Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Укса да укмаксан болуп, унчукпай коюу, сеники туура дегенсип сөзгө аралашпай, жооп кайтарбай угуп отура берүү. Езеф мындайда «эми айтчуңду айт» дегендей кулак жапырып, башын шылкыйтып отура берчү (Ашымбаев). Деги мейли, туруп берейин, -деп Акиянын жемесине кулак жапырды (Сыдыкбеков). Удайчы үн бере албады, шалдырап атына араң минди да кулак жапырып, атын бат-бат желдирип жөнөй берди (Касымбеков).