баа I возглас неодобрения, отвращения; "баа" атип, бир бакырдым я заорал "баа"!; айтып кабар бергенде, Бай бакырды "баа!" - деди фольк. когда сообщили (эту) весть, Бай заорал "баа"!; баа чиркин-ай! фу, как он гнусен! баа II ир. 1. цена, ценность; оценка; катуу баа твёрдая цена; үч эсе кымбат баа менен по тройной цене; баасы келишсе, сатам если дадут подходящую цену, продам; баа айт- или баа кой- или баа кес- назначить цену; баа бер- перен. дать оценку чему-л.; өз баасы уст. себестоимость (см.нарк I I); баа бербегендик или жетишерлик баа бербегендик недооценка; баа жеткис неоценимый, бесценный; баа жеткис эмгек сиңирген он вложил неоценимый труд; баа жеткис тулпар ат бесценный скакун; 2. школ. оценка, отметка; балл; "беш" деген баа отметка "пять".
Iзат.1. Бир нерсенин (товардын) акча менен же башка бир затка теңештирүү аркылуу көрсөтүлгөн наркы. Товарлардын чекене баасы. Тогуз улак бириксе, Баасы жалгыз тайдай жок (Токтогул).
2. Бирөөнүн же бир нерсенин сапатын белгилөө үчүн берилген маани. Эмгегиңе баа берип, Өкмөт сизди сыйлады (Тоголок Молдо).
3. Окуучунун билим деңгээлин көрсөтүүчү белги. «5» деген баада бүтүрдү, Жыйнактап окыл.дык сабакты (Нуркамал).
БААIIсырд. Чочуганда, катуу корккондс айтылат. Айтып кабар бергенде, Бай бакырды «баа» деди («Манас»).
Чочуганда, катуу корккондо колдонулат. Айтып кабар бергенде, Бай бакырды «баа» деди («Манас»). Шарип «баа» бакырып, сендиректеп барып, чоң үкөктүн үстүнө чалкалай отурду (Бейшеналиев).
Бир нерсенин, товардын акча бирдиги менен же башка бир затка теңештирүү аркылуу көрсөтүлгөн наркы. Мамлекеттик баа. Базар баасы. // Тогуз улак бириксе, Баасы жалгыз тайдай жок (Токтогул). 2. Бирөөнүн, бир нерсенин же кандайдыр бир иштин сапатын, өзгөчөлүгүн белгилөө үчүн берилген маани. Барктуу кары Мукемди, Баа берип элиң сыйлады (Осмонкул). Майлы-Сайдын ичинде, Баасы артык нефти кеним бар (Осмонкул). Эмгегиңе баа берип, өкмөт сизди сыйлады (Тоголок Молдо). // сын. м. Кымбат, баалуу, кымбаттуу. Жакшы аттар абдан баа экен (Бейшеналиев). Калың калмак ичинде, Баатыр элең кымбат баа («Курманбек»). Баарысынын баасы Баатырым Чубак келатат («Манас»). 3. Окуучулардын билим деңгээлин, жүрүш-турушун көрсөтүүчү белги, балл. Жакшы бааларда окуу. Канааттандырарлык эмес баа. // «5» деген баада бүтүргүн, Жыйнактап жылдык сабакты (Нуркамал).
1. Баабедин Бахауддин (имя покровителя Бухары; к его помощи обычно взывают богатыри эпоса среднеазиатских народов); Баабединге жалын взывать к Бахауддину; алдуулары төө союп, Баабединге жалынып фольк. имущие резали верблюдов, взывая к Бахауддину; Баабединге ат айтып фольк. предназначив Бахауддину (в жертву) коня; 2. этн. жертвоприношение, жертва по случаю избавления от какого-либо несчастья, от большой неприятности; ал Карагул өлгөнгө баабединиң бачым сой! фольк. по случаю смерти (врага нашего) Карагула живо режь жертву!; алып кел, балам, азыкты баабедин кылып тоёлук фольк. неси сюда, дитя моё, еду, насытимся-ка жертвенным; тогуз токоч баабедин! девять лепёшек баабедин! (радостное восклицание по случаю избавления от большой неприятности).
