Русско-кыргызский словарь Юдахина
пол I
м.
пол;
деревянный пол тактай пол;
цементированный пол цементтелген пол.
пол II
м.
жыныс;
мужской пол эркек;
жёнский пол аял.
пол-
татаал сөздөрдүн "жарым" деген маанини билдирүүчү биринчи бөлүгү; мис. полчаса жарым саат;
уже полвторого бирден жарым саат өтүп кетти (саат бир жарым болду).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. талаа;
хлопковые поля пахта талаалары;
идти полем талаа менен жүрүү;
2. перен. (фон) ачык жер, түс;
3. чаще мн. (в книге, тетради) чети, жээги (китеп же кол жазманын жээгиндеги бошжер);
отогнуть поля тетради дептердин четин бүгүп коюу;
4. поля мн. (у шляпы) курбу;
шляпа с широкими полями курбусу кенен шляпа;
5. (пространство). талаа, майдан, мейкиндик;
поле боя согуш майданы;
находиться в поле зрения
1) көз астында болуу;
2) перен. көз жаздымында калбай туруу;
электромагнитное поле физ. электромагнит талаасы;
6. перен. (область, сфера) жайыт, чабыт, чөйрө.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Microtinae) момолойсымактар; чычкан сымалдуу кемиргич айбандардын бир тукумчасы, булардын кыйла уруусу, түрү белгилүү: полевка водяная (Arvicola terrestris) — жээкчил момолой, п. Брандта (Microtus brandti) — Брандт момолою, п. каменная — к. п. серебристая, п. к. алайская — Алай корум момолою, п. к. Тянь-Шаньская — Тянь-Шань корум момолою, п. красная (Clethrionomys rutilus) — кызыл момолой, п. красно-серая (С. rufocanus) — кызгылтым момолой, п. лесная Тянь-Шаньская — Тянь- Шань сары момолою, п. общественная — к. п. обыкновенная, п. обыкновенная (Microtus arvalis) — кадимки момолой, сур момолой, п. о. туркестанская — Түркстан кадимки момолою, п. памирская — Памир момолою, п. Прометеева (Prometheomys schaposchnikovi) — Прометей момолою, п. рыжая (Clethrinomys glareolus) — саргыч момолой, п. серая — к. п. обыкновенная, п. серебристая (Alticola roylei) — буурул момолой, п. стадная — к. п. темнобрюхая, п. темнобрюхая (Eothenomys melanogaster) — сүйрү баш момолой, п. узкочерепная (Microtus gregalis) — кырчеке момолой, п. у. Кашгарская — Кашкар кырчеке момолою, п.-экономка (М. oeconomus) — камбыл момолой, п. южнокиргизская — таштак момолою, полевки водяные (Arvicola) — жээкчил момолойлор (уруу), п. каменные (Alticola) — корум момолойлору (уруу), п. лесные (Clethrionomys) — токой момолойлору (уруу), п. Обыкновенные к. п. серые, п. настоящие — к. п. серые, п. рыжие — к. п. лесные, п. серые (Microtus) — сур момолойлор (уруу), п. южноазиатские (Eothenomys) — Түштүк Азия момолойлору (уруу) ж. б.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. поле 1-ге т.;
полевые работы талаа жумуштары;
полевые цветы талаа гүлдөрү, жапайы гүлдөр;
полевая мышь талаа чычканы;
2. воен. (походный) полевой, талаалык;
полевой бинокль талаалык дүрбү, талаалык турнабай;
полевой госпиталь талаа госпиталы;
полевая почта полевой почта;
полевая сумка полевой сумка (карта, компас ж, 6. сала турган булгаары сумка).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАЙДАЛУУ МОДЕЛЬ – патенттик укуктун коргоосуна алынган ойлоп табуучулук жана өнөржайлык үлгү менен бир катардагы өнөржайлык менчик объекттеринин бири. КРдин 1998-жылдын 14-январындагы Патенттик мыйзамына ылайык П. м-дерге өндүрүш каражаттарын жана керектөө буюмдарын, ошондой эле алардын курамдык бөлүктөрүн долбоордук жасоо киргизилген. Эгер П. м. жаңы болсо (анын олуттуу белгилеринин жыйындысы техникалык өсүш деңгээлинен алып караганда белгисиз болсо) жана өнөржайда колдонууга жараса (өнөржайда, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана башка ишмердик тармактарында колдонулушу мүмкүн болсо), анда ага укуктук жактан коргоо камсыз кылынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАЙДАЛУУ КЕН-БАЙЛЫКТАР – жер кыртышынынын товардык өндүрүш чөйрөсүндө колдонулуучу жана өнөржайлык технологиялардын баасынын азыркы деңгээлинде экономикалык мааниге ээ табигый минералдык түзүлүштөрү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. разг.
