Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кепке көңүл бөлүү, көңүлдөнүп угуу, кунт коюп угуу, тыңшоо. Оо, балам, Калык, тилимди ал, Акыл айтам, кулак сал (Токтогул). Кыял жоруктары, кылган иштери экөөбүздүкүндөй экен Бексултан, – деди, ишенбесең кулак сал, мен окуюн («Чалкан»). В.: Кулак төшөө. Байымбет заңкылдап боздогон жесирдин ыйына кулагын төшөп, жашыл бетегеси жапырылган жапсарга кыңкайды (Бейшеналиев). «Азыр токой ичи абдан коркунучтуу го?» – деп ойлоду бала сырттагы тынымсыз доошко кулак төшөп жатып (Айтматов). Кулак буруу. Кыз атасы кулак бурду, Айта бергин дегендей (Осмонкул). Алмамбет көзүнүн көнчөгүн салаңдатып, Бекназар жакка кулак буруп, жооп күтүп көшөрдү (Касымбеков).