БААБЕДИН (Бахауддин деген ысымдын кыргызча аталышы) — легендалык кейипкер, диний уламыш боюнча Бухара шаарын колдоочу пир. Түпкү теги тарыхта белгилүү адам Бахауддин менен байланышкан. Орто Азия мусулман элдеринде ыйык бааланган бул киши ислам дининин таасири аркылуу кыргыз элине Б. деген ат менен белгилүү болуп, колдоочу ыйык образга айланган. Диний мүнөздөгү ырым-жырымда адамдар түрлүү кырсыктан, жамандыктан кутулуу үчүн тилек тилеп же коркунучтуу апаттан аман калгандыгы үчүн Б-ге атап курмандык чалган, ошондой эле жети, тогуз нан Б. берилген. «Манаста» негизги оң каармандардын тагдырына, алардын жоокердик жүрүштөрүнө байланыштуу ар түрлүү кырдаалдарда (жоого аттанарда, жекеге чыгарда, эпикалык душмандын курчоосунда калган учурларда жана башкалар коркунучтарда же түшүндө берилген жакшы, жаман аян, белгилерге карата) Б-ге жардам суроо иретинде кайрылышкан. Мисалы, «Баабединге бата айтып, Коросонго кой айтып, Баабединин бакырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 108—109-инв.). Элдик уламыш боюнча Б. өз мезгилинде дыйканчылык кылып, буудай жана буурчак эгип тиричилик өткөргөн, кийин шайы кездемелерге түр, миске оймо-чийме түшүрүү менен кесип кылган. «Манас» эпосунда Б. дыйканчылыктын пири Баба-Дыйкан катары Манас баатырдын буудай эгип мол түшүм алышына колдоо көрсөтөт (Саякбай Каралаев, 1. 174). Б-ге атоо же Б. берүү ырым-жырымы азыркы мезгилге чейин эл арасында сакталып келе жатат.
С. Алиев
1. Орто Азия элдеринин эпосторунда жардам суроо, жалынуу иретинде кайрылганда айтылуучу Бухаранын колдоочусу Бахауддиндин тыбыштык жагынан өзгөртүлүп колдонулган аты. Кыз Куялы, Сейтек эр, Баабединден бага (оригиналында “бата” – кара: Сейтек. 1960. Сөз аягы) алып, Калайыкты чакырып, Жатышты журту жай алып («Сейтек»). 2. Ар түрдүү кырсыктардан, жамандыктан кутулуп калсак экен деген тилектеги же ар кандай кырсыктардан аман калгандыгын белгилеп коюу максатын көздөгөн курмандык, диний ырым-жырым. Мойнуна курун салынып, Жаратканга жалынып, Кыйшык өркөч кызыл нар Баабединге чалды дейт («Эр Төштүк»).
Абдан жогору саноо, эч жанга теңебөө, мактоо, урматтоо. Гүланда Ашырбектин элге алынып, башкарма мүчөсүнө шайланып жүргөнүн баага батырбайт (Ашымбаев). – Секретарь келсе, ырыс кошо келет, – деп Франтишек аны даңазага чалып, баага батырбады («Ала-Тоо»).
Эң мыкты, абдан маанилүү, зор мааниси бар, баалуу. Алдыңкы тажрыйбаны пропагандалоо баа жеткис роль ойноого тийиш («Коммунист»). Аскар өмүрдүн эртеңинде баа жеткис сонун табылга таап, өзүн да, кишилерди да кубантчудай сезди (Сыдыкбеков). Улуу акындын бул эмгеги да баа жеткис эмгек (Бөкөнбаев).
Мыкты, абдан маанилүү, абдан баалуу. Ким сынап, ким баа берет өлчөп-ченеп, Баа жеткис дастандарды жазган өзүң (Үмөталиев). Гүлайымдын келиши энесине баа жеткис чоң жардам болду (Абдукаримов). Жеңил баа к. жеңил.
