Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
учуу, учуш, учуп бара жаткандагы абал;
полёт снаряда снаряддын учушу;
полёт самолёта самолётун учушу;
бреющий полёт кайып (кайпып) учуу;
пикирующий полёт кудуп тик учуу;
разведывательный полёт чалгындоо учуш;
высотный полёт бийиктикке учуу;
полёт мысли кыялдын, ойдун чаргышы;
с птичьего полёта
1) өтө бийик жерден (кароо, көрүү);
2) ирон. үстүртөн, жалпы жонунан гана.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(этол.) — учуу; жандыктардын аба мейкиндигинде жылып жүрүү аракеттеринин бир түрү. П. активный — к.  Полет машущий; п. брачный — үйүгүш үчүн учуу, кээ бир жандыктар учуп жүрүп жыныстык катышат; п. машущий — желпинип учуу, куштардын жана башка канаттуу, жандыктар канаттарын тынымсыз желпинтип учушу; п. парящий — каалгып учуу, калкып учуу; куштардын жана башка канаттуу жандыктардын абада канаттарын жайып желдин агымы менен калкып жүрүшү; п. пассивный — к.  п. парящий; п. планирующий — к.  п. скользящий; п. скользящий — кайкып учуу, канаттуу жандыктардын, айбандардын учуштарынын бир түрү.