КУЛАК І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдардын, жаныбарлардын угуу мүчөсү. Чынбы кулак укканы, Ата деген үнүңдү (Бөкөнбаев). Күркүрөп жаткан дайранын, Кулагың тунат шарына (Бөкөнбаев). || Угуу сезими, бир нерсенин дабышын сезүү, кабыл алуу мүмкүндүгү. Айткан сөздү угузбай, Кулакты алды карылык (Токтогул). 2. Баштын угуу органы орношкон жериндеги кемирчектүү калканчы. Кулагын кылыч шыпырып, Молойгондор дагы бар («Манас»). Кебек карыя үшүгөн кулактарын кашыды (Байтемиров). Кыйгач кулак жээрде ат, Кызыктырат адамды (Осмонкул). 3. Тумактын кулакчыны. Базарбек экөөбүз түлкү тумактарыбыздын кулагын түшүрүп алганбыз (Каимов). Чотурдун тумагынын кулактары делдектеп баратат (Касымбеков). 4. Нерсенин кармоо, көтөрүү үчүн атайын жасалган бөлүкчөсү. Казандын кулагы. Каптын кулагы. 5. Кылдуу музыкалык аспаптардын кылын бурап, чертилүүчү күүгө ылайыктоочу тетиги. Комуздун кулагы. Кыл кыяктын кулагы. 6. аңч. Кара мылтыктын дары куйган жери. || Кара мылтыктын от алдыруучу кулагы.