бааки, баакы I то же, чтобаары; баш ийүүдөн чыгып баратышат баакиси все они выходят из повиновения; түйшүктүн баакиси жалгыз мойнума түшө турган болду все заботы свалятся на мою шею; бууданы өлүп кетер деп, баакы киши жашыган фольк. полагая, что скакун падёт, все люди прослезились. баакы II катын баакы баба (о мужчине); келин баакы свёкор или свекровь, которые ни на шаг не отпускают от себя сноху.
баары менен бирдей. Баш ийүүдөн чыгып баратышат баакысы. Түйшүктүн баакысы жалгыз мойнума түшө турган болду; Бууданы өлүп кетер деп, баакы киши жашыган (фольк.).
1. оценивать, назначать цену; давать оценку, ценить; тутунган эне-атамдын эмгектерин, болбостур эч нерсеге баалап-теңеп стих. труд моих приёмных родителей не оценить (букв. ни с чем нельзя сравнить по ценности); жогору баалап высоко оценив; баалап иште работать сдельно; баалап иштөө сдельная работа, сдельщина; 2. предназначать, определять; элиме кара санаган, өлүмгө мени баалаган фольк. против народа моего злое замыслил, (этим) мне смерть предназначил; мал жегенсиң багыштан, Кудаке, эми баалап бергин кызыңды фольк. ты, Кудаке, от (рода) багыш получил скот (в калым), теперь достойно проводи (букв. определи) дочь свою.
1. Наркын, баасын белгилөө, баа коюу. Жиберилчү посылканы 15 сомго бааладык. 2. Бирөөгө, бир нерсенин же иштин сапатына, өзгөчөлүгүнө кандайдыр бир маани берүү, белгилүү бир даражада баа берүү, урматтоо. Белин байлап жигит ишке жараса, Баалайт өзү, эл адилет тараза (Шүкүрбеков). Эмгегиңди эл баалап, урмат кылса, Кубанарсың баладай карган кезде (Үмөталиев).
возвр. отбаала- 1. оцениваться; 2. перен. быть о себе слишком высокого мнения, переоценивать себя; важничать, чваниться; теги эле бааланып каласың ты уж очень высокого о себе мнения, ты заносишься.
Принцип множественности цен (Multiplicity of price principle) —Принцип, согласно которому все выигравшие на аукционе конкурентные заявки подлежат удовлетворению по указанным в них процентным ставкам.
баалаш I и. д. отбаала- оценка; жогору баалаш высокая оценка. баалаш- II взаимн. отбаала- 1. считаться с кем-чем--либо; придавать зкачение чему-л.; принимать во внимание что-л.; турмуш шарты менен баалашпайт он не считается с бытовыми условиями; 2. то же, что баала-2; жамандыкка баалашпа не истолкуй что-л. плохо.
БААЛОО – алдыга коюлган максатка, баалоо жол-жоболоруна, баалоочунун адептик талаптарын ылайык мүлктүн баасын бычуу. Аткаруу өндүрүшү боюнча, карызкордун мүлкүн баалоо сот аткаруучусу тарабынан аткарылып жаткан күндөгү базар баасынын куну боюнча бааланат. Эгер кандайдыр бир буюмдун баасын бычуу кыйынчылык туудурса же төлөмөр же аласа адам сот аткаруучусунун баа бычуусуна каршылыгын бирдирсе, сот аткаруучусу атайын адисти же экспертти тартуу аркылуу баалоо жүргүзөт.
БААЛОО ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалоо ишмердүүлүгүнүн субъекттери тарабынан жүргүзүлүп, эгер КР мыйзамдарында андан башкача каралбаса, каралып жаткан объекттерди базар баасы же дагы башка нарк менен баасын бычууга багытталган иш, ошондой эле инвестициялык долбоорлордун баасын аныктоо багытындагы иштер.
evaluation criteria (noun)
The categories of assignments for a given class, along with a percentage value that indicates how much each category weighs into the overall grade. Other factors, such as class participation, may also be considered.
БААЛОО УЮМУ – белгиленген тартипте каттоодон өтүп, карамагында белгиленген тартиптеги атайын сынактан өткөн 1 баалоочудан кем эмес кызматкери бар юридикалык жак. Ошол эле учурда, баалоочу сыяктуу эле баалоо уюму да бычылган баанын аныктыгы менен негиздүүлүгүнө толук жоопкерчилик тартат.
