(n) кулак (богатый крестьянин)
I зат. 1. Адамдын, жаныбарлардын угуу мүчөсү. Кебек карыя тумагын баса кийип, үшүгөн кулактарын кашыды (Байтемиров). Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).
2. Нерсенин кармоо, же бурап, ар түрдүү абалга келтирүү үчүн жасалган атайын бөлүкчөсү. Казандын кулагы. Комуздун кулагы. Каптын кулагы.
¨ Ат кулак к. ат I. Козу кулак к. козу I. Ач кулактан, тынч кулак — эч нерсе менен иши жок, көрдүм, билдим дебей, эч нерсеге катышпай, айтпай коюучулук. Узун кулак —уганаак, тез уга коймо, көбүрөөк кабардар. Кызыл кулак — к. кызыл.
КУЛАК II зат. 1. Суу жаюу, жыгуу үчүн арыкка туурасынан тосулган бөгөт. Арыктын кулагын байлап, суу сугаруу. Суу кулакты жырып кетти.
2. Арыктагы суунун чени, өлчөмү, көлөмү. Эки кулак суу.
КУЛАК III зат. Батрактарды, кедейлерди эзген жеке менчиктүү бай дыйкан. Ошол айылда Түлөберди деген кулак бар эле (Байтемиров).
¨ Кулакка тартуу — кулактарды тап катарында жоюу максаты менен аларды жеринен жана өндүрүш каражаттарынан ажыратуу.