Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. чем
1. пайдалануу, урунуу, колдонуу, жумшоо;
пользоваться торфом в качестве топлива отун катарында чым көңдү пайдалануу;
я пользуюсь новейшими источниками мен эң жаңы булактардан (маалыматтардан) пайдаланамын;
пользоваться удобным случаем ыңгайлуу учурдан пайдалануу;
2. (обладать чем-л.) пайдалануу, ээ болуу;
женщины в СССР пользуются правом избирать и быть избранными наравне с мужчинами СССРде аялдар эркектер менен бирдей шайлоо жана шайлануу укугунан пайдаланышат;
пользоваться уважением кадырга ээ болуу.