прям. , перен. ценный, дорогой (ср. кымбаттуу); балалык кез баарынан баалуу время детства - самое дорогое; териси өтө кымбат баалуу айбан очень ценный пушной зверь; баалуу тажирийбаларды өздөштүрүштү они овладели ценным опытом; өтө баалуу очень ценный; толук баалуу полноценный; алтын баалуу или баалуу алтын ценный, как золото, на вес золота; Токтогулдун чексиз баалуу алтын өнөрүнөн үйрөнгөн он учился на бесценном искусстве Токтогула.
сын.1. Кымбат, баасы жогору. Баалуу кийим. 2. Маанилүү, зор. Ойлоп чыгаруучулар техникалык прогресстин ишине баалуу салым кийрип жатышат («Коммунист»).
1. Баасы жогору, кымбат. Эмгектин алдыңкыларына баалуу сыйлыктар таркатылды (Сасыкбаев). Сатсаң баалуу, кийсең жылуу тон болот, Майы күчтүү, эти таттуу мейизден (Осмонкул). 2. Зор маанилүү, керектүү. Ойлоп чыгаруучулар техникалык прогресстин ишине баалуу салым кийирип жатышат («Коммунист»). Бул өтө назик жаралган баалуу өсүмдүктөр (Абдумомунов).
Ценная бумага (Security) —Документ, удостоверяющий имущественное право или отношение займа владельца документа по отношению к лицу, выпустившему такой документ.
БААЛУУ КАГАЗ – мүлктүк укуктун милдеттүү реквизиттерин жана белгиленген тариздеринин сакталуусун күбөлөөчү документ, же мыйзамда аныкталган укукту бышыктоонун башка ыкмасы. Б. к-ды өткөрүп берүү менен ал күбөлөндүргөн баардык укуктардын жыйындысы да өткөрүлүп берилет.
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫ – баалуу кагаздарды жүгүртүү жагдайы боюнча мамилелердин жыйындысы; каржылык базарлардын бири. Б. к. б-н жөнгө салуу төмөнкүлөрдү болжолдойт: а) Б. к. б-нын эмитент-теринин, кесипкөй катышуучуларынын ишмердигине жана анын стандарттарына милдеттүү талаптарды аныктоо; б) эмиссиялык баалуу кагаздарды жана эмиссиялардын проспекттерин чыгарууну каттоо жана эмитенттердин андан каралган шарттарды жана милдеттенмелерди сакташын көзөмөлдөө; в) Б. к. б-нын кесипкөй катышуучуларынын ишмердиктерин лицензиялоо; г) ээлеринин укуктарын коргоо жана алардын укуктарын Б. к. б-нын эмитенттеринин жана кесипкөй катышуучуларынын сакташына көзөмөл тутумун түзүү; д) тийешелүү лицензиясы жок Б. к. б-нда ишкердикти ишке ашыруучу адамдарга тыюу салуу жана ишине бөгөт коюу.
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНДА СООДАНЫ УЮШТУРУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарында: баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ортосунда жарандык-укуктук келишимдердин түзүлүшүнө түздөнтүз өбөлгө болуучу кызматтарды көрсөтүүчү кесиптик ишмердиктердин бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын жогоруда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздар базарында сооданы уюштуруучу деп аталат.
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНЫН КЕСИПКӨЙ КАТЫШУУЧУЛАРЫ – баалуу кагаздар базарында бир же бирнече кесиптик иш жүргүзүүгө атайын уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар.
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНЫН КЕСИПКӨЙ КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ӨЗАЛДЫНЧА ЖӨНГӨ САЛЫНУУЧУ УЮМДАРЫ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мыйзамга ылайык аракет кылуучу жана коммерциялык эмес уюмдар принцибинде иштей турган баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ыктыярдуу бирикмеси. Баалуу кагаздар базарын жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан берилген улуксаттын негизинде Б. к. б. к. к. ө. ж. с. у. статусу тапшырылат. Ал өз иш шарттарын камсыз кылуу, кесипкөйлүк адеп-актык калыптарын сактоо, баалуу кагаз ээлеринин жана уюм мүчөлөрү болуп саналган дагы башка кардарлардын кызыкчылыгын коргоо, баалуу кагаз аткарымдарынын эрежелери менен калыптарын белгилөө үчүн баалуу кагаздар базарынын катышуучулары тарабынан түзүлөт. Б. к. б. к. к. ө. ж. с. у-нын баардык кирешелери алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жумшалат жана ал анын мүчөлөрүнүн арасында бөлүштүрүлбөйт.
