Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Укмаксанга салуу, уккусу келбөө, тоготпоо. Эл арасында күбүр-шыбыр нааразылык чыгат. Бригадир ага кулак какпайт, назар салбайт («Чалкан»). Кызып алган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров). Андай акарат кептерге Бостон кулак какчу эмес («Советтик Кыргызстан»). В.: Кулак салбоо. Анын кебине кулак салбагансып, молдо шарыят жолун туюндурду (Сыдыкбеков).