1. (начать лезть) чыгуу;
полезть на дерево жыгачка чыгуу;
2. кийлигишүү, аралашып кетүү;
3. (за чем-л.) кол салуу;
полезть в портфель за карандашом карандаш алуу үчүн портфелге кол салуу;
4. (о волосах, шерсти) түлөп, жыдып түшө баштоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
учуу, учуш, учуп бара жаткандагы абал;
полёт снаряда снаряддын учушу;
полёт самолёта самолётун учушу;
бреющий полёт кайып (кайпып) учуу;
пикирующий полёт кудуп тик учуу;
разведывательный полёт чалгындоо учуш;
высотный полёт бийиктикке учуу;
полёт мысли кыялдын, ойдун чаргышы;
с птичьего полёта
1) өтө бийик жерден (кароо, көрүү);
2) ирон. үстүртөн, жалпы жонунан гана.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(этол.) — учуу; жандыктардын аба мейкиндигинде жылып жүрүү аракеттеринин бир түрү. П. активный — к.  Полет машущий; п. брачный — үйүгүш үчүн учуу, кээ бир жандыктар учуп жүрүп жыныстык катышат; п. машущий — желпинип учуу, куштардын жана башка канаттуу, жандыктар канаттарын тынымсыз желпинтип учушу; п. парящий — каалгып учуу, калкып учуу; куштардын жана башка канаттуу жандыктардын абада канаттарын жайып желдин агымы менен калкып жүрүшү; п. пассивный — к.  п. парящий; п. планирующий — к.  п. скользящий; п. скользящий — кайкып учуу, канаттуу жандыктардын, айбандардын учуштарынын бир түрү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. учуу, учуп кетүү (баруу);
птица вспорхнула и полетела куш талпынды да учуп кетти;
самолёт полетел в Москву самолёт Москвага учуп кетти;
2. (о брошенных предметах) барып тийүү;
камень полетел в окно таш терезеге барып тийди;
3. перен. разг. (побежать) катуу жүгүрүү;
4. перен. разг. (упасть) жыгылып түшүү, учуп кетүү, куланып түщүү;
я поскользнулся и полетел мен тайгаланып жыгылып кеттим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (лечь - о многих) жатуу;
все в доме полегли уже спать үйдөгүлөрдүн бардыгы уктоого жатышты;
2. (быть убитым) өлүү;
в бою полегло много воинов согушта көп жоокер өлдү;
3. (о злаках) жапырылуу, жатуу, жыгылуу;
после ливня пшеница полегла кара нөшөр жамгырдан кийин буудай жапырылып калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. жөргөлөө, жөрмөлөө, сойлоо, боору менен жылуу (о пресмыкающихся, насекомых); жөргөлөө, жөрмөлөө, эмгектөө, боору менен жылып баруу (о людях);
2. перен. (медленно передвигаться) акырын илээлеп, сүйрөлүп басуу;
3. перен. (о растениях) сойлоо, сойлөп өсүү, жерге жайылуу;
4. перен. (течь) жылжып агуу;
по лицу раненого ползла струйка крови жарадар болгон адамдын бетинен кан салаа-салаа болуп жылжып агып жатты;
5. (оползать) эшилип түшүү;
берег реки ползёт суунун жээги эшилип түшүп баратат;
6. перен. разг. (расползаться - о ткани) сүзүлүп жыртылуу;
ползут слухи кабар-каңшаарлар жайылууда.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Polistes) полисттер, узун курсактар; сары аарылардын бир уруусу, булардын кыйла түрлөрү бар: полист американский (Р. crinitus) — Америка узун курсагы, п. бледноногий (P. fuscatus pallipes) — куба бут узун курсак, п. восточный (P. orientalis) — чыгыш узун курсагы ж. б.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ ЖООПКЕРЧИЛИК – 1) эларалык-укуктук жоопкерчиликтин бир түрү. Сатисфакциялар, репрессалийлер таризинде, ошондой эле БУУнун Уставына ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча өз аракеттери менен тынчтыкка коркунуч келтирген же аны бузган мамлекеттерге карата колдонулушу мүмкүн болгон жамааттык санкциялардан көрүнөт. Мындай санкциялар экономикалык байланыштарды, коммуникациялардын (транспорт жана байланыш) ишин толук же жарым-жартылай токтотуудан, дипломаттык мамилелерди үзүүдөн, ошондой эле эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон куралдуу күчтөрдү – аба, деңиз жана кургактагы күчтөрдү колдонуудан (БУУга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, камоого алуу жана башка аткарымдарынан) көрүнөт; 2) конституциялык жоопкерчиликтин бир түрү (м.: өкмөттүн парламент алдында жоопкерчилиги).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ ПАРТИЯ – жалпы саясий максаттары жана милдеттери бар, калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү жана өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу мамлекетти башкаруу иштерине катышкан КР жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ ТУТУМ (коомдун) – 1) (комплекстүү конституциялык-укуктук институт катары) мамлекеттин, саясий партиялардын, коомдук жана дин уюмдарынын конституциялык-укуктук статусун белгилөөчү жана алардын өзара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы; 2) (материалдык маани-маңызында) мамлекеттик (саясий) бийликти жүзөгө ашырууга катышуучу мамлекеттик жана коомдук органдардын жана уюмдардын жыйындысы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР – жарандардын жеке, социалдык, экономикалык жана башка укуктары менен бир катардагы негизги конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин тобунун бири. Жарандарга өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна катышууга мүмкүндүк берет. Коомду жана мамлекетти башкарууга катышуу укугун, шайлоо укугун, биригүү укугун (бирлик эркиндиги), чогулуш жана манифестациялар эркиндигин, маалымат эркиндигин, петиция