Премия по ценным бумагам (Securities premium) —Превышение справедливой (рыночной) стоимости ценной бумаги над её номиналом, без учёта начисленных процентов по купону (если условиями выпуска ценной бумаги подразумевается выплата купона).
БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздар базарында: юридикалык жактын же жеке ишкердин (белгилүү мезгил ичинде) акысын алуу менен өз атынан өзүнө ишеним башкарууга берилген, бирок башка бирөөгө таандык: а) баалуу кагаздарды; б) баалуу кагаздарды инвестициялоого берилген акча каражаттарын; в) баалуу кагаздарды башкаруудан түшкөн акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды башкарууну ишке ашырган кесипкөй ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. б. и. саналган баалуулуктардын ээлеринин же алар көрсөткөн үчүнчү кишилердин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылат.
БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ КАРМООЧУЛАРДЫН РЕЕСТРИ – эмитент, капиталдын өлчөмү, эмитент тарабынан жүгүртүмгө чыгарылган баалуу кагаздардын саны, категориясы (түрү) жөнүндө маалыматтардын, арбир каттоодон өткөн адам тууралуу ал менчик ээси болуп саналарын, баалуу кагаздын номиналдык кармоочусу же ишеним берилген башкаруучу экенин көрсөтүү менен жүргүзүлгөн жазуулардын бирдиктүү тутумдагы маалыматтардын жыйындысы; арбир аты жазылган акция, акцияны сатып алган убакыт, ошондой эле арбир акционердеги андай акциялардын саны жөнүндө алардын реквизиттери (акционер-юридикалык жактар үчүн – алардын жайгашкан жерлери, бет эсептери, инсанын күбөлөөчү документтеринин (паспорттун, аскер билетинин, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн ж. б. маалыматтары – сериясы, номери, берилген жери жана убактысы) акционер–жеке адамдар үчүн – жашаган жерлери) көрсөтүлгөн, эмитентке же реестрдин кармоочусуна көрсөтүлгөн реквизиттери боюнча акцияга карата барымтама укугу бар жактар дагы барымта кармоочу андай акциялар боюнча, ошондой эле баалуу кагаздарга укукту сатып алууга байланыштуу башка жагдайлар боюнча добуш берүү укугу жана баалуу кагаздар барымтага коюлганы, чачыратылганы жана бириктирилгени, баалуу кагаздар боюнча пайыздар төлөнгөнү тууралуу көрсөтүлүү менен акционерлердин реестрине киргизилүүгө тийиш.
Справедливая стоимость ценных бумаг (Fair value) —Сумма, на которую можно обменять ценную бумагу при совершении сделки между хорошо осведомленными, желающими совершить такую сделку и независимыми друг от друга сторонами.
БААЛУУ КАГАЗДАРДЫН БАШТАПКЫ БАЗАРЫ – бир тараптан эмитент же анын тапшырмасын аткарган баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусунун, дагы бир тараптан инвестордун ортосундагы баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу жүрүшүнөн келип чыккан мамилелер.
Бездокументарная форма ценных бумаг (Paperless securities) —Форма ценных бумаг, эмиссия и право владения которыми фиксируется в виде записи на счетах, без выпуска каких-либо подтверждений в бумажном виде. Владелец таких ценных бумаг устанавливается на основании записи в реестре владельцев ценных бумаг, а в случае депонирования ценных бумаг – на основании записи по счету депо.
Документарная форма ценных бумаг (Documentary form of securities) —Форма ценных бумаг, при которой владелец устанавливается на основании предъявления ценной бумаги, сертификата ценной бумаги, оформленных в установленном законодательством порядке.
