Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Угуп жатса да укмаксан болуп унчукпай, көңүл бөлбөй, жооп кайтарбай отура берүү, мейлиге салуу. Акиянын жемесине Чаргын кулакты жапырды (Сыдыкбеков). Кулакты жапырып, тили жок дудук болдум да калдым (Элебаев). Элдин бардыгы бул сөзгө кулак жапырып тим болушту (Жантөшев). Ниязкул кайрылган жок, кулакты жапырып улам нарылап кете берди (Абдумомунов). Деги мейли, туруп берейин, – деп Акиянын жемесине кулак жапырды (Сыдыкбеков). Удайчы үн бере албады, шалдырап атына араң минди да кулак жапырып, атын бат-бат желдирип жөнөй берди (Касымбеков). В.: Кулагын жапыруу. Байкуш атам кулагын жапырып башка бөлмөгө чыга каччу (Борбуев).