берүү укугун камтыйт. С. у. ж. э-ге ээ болуу адатта ошол мамлекеттин жараны болуу менен байланыштырылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ КЫЛМЫШТАР – бийлик мамилелерине, мамлекеттик курулушка, коомдук түзүлүшкө тигил же бул даражада тийешеси болгон кылмыштар тобунун аталышы. Эреже катары, дүйнө өлкөлөрүнүн кылмыш-жаза мыйзамдары аларды ырасмий түрдө «мамлекеттик кылмыштар» же «конституциялык түзүлүшкө каршы кылмыштар» деп атоо менен, С. к-ды жалпы кылмыштардан тикелей бөлбөйт. Ошондуктан «С. к.» деген аталыш көбүнесе илимий жана саясий лексикада гана колдонулат. Латын Америка өлкөлөрүндө С. к. бар экени экстрадицияга (Колумбия, Венесуэланын кылмыш-жаза кодекстеринде) жана башка айрым институттарга арналган мыйзамдык ченемдер аркылуу кыйыр түрдө белгиленет. Бул өлкөлөрдүн мыйзамдарында «саясий кылмышкерлерге» карата (өлүм жазасын колдонбоо, кара жумуштарга пайдаланбоо ж. б.) белгилүү бир артыкчылыктар каралган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ РЕПРЕССИЯЛАР – саясий жана диний ишенимдерден, социалдык, улуттук жана башка белгилерден улам мамлекет тарабынан колдонулуучу аркыл мажбурлоо чаралары, алар эркиндигинен ажыратуу жана өмүрдү кыюу, психиатриялык дарылоо мекемелерине мажбурлап жайгаштыруу, жарандыктан ажыратуу, бүтүндөй бир калктын тобун жашаган жеринен көчүрүү, сүргүнгө, атайын жер которууга айдоо, эркиндиги чектелген шарттарда эмгекке мажбурлап тартуу, укуктарды жана эркиндиктерди башка жолдор менен чектөө түрүндө болушу мүмкүн. Мындай чаралар мамлекет жана мамлекеттик түзүлүш үчүн таптык, социалдык, улуттук, диний жана башка белгилер боюнча социалдык жактан коркунучтуу деп табылган адамдарга карата көрүлөт жана соттордун жана соттук милдеттер тагылган башка органдардын чечимдери боюнча, же болбосо аткаруу бийлик органдары жана кызмат органдары тарабынан административдик тартипте жүзөгө ашырылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ ЭМИГРАНТТАР – саясий баш калка алган адамдар (кара:Саясий башбаанек укугу). Алардын статусу маңызы боюнча жарандыгы жок адамдардын статусуна барабар, бирок, бир катар учурларда С. э-га айрым жеңилдиктерди (туракжай, жумушка орноштуруу д. у. с.) берүүгө жол коюлат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. политика-га т.; саясий;
политический деятель саясий ишмер;
политические события саясий окуялар;
политическое воспитание масс массаларды саясий жактан тарбиялоо;
политическое значение саясий маани;
2. (государственный) саясий;
политическое устройство саясий түзүлүш;
политические права саясий укуктар;
политическая экономия саясий экономия; см. политэкономия.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САЯСИЙ РЕЖИМ – конституциялык укук илиминде коомдогу саясий бийликти жүзөгө ашыруу ыкмаларынын, жолдорунун, тариздеринин тутумун билдирүүчү түшүнүк; бул бийликтин милдеттик мүнөздөмөсү. С. р-дин бирдиктүү типологиясы жок. Илим көбүнесе демократиялык, авторитардык, тоталитардык С. р-дерди айырмалайт. С. р-дин мүнөзү мамлекеттердин конституцияларында эч убакта (алардын демократиялык мүнөзү тууралуу жетишерлик кеңири таралган ырастоолорду эсепке албаганда) ачык жана тике жазылбайт, бирок, дээрлик баардык учурларда алардын мазмунунан түздөнтүз көрүнүп турат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кого-что куюу, суу куюу, чачуу, сугаруу;
полить цветы гүлдөргө суу куюу;
полить улицы көчөгө суу чачуу;
2. (начать лить) куя баштоо; жаап туруу, жаап жиберүү, куюп жиберүү;
полил дождь жаан куюп жиберди;
дождь полил немного и перестал жаан бир аз куюп жиберди да, токтоп калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (начать литься) куюлуу, төгүлүү, ага баштоо;
из крана полилась вода крандан суу куюлуп кетти;
2. перен. (начаться) төгүлүү, куюлушуу (ыр, сөз);
полились задушевные разговоры ынак сөздөр куюлушуп айтылып жатты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. муз. Көп үн катышуучу музыкалык чыгарма, бир эле убакта бир канча өз алдынчалыкка ээ, айырмалуу үндөрдүн айкашып чыгуусу. 2. адаб. Адабияттагы көп үндүүлүк, бир убакта бир эле окуяга, бир идеяга байланыштуу ар түрдүү, өз алдынчалыктуу, ар бири өз алдынча негиздүү, олуттуу, а түгүл бирин бири жокко чыгаруучу позициялардын, көз караштардын биримдиги, бир бүтүн сюжеттик системада үн алышуусу.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(биол.) полиэтизм; үйүрү менен, уюгу менен жашоочу каскак жандыктардын (мисалы, кумурскалардын) "мансапка" жараша кызматтарынын ар түрдүү болушу. Мунун эки түрү бар: П. возрастной — жашка жараша полиэтизм, п. кастовый — асылдыгына жараша полиэтизм.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. воен. полк;
пехотный полк жөө аскердик полк;
танковый полк танкалык полк;
гвардейский полк гвардиялык полк;
2. перен. (толпа, множество) толгон эл, бир топ эл;
целый полк учителей толуп жаткан көп окутуучу;
нашего полку прибыло погов. биздин катарыбыз да көбөйүп калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
полка I
ж.
1. полка, текче;
книжная полка китеп койгуч полка (текче);
в буфете три полки буфетте үч полка бар;
2. ж.-д. полка (вагондо жата турган тактай текче);
место на верхней полке үстүңкү полкадагы орун.
полка II
ж. с.-х.
