КУЛАККА ТАРТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015тар. Совет бийлиги 20-жылдардын ичинде жеке менчик чарбанын бардык түрүнө чектөө саясатын жүргүзгөн, 1929-ж. 27-декабрынан «Кулактарды тап катары жоюу» жарыялангандан кийин Кыргызстандагы оокаттуу дыйкандарга кирген кулактарга массалык репрессия башталган. 1929-ж. Салык эсеби боюнча Кыргызстандын аймагында жалпы дыйкан чарбалардын 1,8% ин гана түзгөн кулак чарбасы болсо, жергиликтүү бийлик органдары фактыларды бурмалашып, дыйкандардын 10%ин кулакка тартышкан. Натыйжада, орто дыйкандардын көпчүлүгү, айрым учурда кедей дыйкандар да кулакка тартылган. Кулакка тартылгандардын бир бөлүгү сот жообуна тартылса, экинчи бөлүгү алыскы аймактарга кубаланган. Аңгыча элди ачарчылык каптады. Анын алдында эгин топтоп, мал күткөн чарбачыл кишилердин баарын кулакка тартып, айдап кетишти (Айтматов).