кайра-кайра айта берип же жагымсыз дабыш салып тынчын алуу, тажатуу. Кален деп менин атымды укканда эле кызынын кулак-мээсин жейт экен (Акматов). Үйүнө кирип-чыгып күңкүлдөп, аялынын кулак-мээсин жейт («Ала-Тоо»). Калың тобу менен бүгүн кечке чуулдай берип, бир жакка учуп да кетпей кулак-мээни жеп жатты (Айтматов). В.:Кулак-мээсин алуу. «Ата-энеси таштап кеткен неменин мага кереги канчалык экен! Башка түйшүгүм да аз эмес», деп таенеси таятасынын кулак-мээсин алат (Айтматов). Ал үйгө кирди дегиче экөө эки жагынан кулак-мээсин алышчу («Кыргызстан маданияты»).
Кайра-кайра айта берип же жагымсыз дабыш салып тынчын алмай, тажатмай, тынчтыксыз. Кален деп менин атымды укканда эле кызынын кулак-мээсин жейт экен (Акматов). Үйүнө кирип-чыгып куңкүлдөп, аялынын кулак-мээсин жейт. («Ала-Тоо»). Калың тобу менен бүгүн кечке чуулдай берип, бир жакка учуп да кетпей кулак-мээни жеп жатты (Айтматов).
Кепке көңүл бөлүү, көңүлдөнүп угуу, кунт коюп угуу, тыңшоо. Оо, балам, Калык, тилимди ал, Акыл айтам, кулак сал (Токтогул). Кыял жоруктары, кылган иштери экөөбүздүкүндөй экен Бексултан, – деди, ишенбесең кулак сал, мен окуюн («Чалкан»). В.: Кулак төшөө. Байымбет заңкылдап боздогон жесирдин ыйына кулагын төшөп, жашыл бетегеси жапырылган жапсарга кыңкайды (Бейшеналиев). «Азыр токой ичи абдан коркунучтуу го?» – деп ойлоду бала сырттагы тынымсыз доошко кулак төшөп жатып (Айтматов). Кулак буруу. Кыз атасы кулак бурду, Айта бергин дегендей (Осмонкул). Алмамбет көзүнүн көнчөгүн салаңдатып, Бекназар жакка кулак буруп, жооп күтүп көшөрдү (Касымбеков).
Кепке көңүл бөлүү, көңүлдөнүп угуу, кунт коюп угуу, тыңшоо. Оо, балам, Калык, тилимди ал, Акыл айтам, кулак сал (Токтогул). Кыял жоруктары, кылган иштери экөөбүздүкүндөй экен Бексултан, - деди, ишенбесең кулак сал, мен окуюн («Чалкан»).
1. хватать за ухо; ат кулакта- схватить лошадь за ухо; кудай берсе, жолборсту кулактайын, минейин фольк. если бог даст, я схвачу тигра за ухо и сяду верхом; 2. слушать, прислушиваться; элдин сөзүн кулактайт он прислушивается к тому, что говорит народ; он прислушивается к тому, что говорят другие; күн эки жагынан кулактаса, жаайт примета если светлый круг вокруг солнца (см.корооло- I) разделён надвое, будут осадки.
1. Кулактан кармоо, кулакка асылуу. Оолукма жинди өз атам, Басып калды кулактап (Тоголок Молдо). 2. өт. Бир нерсени тындырып алып калуу, ээ болуу, өндүрүү үчүн артынан сая түшүп аракеттенүү, артынан калбоо. Үч жылы кулактап, артынан калбай жүрүп, быйыл араң тындырдым («Чалкан»).
Iзат. Жарыя, бир нерсе жөнүндө алдын ала айтылган, билдирилген кабар. Сагынбек менен Анаркүл кулактандырууну окушту (Таштемиров).
КУЛАКТАНДЫРУУIIкулактандыр этишинин кыймыл атоочу.
Бир нерсе жөнүндө алдын ала кулактандырып айтылган жарыя, билдирген кабар. Капар кулактандыруу жазып, мектепке илип койгон эле (Таштемиров). Кулактандыруулар күн сайын жаңыланып чапталып турат (Бейшеналиев).
кулакташ I имеющий возможность говорить с кем-л. на ухо; говорящий с кем-л. на ухо; жапанда узун жыгач, үстү темир, асты таш, учу Самаркан менен кулакташ загадка в пустыне длинный столб, на верху его железо, снизу камень, а конец его с Самаркандом говорит (отгадка телеграф); ууру талапташ, бөрү кулакташ погов. воры соединены одной верёвочкой (друг друга знают), волки - ушами (завыл один, воют и другие). кулакташ- II совместно слушать, совместно прислушиваться.
Бири-бири менен байланышып, кабардар болуп туруу, кабарлаш болуу. Карасакал Бекбайдын башынан чеңгелдеп эркелетти: - Кан канды кылбайт эмеспи... Өз канымсың да - мага кызмат кылып келдиң, мындан ары да кулакташ болобуз (Абдыраманов).