отоо, отоо чөптү отоо;
полка грядок жөөктөрдүн чөбүн отоо, чөнөктөрдү отоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЛКОВНИК – бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү офицердик наам. П. чини орус армиясында XVII кылымдан тартып колдонулат. Советтик Армияга 1935-жылы киргизилген жана 1-рангдагы капитан наамына туура келген; КРдин Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, КР Юстиция министрлигинин жазаны аткаруу тутумунда, Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинде, КР бажы кызматында жана каржы полициясында сакталган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЛКОВНИК – бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү офицердик наам. П. чини орус армиясында XVII кылымдан тартып колдонулат. Советтик Армияга 1935-жылы киргизилген жана 1-рангдагы капитан наамына туура келген; КРдин Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, КР Юстиция министрлигинин жазаны аткаруу тутумунда, Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинде, КР бажы кызматында жана каржы полициясында сакталган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОЛУК ЖООПКЕРЧИЛИК – карызкор-юридикалык жактын катышуучуларына карата колдонулуучу принцип, ага ылайык, карызкордун катышуучулары анын уюштуруу документтеринин негизинде же КРдин мыйзамдарына ылайык карызкордун милдеттемелери боюнча өздөрүнө тийешелүү баардык мүлктөрү менен ортоктош жоопкерчилик тартышат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
полно I
нареч.
толтура;
полно налить стакан воды стаканга сууну толтура куюу.
полно II
в знач. сказ. с неопр., разг.
(довольно, хватит) жетишет, болду;
полно плакать! болду, ыйлаба!;
полно шутить! тамашаңды койчу!
полно-
татаал сөздөрдүн "толук" деген маанини билдирүүчү биринчи бөлүгү; мис: полноправный толук укуктуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (с полным весом) толук салмактуу;
полновесный товар толук салмактуу товар;
2. перен. (сильный, тяжёлый) катуу, күчтүү, оор;
полновесный удар катуу (күчтүү) сокку;
3. перен. (веский) толук негиздүү (мис. далил).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОЛУК ШЕРИКТЕШТИК – чарбакер шериктештик, анын катышуучулары (толук шериктештер) алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык шериктештиктин атынан ишкердик иш кылышат жана анын милдеттенмелери боюнча өздөрүнө тийешелүү мүлктөрү менен жоопкерчилик тартышат. Жак бир гана Т. ш-тин катышуучусу боло алат. Т. ш-тин фирмалык аталышында анын баардык катышуучуларынын ысымдары (аталыштары) жана «Т. ш.» деген сөз, же анын бир же бирнече катышуучусунун аты (аталыштары) «жана компания», жана «Т. ш.» деген сөз болуусу тийиш. Анын катышуучуларынын баары кол койгон келишимдин негизинде түзүлөт жана иш жүргүзөт. Т. ш-тин ишин башкаруу анын баардык катышуучуларынын макулдугу менен ишке ашырылат (уюштуруу келишиминде көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алуу жагдайлары да каралышы мүмкүн). Т. ш-тин катышуучулары шериктештиктин милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн мүлктөрү менен ортоктош субсидиярдык жоопкерчилик тартышат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЫЙГАРЫМ УКУК – бир адамдын (өкүлдүн) экинчи адамдын (өкүлдүк берүүчүнүн) атынан бүтүм түзүү укугу, ошонун өзү менен ал өзү өкүлү болгон адамдын укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт, токтотот. КР жарандык укугу боюнча Ы. у. ишеним катка, атайын укуктуу мамлекеттик органдын, же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын актысына, мыйзамга негиздениши мүмкүн, ошондой эле өкүл иш-аракет жүргүзгөн жагдайга байланыштуу болушу да ыктымал (чекене соодадагы сатуучу, кассир ж. б.). Ы. у-гу жок эле башка адамдын атынан иш-аракет жүргүзгөн, же Ы. у-тун чегинен чыккан учурдагы бүтүм, андан кийин эгерде өкүлдүк берүүчү ал бүтүмдү тикелей ырастабаса, ал аны түзгөн адамдын атынан жана ошонун кызыкчылыгында түзүлгөн деп эсептелет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (полная мера чего-л.) толук, жетишердик;
2. (тучность) өтө жоондук, семиздик, өтө толуктук, өтө болуктук;
полнота власти бардык бийликке ээлик;
от полноты чувств жүрөгү элжиреп балкып тургандыктан.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОТ ЧЕЧИМИНИН ТОЛУКТУГУ – сот чечимине болгон талап, ага ылайык чечимде доочунун арызындагылардын жана сот караган баардык дооматтарга жана аларга каршы келтирилген далилдерге жооптор камтылышы керек. Соттун доочу доосун канааттандырууга укуктуу деп тапкан, бирок ага тийешелүү материалдык байлыктарды алып бербеген ортолук жарым-жартылай чечим чыгарылышына жол берилбейт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (наполненный доверху) толтура, толтурулган, толгон;
комната полна людей бөлмөдө толгон адам;
2. перен. (охваченный чем-л.) толгон, абдан;
взгляд, полный радости абдан кубанычка баткан көз караш;
3. перен. (абсолютный) абдан, эң эле, толук;
полная тишина толук тынчтык;
полное доверие толук ишеним;
полная власть толук бийлик;
4. (достигший высшего предела) абдан, толук;
