Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Угуу органын билдирген кулак да ук сөзүнөн келип чыгат. Ук этишине зат атооч жасоочу -ул мүчөсү жалганып, укул сөзү жасалган. Ага дагы -ак уланып, укулак түрүнө келген. Кийин сөздүн башындагы у тыбышы түшүп калып, кулак болуп өзгөрүп, азыркыдай абалына келген. Кулак түрүнө келиши менен анын ук этиши менен байланышы жок өңдөнүп калган. Ал чындыгында «угуучу (орган)» дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат.