Русско-кыргызский словарь Юдахина
полно I
нареч.
толтура;
полно налить стакан воды стаканга сууну толтура куюу.
полно II
в знач. сказ. с неопр., разг.
(довольно, хватит) жетишет, болду;
полно плакать! болду, ыйлаба!;
полно шутить! тамашаңды койчу!
полно-
татаал сөздөрдүн "толук" деген маанини билдирүүчү биринчи бөлүгү; мис: полноправный толук укуктуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (с полным весом) толук салмактуу;
полновесный товар толук салмактуу товар;
2. перен. (сильный, тяжёлый) катуу, күчтүү, оор;
полновесный удар катуу (күчтүү) сокку;
3. перен. (веский) толук негиздүү (мис. далил).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОЛУК ШЕРИКТЕШТИК – чарбакер шериктештик, анын катышуучулары (толук шериктештер) алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык шериктештиктин атынан ишкердик иш кылышат жана анын милдеттенмелери боюнча өздөрүнө тийешелүү мүлктөрү менен жоопкерчилик тартышат. Жак бир гана Т. ш-тин катышуучусу боло алат. Т. ш-тин фирмалык аталышында анын баардык катышуучуларынын ысымдары (аталыштары) жана «Т. ш.» деген сөз, же анын бир же бирнече катышуучусунун аты (аталыштары) «жана компания», жана «Т. ш.» деген сөз болуусу тийиш. Анын катышуучуларынын баары кол койгон келишимдин негизинде түзүлөт жана иш жүргүзөт. Т. ш-тин ишин башкаруу анын баардык катышуучуларынын макулдугу менен ишке ашырылат (уюштуруу келишиминде көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алуу жагдайлары да каралышы мүмкүн). Т. ш-тин катышуучулары шериктештиктин милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн мүлктөрү менен ортоктош субсидиярдык жоопкерчилик тартышат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЫЙГАРЫМ УКУК – бир адамдын (өкүлдүн) экинчи адамдын (өкүлдүк берүүчүнүн) атынан бүтүм түзүү укугу, ошонун өзү менен ал өзү өкүлү болгон адамдын укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт, токтотот. КР жарандык укугу боюнча Ы. у. ишеним катка, атайын укуктуу мамлекеттик органдын, же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын актысына, мыйзамга негиздениши мүмкүн, ошондой эле өкүл иш-аракет жүргүзгөн жагдайга байланыштуу болушу да ыктымал (чекене соодадагы сатуучу, кассир ж. б.). Ы. у-гу жок эле башка адамдын атынан иш-аракет жүргүзгөн, же Ы. у-тун чегинен чыккан учурдагы бүтүм, андан кийин эгерде өкүлдүк берүүчү ал бүтүмдү тикелей ырастабаса, ал аны түзгөн адамдын атынан жана ошонун кызыкчылыгында түзүлгөн деп эсептелет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (полная мера чего-л.) толук, жетишердик;
2. (тучность) өтө жоондук, семиздик, өтө толуктук, өтө болуктук;
полнота власти бардык бийликке ээлик;
от полноты чувств жүрөгү элжиреп балкып тургандыктан.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СОТ ЧЕЧИМИНИН ТОЛУКТУГУ – сот чечимине болгон талап, ага ылайык чечимде доочунун арызындагылардын жана сот караган баардык дооматтарга жана аларга каршы келтирилген далилдерге жооптор камтылышы керек. Соттун доочу доосун канааттандырууга укуктуу деп тапкан, бирок ага тийешелүү материалдык байлыктарды алып бербеген ортолук жарым-жартылай чечим чыгарылышына жол берилбейт.