работа в полном разгаре жумуштун абдан кызыган кези;
яблони в полном цвету алма толук гүлдөгөн кез;
5. (решающий, окончательный; исчерпывающий) толук, акырына чейин;
полная победа социализма социализмдин толук жеңиши;
полное знание дела ишти толук билүү, ишти ийне-жибине чейин билүү;
в полном порядке бардыгы жайында;
полное собрание сочинений Толстого Толстойдун чыгармаларынын толук жыйнагы;
6. (достигший меры) толук;
ему нет полных тридцати лет ал отузга толук чыга элек;
здесь полных два кило мында толук эки кило;
7. (тучный) толук, семиз, болук;
полный мужчина толук эркек;
полная вода толтура, мелтиреген суу (мис. көлмөдө);
полным-полно жык-жыйма, жык толгон (мис. үйгө эл жык толду).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОЛУК ИННОВАЦИЯЛЫК-ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ТҮРМӨК – бирдиктүү компьютерлештирилген башкаруу астында инвестицияны, маркетингди камсыз кылууну, долбоор-тапшырыкты «ачкычка чейин» жүзөгө ашырууну, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүнү, кайра инвестициялоону ж. б. д. у. с. камтыган иш-аракеттердин ырааттуулугу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЫНЫСТЫК КОЛТИЙБЕСТИК – кишини укукка сыйбаган баардык сексуалдык кол салуулардан коргоочу, адамдын жеке колтийбестигинин ажырагыс бөлүгү. Ж. к. кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот. КР нике жана үйбүлө мыйзамына ылайык ата-эне (алардын бири) эгерде балдарына зомбулук кылса, а. и. алардын Ж. к-гине колсалса, ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. жарым, жарты;
половина работы уже сделана жумуштун жарымы аткарылды;
пройдено больше половины пути жолдун жарымынан көбү басып өтүлдү;
в половине двенадцатого он экиге жарым саат калганда, саат он бир жарымда;
в первой половине января январдын биринчи жарымында;
2. уст. (часть помещения) чоң үйдүн бир бөлүгү (мис. эски өзбек турмушунда - ичкери, тышкары);
парадная половина дома үйдүн мейманкана жагы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (состоящий из двух частей) эки түрдүү нерседен турган;
2. (битый) жарты, сынган, сынып жарымы калган;
половинчатый кирпич жарты кирпич (сынык);
3. перен. (неопределённый) ыргылжың, эки анжы;
половинчатый отвёт ыргылжың жооп.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
половой I,
­ая, -ое
пол 1-ге т.;
половые доски пол тактайлары;
половая тряпка пол жуугуч чүпүрөк;
половая щётка пол тазалоочу щётка.
половой II,
­ая, ое
пол 2-ге т.; жыныстык;
половые органы жыныстык мүчөлөр;
половая зрелость жыныстык жетилгендик, балагатка жеткендик.
половой III
м. уст. разг.
(слуга в трактире) трактирде же кичинекей гостиницада тамак, ичкилик берүүчү киши.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЫНЫСТЫК КЫЛМЫШТАР – жыныстык колтийбестикке кылмыштуу кол салуу. КР кылмыш-жаза мыйзамдары Ж. к-га зордуктоону, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүлөрдү, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоону ж. б. бузуку аракеттерди киргизген.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (местонахождение) турган орун, турган жер;
определить положение планеты планетанын турган ордун аныктоо;
2. (поза, позиция) абал;
читать в лежачем положении жатып окуу, жатып алып окуу;
стрелять из ружья с положения стоя туруп туруп мылтык атуу;
3. (состояние; обстоятельство) абал;
международное положение эл аралык абал;
положение больного стало лучше оору адамдын абалы жакшы болуп калды;
найти выход из затруднительного положения кыйын абалдан чыгууга жол табуу;
4. абал, ал-жай;
семейное положение үй-бүлөлүк абал;
5. (распорядок, режим) абал;
на военном положении согуш абалында;
6. (свод правил) жобо;
7. (утверждение, тезис) ой, мазмун, жобо;
основные положения книги китептин негизги мазмуну;
быть в положении разг. боюнда болуу;
войти в чьё-л. положение бирөөнүн абалын түшүнүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОБО – ченемдик укуктук акт, анда белгилүү бир мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин же бир тектүү органдар, мекемелер, уюмдар тутумунун укуктук статусу, уюштурулушу, иш тартиби толук белгиленет, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер, уюмдар, жарандар менен өзара мамилелери аныкталат. Ж. мыйзам чыгаруучу органдар эле эмес, башка укук түзүүчү органдар (м.: өкмөт) тарабынан да бекитилиши мүмкүн.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
разг.
1. вводн. сл. (допустим) мейли, дейлик, маселен;
положим, что вы правы сиздики чын эле дейлик;
положим, что уже утро таң атты дейлик;
2. межд. койсоң, андай эмес, дагы көрө жатарбыз;
ну, это ещё положим! коё тур, дагы көрө жатарбыз!

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МУНАЙЗАТ ЖАНА/ЖЕ ГАЗ КЕНДЕРИН ИШТЕТҮҮНҮН (ӨНДҮРҮҮ) ЖАКШЫ ТАЖРЫЙБАСЫ – мунай газ тармагындагы, лицензиялык макулдашуунун (контракттын) негизинде мунай жана газды чалгындоонун жана иштетүүнүн (өндүрүүнүн) коопсуздугун жана экономикалык натыйжалуулугун камсыз кылуучу эларалык эрежелер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
нареч.
1. (утвердительно, одобрительно) макул таап, жактырып;
ответить положительно макул деп жооп берүү;
2. разг. (совершенно, совсем, решительно) таптакыр, дегеле, түк да, эч бир;
он положительно ничего не сделал ал таптакыр эч нерсе кылган жок.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (утвердительный) оң, жактырган, макул тапкан (болгон);
дать положительный ответ оң жооп берүү;
2. (хороший; выражающий одобрение, согласие) оң, жакшы, дурус, түзүк, ийгиликтүү;
положительный человек жакшы киши, дурус адам;
положительный герой романа романдын оң герою (баатыры);
положительные явления түзүк кубулуштар;
положительная оценка жактырган баа;
положительный результат жакшы натыйжа;
3. мат. оң;
положительная величина оң чоңдук;
положительная
степень сравнения грам. сын атоочтун негизги формасы;
положительный невежда разг. барып турган наадан.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что, чего
салуу, жаткыруу, коюу;
положить бельё в чемодан ич кийимди чемоданга салуу;
положить в кашу масла боткого май салуу;
положить ребёнка спать баланы уктоого жаткыруу;
положить основание чему-л. бир нерсеге негиз салуу;
положить начало чему-л. бир нерсеге негиз салуу, баштоо;
положить конец чему-л. бир нерсени чечүү, бүтүрүү;
положить жизнь за кого-что-л. бирөө же бир нерсе үчүн жанын курман кылуу;
положить все силы на служение родине бардык күчтү родинага кызмат кылуу үчүн жумшоо;
положить себе за правило өзүнө адат кылып алуу;
положа руку на сердце чын жүрөктөн, чын көңүл менен айтканда, чынын айтканда;
положить на обе лопатки см. лопатка II;
положим, что ты прав айталык, сеники чын, сеникин эле чын деп коёлук.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Elaphe) даракчыл соймондор; уусуз жыландардын бир уруусу, буларга төмөнкү түрлөр кирет: полоз амурский (Е. schrenki) — Амур соймону, п. закавказский (Е. hohenackeri) — Кавказ соймону, п. красноспинный — күрөң жон соймон, п. леопардовый (Е. situla) — темгилдүү соймон, п. малочешуйчатый (Е. quadrivirgata) — чала түрпүлүү соймон, п. мандариновый (Е. mandarina) — мандарин соймону, п. островной (Е. taeniura) — ичке куйрук соймон, п. узорчатый (Е. diono) — наардуу соймон, п. четырехполосый (Е. quatuorlineata) — төрт түшкүндүү соймон, п. Шренка — к. п. амурский, п. японский (Е. japonica) — жапон соймону.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Coluber) накта соймондор (уруу); суужыландардын же уусуз жыландардын бир уруусу, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: полоз желтобрюхий (С. jugularis) — сары боор соймоң, п. Карелина — к. п. поперечнополосатый п. краснополосый (С. rhodorachis) — кызыл жон соймоң, п. оливковый (С. najadum) — сур соймон, п. поперечнополосатый (с. Karelini) — кадимки соймоң, Карелин соймоңу, п. пятнистый (С. tyria) — чаар соймоң, п. разноцветный (С. ravergieri) — ала соймон, п. черный (с. constrictor) — кара соймоң.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
полок I
м.
(в русской бане) полок, тактай текче (мончодо - бууга чамынуу үчүн үстүнө чыгып отура турган тактай тектир).
полок II
м.
(телега) араба (чачыла турган буюмдарды ташый турган, үстү жалпак араба).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. тилке, узун тилим;
разрезать бумагу на полосы кагазды тилке-тилке кылып кесүү;
полоса железа тилке темир;
2. (зона) тилке;
чернозёмная полоса кара топурактуу жер тилкеси;
лесная полоса токой тилкеси;
3. уст. (земельный участок) тилке жер;
4. полигр. полоса (бир беттеги терилген оттиск);
5. перен. (период) кез, доор, мезгил, учур, убак;
самая счастливая полоса его жизни анын өмүрүндөгү эң эле бактылуу мезгил;
дождь прошёл полосой жаан бир жак менен жаап өттү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТЕП БЕРҮҮ ТИЛКЕСИ – 1) темиржол транспортунун жер төшөөлөрү, жасалма курулмалары, линиялык-жол жана башка имараттары, темиржол байланыш жабдуулары, темиржол бекеттери, коргоочу токой тилкелери жана жолду камсыздоо жабдуулары ээлеген, ошондой эле мамлекет тарабынан темиржол транспортунун келечектеги өнүгүшү үчүн бөлүнгөн же сакталып коюлган жер аянттары; 2) автомобиль жолдорундагы тийиштүү долбоордук элементтерди жана инженердик курулмаларды, ошондой эле автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн зарыл болгон имараттарды, курулмаларды, коргоочу жана көрктөндүрүүчү токой тилкелерин жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жер аянттары. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоодо Ч. б. т-нин өлчөмү анын категориясына жараша, стандарттарга ылайык аныкталат.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
 (Blaenopteridae) жаянкиттер; эң ири киттердин бир тукуму, булардын уруулары жана түрлөрү бар: полосатик Брайда (Balaenoptera edeni) — Брайд жаянкити, п. большой — к. кит синий, уюк Китообразные, п. малый северный (Balaenoptera acutorostata) — түндүк кидик жаянкит, п. малый южный (В. bonaerensis) — түштүк кидик жаянкит, Бони жаянкити, полосатики настоящие (Balaenoptera) — накта жаянкиттер (уруу).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. анат. көңдөй (жаныбарлардын организминде - ички органдардын көңдөй жери);
брюшная полость ич (курсак) көңдөйү;
2. (покрывало в экипаже) жабуу (арабада же чанада бутка оролуучу жылуу жапкыч).

