Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайра-кайра айта берип же жагымсыз дабыш салып тынчын алмай, тажатмай, тынчтыксыз. Кален деп менин атымды укканда эле кызынын кулак-мээсин жейт экен (Акматов). Үйүнө кирип-чыгып куңкүлдөп, аялынын кулак-мээсин жейт. («Ала-Тоо»). Калың тобу менен бүгүн кечке чуулдай берип, бир жакка учуп да кетпей кулак-мээни жеп жатты (Айтматов).