Рыночный индекс ценных бумаг (Securities market index) —Агрегированный показатель, включающий в себя стоимость конкретных (отобранных по заранее определенному критерию) ценных бумаг и отражающий состояние рынка ценных бумаг или его сегмента.
Систематический риск ценных бумаг (Securities systematic risk) —Риск, связанный с изменениями конъюнктуры рынка (например, инвестиционного) под влиянием макроэкономических факторов, а не конкретной ценной бумаги. Характерен для всех ценных бумаг и не может быть устранен за счет диверсификации.
Вторичный рынок ценных бумаг (Secondary market of securities) —Рынок, на котором обращаются ценные бумаги, ранее выпущенные в обращение на первичном рынке ценных бумаг, то есть на этом рынке покупаются и продаются уже купленные однажды ценные бумаги.
Портфель ценных бумаг (Securities portfolio) —Совокупность различных видов ценных бумаг, находящихся в собственности или управлении субъекта рынка ценных бумаг.
Рынок ценных бумаг (Securities market) —Сегмент финансового рынка, в котором проводятся операции с ценными бумагами. Состоит из первичного и вторичного рынков.
БААЛУУ КАГАЗ ЧЫГАРУУ – ээлерине бирдей көлөмдөгү укукту камсыз кылып, бирдей эмиссия шартына (алгачкы жайгаштыруу) ээ болгон бирдей эмитенттеги баалуу кагаздардын жыйындысы. Бирдей чыгарылыштын баардык кагаздары бир мамлекеттик каттоо номерине ээ болууга тийиш.
БААЛУУ КАГАЗ ЧЫГАРУУНУ КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНУУ – баалуу кагаздардын эмиссия проспектисине атайылап туура эмес маалыматтарды киргизген, демек туура эмес маалыматтар киргизилген эмиссия пропектисин бекиткен же атайылап туура эмес жасалган эмиссия натыйжасын бекиткен жана ал жосун ири зыян тартууга алып келүү менен белгиленүүчү КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишкерчилик чөйрөсүндөгү кылмыш.
БААЛУУ КАГАЗ ЭМИССИЯСЫ (лат. emissio – чыгарым) – КР мыйзамдарында белгиленген баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча эмитент аракетинин ырааттуулугу. Эгер КР мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, эмиссия жолжобосу өзүнө төмөнкү баскычтарды камтыйт: эмитент тарабынан баалуу кагаз чыгаруу жөнүндөгү чечим түшүнүгүн; баалуу кагаз чыгарууну каттоо; документардык тариздеги чыгарылыштар үчүн – баалуу кагазды жана/же тастыктамаларды даярдоо; баалуу кагазды жайгаштыруу; баалуу кагаз чыгаруу жыйынтыгы тууралуу отчетту каттоодон өткөрүү.
Эмитент ценных бумаг (Security issuer) —Юридическое лицо, которое выпускает ценные бумаги в обращение и несет по ним обязательства в пределах установленных имущественных прав перед их собственниками.
БААЛУУ КАГАЗ ЭЭЛЕРИНИН РЕЕСТРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарына баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн курамын түзүүчү маалыматтарды: жыйноо, каттоо, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү боюнча кесиптик ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. э. р. ж. и. менен реестрдин кармоочусу аталган юридикалык жактар гана алектенүүгө акылуу.
БААЛУУ КАГАЗ ЭЭЛЕРИНИН РЕЕСТРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ТУТУМУ – баалуу кагаз ээлеринин тизмесин түзүүгө, көрсөтүлгөн жактарга маалыматтарды алууга жана жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү баалуу кагаз ээлери менен анын шарттуу кармоочуларынын атына катталган баалуу кагаздарга карата тутумда катталгандарды далдаштырууну камсыз кыла турган кагазда жана/же электрондук маалымат базасын пайдалануу аркылуу катталган маалыматтардын жыйындысы. Б. к. э. р. ж. т. тутумга өзгөртүү зарылчылыгын алып келе турган, ошондой эле тизме кармоочунун ал аракеттер менен байланышкан баардык фактылар менен документтер боюнча маалыматтарды чогултуу жана сактоо иштерин камсыз кылууга тийиш. Баалуу кагаз ээлери менен анын шарттуу кармоочулары Б. к. э. р. ж. т-на маалыматтарды берүү эрежесин сактоого милдеттүү. Көрсөтүүчүнүн баалуу кагаздары үчүн бул тутум таркатылбайт.