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(эмбр.) амниондук көңдөй; чөп көңдөйү, тон көңдөйү, түйүлдүк, күмөн суусунда калкып жаткан көңдөй. П. брюшная — к.  Брюшная полость; п. Гайморова —  к.  Гайморова полость; п. Гастроваскулярная (анат.) — гастроваскулус көндөйү; гидроид медузалардын курсак—тамыр көңдөйү, п. грудная — к.  Грудная полость; п. жаберная — к.  Жаберная полость; п. мантийная — к.  Мантийная полость; п. носовая — к.  Носовая полость; п. околожаберная — к.  Околожаберная полость; п. околосердечная (анат.) — жүрөк кабынын көңдөйү, жүрөктү сыртынан каптап турган чарым челдин көңдөйү, мында жүрөк жатат; п. —  Полость околосердечная; п. пищеварительная (анат.) — ичегарын көңдөйү, тамак өтүүчү, орун алуучу, эрүүчү, сиңүүчү, калдыктары сыртка чыгуучу көңдөй; п. предротовая (анат.) — уурт көңдөйү, тиштердин, жаактардын сыртында, эриндердин, уурттардын ичинде жаткан көңдөй; п. ротовая — к.  Ротовая полость; п. суставная (анат.) — муун көңдөйү, муун кабынын ичиндеги көңдөй, мында жиликтердин ашташкан баштары жана синовий сары суусу жатат; п. тазовая (анат.) — уча көңдөйү, желиндүү айбандардын курсак көңдөйүнүн артындагы көңдөй, мында табарсык, түз чучук, жатын, кийин (ургаачы айбандыкы) ж. у. с. органдар жатат; п. тела вторичная — к.  Вторичная полость; п. т. несегментированная (морф.) дененин сегменттелбеген көңдөйү, айбандардын ички көңдөйү сегменттерге бөлүнбөй калышы; п. т. первичная (эмбр.) — дененин мурунку көңдөйү. дененин адепки көңдөйү, түйүлдүк өөрчүү процессинде денесинде биринчи жаралган көңдөй; п. т. сегментированная (морф.) — дененин сегменттелген көңдөйү, омурткасыз айбандардын кээ бирлеринин ички көңдөйү сегменттерге бөлүнгөн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. текст. Кендирден согулган ийи майда кездеме.
2. Сүрөтчү тарткан сүрөт. Айтиев «Акындар» деген чоң полотнону тартып бүттү («Ала-Тоо»). Маңдайы ачык, шайыр жаштарды сүрөттөгөн кыргыз художнигинин полотнолору (Аалы).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (ткань) болотнай;
шёлковое полотно жибек болотнай (кездеме);
2. тех. полотно;
полотно конвейера конвейердин полотносу;
3. ж.-д. полотно;
4. жив. художниктин тарткан сүрөтү;
побледнеть как полотно өңү-түсүнөн кетип, кубара түшүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кендирден согулган кездеме. 2. Сүрөтчү тарткан сүрөт. Айтиев «Акындар» деген чоң полотнону тартып бүттү («Ала-Тоо»). Маңдайы ачык, шайыр жаштарды сүрөттөгөн кыргыз художнигинин полотнолору (Токомбаев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
жарым жол;
вернуться с полпути жарым жолдон кайра тартуу (кайтып келүү);
на полпути жарым жолдо, орто жолдо, жолдун жарымында;
бросить работу на полпути ишти аягына чыгарбай ортосунан таштап коюу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
жарым сөз, сөздүн жарымы;
остановиться на полслове (на полуслове) баштаган сөзүн бүтпөй токтоп калуу;
понять с полслова (с полуслова) сөзүн баштагандан эле, биринчи сөзүнөн эле түшүнүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
татаал сөздөрдүн биринчи бөлүгү, бул:
1) бир нерсенин "жартысы" деген түшүнүктү билдирет; мис. полумесячный жарым айлык;
2) "толук эмес, чала" деген түшүнүктү билдирет; мис. полуграмотный чала сабаттуу.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Hemirhamphidae) ашык ээктүүлөр; балыктардын бир тукуму, булардын кыйла өкүлү белгилүү: полурыл бойцовый (Dermogenys pusillus) — урушчаак ашык ээк, п. длиннорылый (Euloptorhaphus viridis) — узун тумшук ашык ээк, п. летучий (Oxyporhamphus micropterus) — учкуч ашык ээк, п. океанический (Euleptorhamphus longirostirs) — океан ашык ээги, п. японский (Hyporhamphus sajori) — жапон ашык ээги.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Алуучу (Receiver) —Кредиттик уюмдарды кошпогондо, керектелген товарлар жана/же ушул сунуштоочунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөчүлөрдөн банктык агенттик түйүндөр аркылуу акча каражаттар пайдасына келип түшкөн банк менен банктык тейлөө келишимине ээ товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоочулар, юридикалык жак.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банк эсебин ачуусуз акча которууну алуучу (Receiver of remittance without opening of bank account) —Жөнөтүүчү тарабынан банктык эсепти ачуусуз акча которууну алуучу катары көрсөтүлгөн жеке адам. Жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам болушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАРА АЛУУ – мамлекеттик (муниципиалдык) кызмат мүдөөлөрүнө каршы кылмыш. Кызмат адамынын өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз же башка мүлктү, же мүлк мүнөзүндөгү пайданы пара берүүчүнүн же анын өкүлдөрүнүн пайдасына өзүнүн аракети (же аракетсиздиги) үчүн алганын билдирет. Мында жогорудагы аракеттер (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе, же алар (кызмат абалына байланыштуу) мындай аракеттерге көмөктөшсө, ошондой эле кызматы боюнча колдогон жана жол берген аракеттер да пара алууга кирет. Мыйзамсыз аракеттер үчүн П. а. кыйла катаал жазага кириптер кылуучу квалификациялык белги болуп эсептелет.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Hemilepidotinae) чала какачсымактар; деңиз балыктарынын бир тукумчасы, булардын бир нече түрү белгилүү: получешуйник белобрюхий (Hemilepidotus jaordani) — ак боор чала какач, п.Гильберта (Н. gilberti) — Гильберт чала какачы, п. пятнистый (Н. hemilepidotus) — кадимки чала какач ж.у.с.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
