Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПОЛКОВНИК – бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү офицердик наам. П. чини орус армиясында XVII кылымдан тартып колдонулат. Советтик Армияга 1935-жылы киргизилген жана 1-рангдагы капитан наамына туура келген; КРдин Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, КР Юстиция министрлигинин жазаны аткаруу тутумунда, Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинде, КР бажы кызматында жана каржы полициясында сакталган.