КУЛАК-МУРУН КЕСКЕНДЕЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тып-тынч, жым-жырт, эч доошсуз. Те коргондун этек жагынан сүтак сайрап, кайра бир убакта ал дагы магдырап үргүлөп, түн түбүнө чөгүп, кулак-мурун кескендей жымжырт (Касымбеков). Поезд өтпөй калган ара-чолодо талаа бети кулак-мурун кескендей,көчкү жүрүпкеткендей ың-жың тунжурап турат (Айтматов).