Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (местонахождение) турган орун, турган жер;
определить положение планеты планетанын турган ордун аныктоо;
2. (поза, позиция) абал;
читать в лежачем положении жатып окуу, жатып алып окуу;
стрелять из ружья с положения стоя туруп туруп мылтык атуу;
3. (состояние; обстоятельство) абал;
международное положение эл аралык абал;
положение больного стало лучше оору адамдын абалы жакшы болуп калды;
найти выход из затруднительного положения кыйын абалдан чыгууга жол табуу;
4. абал, ал-жай;
семейное положение үй-бүлөлүк абал;
5. (распорядок, режим) абал;
на военном положении согуш абалында;
6. (свод правил) жобо;
7. (утверждение, тезис) ой, мазмун, жобо;
основные положения книги китептин негизги мазмуну;
быть в положении разг. боюнда болуу;
войти в чьё-л. положение бирөөнүн абалын түшүнүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОБО – ченемдик укуктук акт, анда белгилүү бир мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин же бир тектүү органдар, мекемелер, уюмдар тутумунун укуктук статусу, уюштурулушу, иш тартиби толук белгиленет, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер, уюмдар, жарандар менен өзара мамилелери аныкталат. Ж. мыйзам чыгаруучу органдар эле эмес, башка укук түзүүчү органдар (м.: өкмөт) тарабынан да бекитилиши мүмкүн.