полёт
Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998) (этол.) — учуу; жандыктардын аба мейкиндигинде жылып жүрүү аракеттеринин бир түрү. П. активный — к. Полет машущий; п. брачный — үйүгүш үчүн учуу, кээ бир жандыктар учуп жүрүп жыныстык катышат; п. машущий — желпинип учуу, куштардын жана башка канаттуу, жандыктар канаттарын тынымсыз желпинтип учушу; п. парящий — каалгып учуу, калкып учуу; куштардын жана башка канаттуу жандыктардын абада канаттарын жайып желдин агымы менен калкып жүрүшү; п. пассивный — к. п. парящий; п. планирующий — к. п. скользящий; п. скользящий — кайкып учуу, канаттуу жандыктардын, айбандардын учуштарынын бир түрү.