БААЛУУ КАГАЗ ЭЭСИ – баалуу кагаздар жеке
менчик катары тийиштүү болгон адам. Документардык таризде чыгаралган баалуу
кагаздардын эмиссиясына ээлеринин укуктары тастыктамалар менен (эгер ал
ээлеринин колунда турса) же депозитарийлердеги эсепке жазуу жана (эгер
тастыктамалар депозитарийге сактоого берилсе) тастыктамалар менен
күбөлөндүрүлөт. Документардык эмес таризде чыгарылган баалуу кагаздардын
эмиссиясына ээлеринин укугу реестр тармагында – реестрди кармоочунун эсебине
жазуу же (баалуу кагаздарга ээлик депозитарийде эсепке алынса) депозитарийдеги
эсептик жазуулар боюнча күбөлөндүрүлөт.
БААЛУУЛУКТАРДЫ БАНКТА САКТОО – КР жарандык мыйзамдары боюнча, сактоонун өзгөчө түрү. Банк баалуу кагаздарды, асыл металлдарды жана таштарды, башка асыл буюмдарды, анын ичинде документтерди сактоого кабыл ала алат. Б. б. с. келишиминин түзүлгөндүгү буюм сактоочуга банк тарабынан берилүүчү аты жазылган өздүк сактоо документи менен ырасталат, аны көрсөтүү сакталып турган баалуулуктарды буюм сактоочуга берүүгө негиз болуп саналат. Б. б. с. келишиминде кардарга банкта өзүнчө сейф (сейфтин көзүн, өзүнчө жайды) пайдаланууга берүү каралышы мүмкүн. Мындай келишим боюнча кардар баалуулуктарын сейфке өзү са-лат жана алат, бул үчүн ага сейфтин ачкычы, кардарды таанып-билүүгө мүмкүндүк берүүчү карточка, же кардардын сейфке жана анын ичиндегилерди алуу укугун ырастоочу башка белги же документ берилет. Банк кардарга берилген сейф турган жайга кирүүнү көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Келишимде атайын каралбаган учурда банк, эгер келишимдин шарттары боюнча кардардын катышуусуз сейфти ачууга же жабууга мүмкүн эместигин, же болбосо алжеткис күчтүн кесепетинен улам мүмкүн болгонун далилдей алса, сейфтин ичиндегилердин сакталбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
БААЛУУ МЕТАЛЛ – баардык түрдөгү жана баардык калыбындагы алтын, күмүш, платина менен платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий): иштетилбеген, жарым-жартылай иштетилген, уютулган, химиялык аралашмасы, буюм, бузулган, калдык түрүндө. Б. м-ды ченөө өлчөмү троя унциясы болуп саналат (1 троя унциясы =1/12 медициналык фунт = 31,1 гр.). КРде Б. м-дан жасалган буюмдар үчүн асылдуулук катышы белгиленген – проба (белгилүү бир Б. м. уютмасынын салмак бирдигинин миңдик катышына карата өлчөмү).
БААЛУУ МЕТАЛЛДАРДЫН ӨЛЧӨМ КУЙМАЛАРЫ – баалуу металлдардын салмагы 1000 г. жана куйманын лигатура салмагынын 99, 99 пайызынан кем эмесин негизги металлдын химиялык таза үлүшү түзгөн куймаларын даярдоо жана маркирлөө.
Мерные слитки драгоценных металлов (Measuring ingots of precious metals) —мерные слитки драгоценных металлов –изготовленные и маркированные слитки драгоценных металлов определенной массы с содержанием химически чистого основного металла не менее 99,99% лигатурной массы слитка.
