Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тыптынч, жымжырт, эч доошсуз. Те коргондун этек жагынан сүтак сайрап, кайра бир убакта ал дагы магдырап үргүлөп, түн түбүнө чөгүп, кулак-мурун кескендей жымжырт (Касымбеков). Поезд өтпөй калган ара-чолодо талаа бети кулак-мурун кескендей, көчкү жүрүп кеткендей ың-жың тунжурап турат (Айтматов). Сүйлөшүп отургулачы, болбосо кулак-мурунду кескендей болуп калат экен (Абдукаримов). В.: Кулак кескендей. Айлана кулак кескендей кереңине тартып, кызды зериктирип жибергендей сезилди (Ашымбаев). Шуу-шуу өткөн жолбун желдин шоокумунан башка дабыш жок, кулак кескендей (Касымбеков). Үйдө эч ким жок, үйдүн ичи кулак кескендей тынч («Чалкан»).