Бири-бири менен байланышып, кабардар болуп туруу, кабарлаш болуу. Карасакал Бекбайдын башынан чеңгелдеп эркелетти: – Кан канды кыйбайт эмеспи... Өз канымсың да – мага кызмат кылып келдиң, мындан ары да кулакташ болобуз (Абдыраманов).
к. КУЛАК САЛУУ
Байымбет заңкылдап боздогон жесирдин ыйына кулагын төшөп, жашыл бетегеси жапырылган жапсарга кыңкайды (Бейшеналиев). «Азыр токой ичи абдан коркунучтуу го?» - деп ойлоду бала сырттагы тынымсыз доошко кулак төшөп жатып (Айтматов).
1. имеющий уши; 2. перен. послушный; кулактууга сөз айтса, кулагынын түбүндө; кулаксызга сөз айтса, куу бакырдын түбүндө фольк. скажешь послушному, (у него) в глубину уха (западёт), скажешь непослушному - на дне пустого ведра (останется); 3. имеющий ушко; кырк кулактуу казан (в эпосе) огромный котёл (см.кулак I 3); кулактуу жамбы южн. джамба большая (см.жамбы).
сын.1. Кулагы уккан, дүлөй эмес. Кулактуу кишиге бир айтсаң эле угат да! 2.Кармай турган кулагы, туткасы бар. Айылдын эли алты кулактуу чоң кара казанды, куйругун араң көтөргөн.. кызыл койду алып келишти (Абдукаримов).
1. Кулагы бар, кулагы бир нерсеге окшоп кеткен, окшоштугу бар. Камыш кулактуу келген кара кер бышты. 2. Кулагы соо, дүлөй эмес, кулагы жакшы уккан. Кулактуу кишиге бир айткан эле жетпейби («Чалкан»). 3. өт. Акыл-эси ордунда, акылы жетик. 4. Кармай турган кулагы, туткасы бар. Айылдын эли алты кулактуу чоң кара казанды алып келишти (Абдукаримов).
Кандайдыр бир кабарды угууга күтүнүү, акмалоо, абайлап туруу. Апай апа этегин кагына, кооптоно тышка кулагын түрдү (Бейшеналиев). Бүт элет дүңгүрөп, Домбу үчүн Насирдин бектин кун сурап камалап жатканын кооп менен кеп кылып, кулак түрдү (Касымбеков). Акыры кандай болуп чыгар экен? – дешип, бериси район, арысы областка чейин кулак түрүп калды (Баялинов). В.: Кулагын көтөрүү. Ашыр чыгдан тараптан чыккан дабышка кулагын көтөрдү (Жантөшев).
Кандайдыр бир кабарды угууга күтүнүү, акмалоо, абайлап туруу. Апай апа этегин кагына, кооптоно тышка кулагын түрдү (Бейшеналиев). Бүт элет дүңгүрөп, Домбу үчүн Насирдин бектин кун сурап камалап жатканын кооп менен кеп кылып, кулак түрдү (Касымбеков). Акыры кандай болуп чытр экен? - дешип, бериси район, арысы обласка чейин кулак түрүп калды (Баялинов).
Чуулдап же кайта-кайта айта берип, сүйлөй берип тажатып жиберүү, кулакты жаңыртып ийүү. Татыбектин коңуругу күчөп, кулактын кужурун алды (Байтемиров). Элдин ушагы Атабектин кулагынын кужурун ала баштады (Жантөшев).
Абдан алыс, өтө алыс, мурда көрүп-билбеген, белгисиз. Же бир кулак угуп, көз көргүс жерде болсочу (Саатов). Деле кулак угуп, көз көргүс жерге оолактап кетеличи? дейт аялы (Осмоналиев).
Абдан алыс, өтө алыс, мурда көрүп-билбеген, белгисиз. Кулак угуп, көз көргүс Белге жумшап жатыптыр («Эр Төштүк»). Же бир кулак угуп, көз көргүс жерде болсочу (Саатов). Деле кулак угуп, көз көргүс жерге оолактап кетеличи? дейт аялы (Осмоналиев). В.: Кулак укпаган, көз көрбөгөн. Ошо бойдон калган тукумун сактап, кулак укпаган, көз көрбөгөн бир жерлерге кетип калган экен (Айтматов). Көз көргүс. Көз көргүс жакка кетсемби, мазарым айнып турат. Көз көрүп, кулак уккус. Төртөөбүз кол кармашып көз көрүп, кулак уккус жакка кетебиз (Жантөшев).
зат.1. Тумактын кулакты жаап туруучу бөлүгү. Аңгыча кулакчынын түшүрүп. Кабыл кирип келди (Бейшеналиев). Кычан кулакчынын мектептен чыкканда эле байлаган эмес (Бейшеналиев).
2.сүйл. Тумак.
1. Тумактын эки кулакты жаап туруш үчүн жаактын тушун карай түшүрүлүп коё турган бөлүгү. Аңгыча кулакчынын түшүрүп, Кабыл кирип келди (Бейшеналиев). Кычан кулакчынын мектептен чыкканда эле байланган эмес (Бейшеналиев). 2. сүйл. Тумак.