ж. муз.
полифония (көп үн катышуучу музыкалык чыгарма).
1. муз. Көп үн катышуучу музыкалык чыгарма, бир эле убакта бир канча өз алдынчалыкка ээ, айырмалуу үндөрдүн айкашып чыгуусу. 2. адаб. Адабияттагы көп үндүүлүк, бир убакта бир эле окуяга, бир идеяга байланыштуу ар түрдүү, өз алдынчалыктуу, ар бири өз алдынча негиздүү, олуттуу, а түгүл бирин бири жокко чыгаруучу позициялардын, көз караштардын биримдиги, бир бүтүн сюжеттик системада үн алышуусу.