что
1. алуу;
получить письмо кат алуу;
получить квартиру в новом доме жаңы үйдөн квартира алуу;
получить премию сыйлык алуу;
получить приказ приказ алуу;
получить интересное известие кызык кабар алуу;
получить образование билим алуу;
2. (добыть, произвести) чыгаруу, чыгарып алуу;
получить бензин из нефти нефтиден бензин чыгарып алуу;
3. (подвергнуться чему-л.) алуу;
получить выговор сөгүш алуу;
4. (заболеть) ооруп калуу, калуу;
получить кашель жөтөлүп калуу;
получить распространение жайылуу, таралуу, кеңири колдонулуу;
получить признание таанылуу;
получить применение колдонулууга алынуу, колдонула баштоо;
получить удовольствие ыракаттануу, моокуму кануу;
получить пощёчину жаакка шапалак жеш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
болуу, чыгуу, болуп калуу, болуп чыгуу;
результаты работы получились прекрасные иштин натыйжасы сонун болуп чыкты;
получилось недоразумение жаңылыштык болуп калды;
из него получился хороший работник ал жакшы кызматкер болду, андан жакшы кызматкер чыкты.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
жарым саат, жарты саат;
за полчаса до отхода поезда поезддин жөнөөрүнөн жарым саат мурда;
поезда отходят туда каждые полчаса ал жакка поезддер ар бир жарым саатта жөнөп турат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (огромное войско) сан жеткис аскер, жер, майышкан кол;
2. перен. разг. сансыз, быкылдаган, быкыган (мис. чымын-чиркей);
целые полчища народу сансыз көп эл, быкылдап толгон эл.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
пайда;
польза спорта спорттун пайдасы;
отдых пошёл ему на пользу эс алганы ага пайда болду;
для общей пользы көпчүлүктүн пайдасына, жалпынын пайдасына;
высказаться в пользу кого-л. бирөөнүн пайдасын көздөп айтуу (сүйлөө), жактап чыгуу;
извлечь пользу из чего-л. бир нерседен пайда чыгаруу (табуу);
какая от этого польза? мындан кандай пайда?;
что пользы об этом говорить? бул жөнүндө айтуунун эмне пайдасы бар?;
соревнование закончилось со счётом 1:3 в пользу "Динамо" мелдеш 1:3 эсеби менен "Динамонун" пайдасына бүттү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАЙДАЛАНУУ – менчик ээсинин негизги укуктарынын бири. Буюмду урунуудан (мүлктү пайдалануудан, ал алып келүүчү кирешелерди жана натыйжаларды ж. б. алуудан) көрүнөт. П. укугунун чектери мыйзамда, келишимде же башка укуктук негиздер боюнча (м.: керээзде) белгиленет. Мыйзамдуу П. аргандай укук каражаттары, алсак, негатордук доо (пайдаланууга жолтоо болууларды жоюу жөнүндө) коюу жолу менен корголот. Башкалардын кызыкчылыгына зыян келтирүү менен пайдаланууга (укуктан кыянат П-га) тыюу салынат. П. укугуна буюмдун (мүлктүн) ээси эле эмес, анын мыйзамдуу ээлик кылуучусу (м.: ижарачы, туракжайдын жалдоочусу), ошондой эле бул менчиктин ээси же ээлик кылуучулары болбогон адамдар (пайдасына сервитут белгиленген адамдар) да ээ болушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАЗЫНАСЫНАН ПАЙДАЛАНУУ – жер түпкүрүн иликтөөгө, кен байлыктарын казып алууга байланышкан, ошондой эле жер түпкүрүн кен казып алуу менен байланышпаган курулуштарды куруу жана курулмаларды пайдаланууга байланышкан аракеттер.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН ПАЙДАЛАНУУ – жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине ээ болуу, же башка жолдор менен, адамдын материалдык жана руханий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жаныбарларды жашаган чөйрөсүнөн ажыратуу менен же ажыратпастан эле ошол объекттерден пайда көрүү.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүпайдалануучу (User of remote banking and payment services) —Өз банктык эсебин же электрондук капчыгын аралыктан тескөө үчүн аралыктан сунушталуучу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жеке адам же юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫН ПАЙДАЛАНУУЧУСУ (КЕРЕКТӨӨЧҮСҮ) – өзүнө зарыл болгон маалыматты алуу үчүн маалымат тутумуна же анын ортомчусуна кайрылган жана аны пайдаланган субъект.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. чем
1. пайдалануу, урунуу, колдонуу, жумшоо;
пользоваться торфом в качестве топлива отун катарында чым көңдү пайдалануу;
я пользуюсь новейшими источниками мен эң жаңы булактардан (маалыматтардан) пайдаланамын;
пользоваться удобным случаем ыңгайлуу учурдан пайдалануу;
2. (обладать чем-л.) пайдалануу, ээ болуу;
женщины в СССР пользуются правом избирать и быть избранными наравне с мужчинами СССРде аялдар эркектер менен бирдей шайлоо жана шайлануу укугунан пайдаланышат;
пользоваться уважением кадырга ээ болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что
сүйүп калуу, жакшы көрүп калуу, көңүлгө жагуу;
я полюбил этого человека мен бул кишини жакшы көрүп калдым;
он полюбил эту девушку ал ушул кызды сүйүп калды;
я полюбил приходить сюда мен бул жакка келүүнү жакшы көрүп калдым.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. геогр. полюс;
Северный полюс Түндүк полюс;
Южный полюс Түштүк полюс;
2. физ. полюс (магниттин карама-каршы эки учунун бири);
3. мат. полюс (айланып, тегеренип жаткан телонун кыймылдабас огунун бетиндеги кесип өткөн нокот);
4. перен. бири-бирине карама-каршы турган нерсе.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
поляризация
поляризация тегиздиги
поляризация тегиздигинин айланышы
поляризацияланган
нейтрондор
поляризацияланган
нур интерференциясы
поляризациялык оптикалык изилдөө методу
поляризациялык приборлор