БААЛУУ МЕТАЛЛДАР ЖАНА БААЛУУ ТАШТАР МЕНЕН АТКАРЫМДАР – төмөнкүлөргө байланышкан аракеттер: баалуу металлдарга жана баалуу таштарга менчик укугунун ж. б. укуктардын өтүүсүнө; баалуу металлдардын жана баалуу таштардын сактоочу жайларга, фонддорго жана корлорго келип түшүүсүнө, ошондой эле баалуу металлдарды жана баалуу таштарды сактоого жана берүүгө; кандай гана болбосун, заттардагы жана материалдардагы аларды өндүрүүдө жана пайдаланууда баалуу металлдардын жана баалуу таштардын кошундуларынын жана салмак абалынын өзгөрүүсүнө; баалуу металлдарды, баалуу таштарды КРге ташып кирүүгө жана КРден алып чыгуу.
БААЛУУ МЕТАЛЛДЫН КУНУ – куюндунун кунун аныктай турган мамлекеттик үлгү. Жасалган буюмдун өзөгүн түзчү баалуу металлдын салмактык бирдиги куюндудагы бирдиктин миңден бир бөлүгү аркылуу өлчөнөт.
ар. понимание, разумение; баамы терең жан человек с глубоким пониманием чего-л.; баамы жетпейт у него понимания не хватает; сөзүн баам кылып отур вникай в его слова; баам кылып оку читать внимательно, понимая (прочитанное).
Байкап билүүнүн натыйжасында келип чыккан белгилүү бир ой, түшүнүк, берилген баа. Менин өзүмдүн баамымда, ал макталып жүргөндөй эле бар (Абдумомунов). Асаке, – деди Шатен,– чынын айтсам, бул күүгө баамым жетпей калды, бул кандай күү? (Токомбаев).
понимать, разуметь; догадываться, замечать; арстан элең - андагын, айтканымды баамдагын фольк. ты ведь лев, (так) пойми, вникни в то, что я сказал; "бир оңтойлуу го" деп, баамдаган жерде түнөп калышка туура келди ему пришлось заночевать на том месте, которое показалось (ему) удобным; белегин берүүнү баамдай алган жок отдать подарок он не догадался.
Байкап билүү, баам кылуу, белгилүү бир ойго келүү. Калмураттын сүйлөөгө кубаты келбеди. Аны баамдай койгон Аманкул оор улутунду (Абдукаримов). Анын ачуусу келип, кыжыры кайнай турганын Алымкул өңүнөн эле баамдады (Абдумомунов).
баана, баанай то же, чтомаана II; баана кылып үңкүрдү, баатыр шериң жатты эле фольк. богатырь твой - лев, лёг в пещере, сделав её своим убежищем; Манаска тете уулум деп, баана кылып турайын фольк. мол, мой сын равен (по силе) Манасу, буду под его защитой; жаныма болду бул баана фольк. он стал моей опорой; башымдагы баанайым - балтыр бешик Семетей фольк. защита моей головы - мой младенец Семетей.
баар I ир. ранняя весна; весна; жакшы бир той кылайын жаздын алды баарда фольк. хороший пир устрою я ранней весной; кунаажын тууду бир күнү, жаздын баар айында стих. тёлка отелилась в один нз дней месяца ранней весны. баар II то же, чтобаарын. баар III малдан баар ач- или малдан баар төк- или малдан баар аш- или малдан баар чач- расточать, растрачивать, щедро расходовать скот, богатство, имущество; малдан ачтым баарды фольк. я щедро расточал свой скот; малдан төгүп баарды, кыдыртып кыйла шаарды фольк. я не жалел (букв. щедро расходовал) скот, приказав объехать много городов; чачпасам илек малымды, малдан ашып баарды фольк. (я не я буду) если не расточу свой бесчисленный (см.илек I) скот.
зат. 1. Коктөм, жаз алды. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар (Осмонов). Азуусу бар айбандар, Будагытөлдөйт баарда(Тоголок Молдо).
2. Ыракат, бакыт.Ар ким өз эмгеги менен баар таап, сүйгөнү менен өмүр сүрсө, кандай сонун болор эле(Жантөшев).
1. Жаз алды, көктөм, Жаңы-Арыктын жүздөгөн жардылары эрте баардан тартып эле алакандай жерлерин кетмендеп, урук сээп коюшту (Абдукаримов). 2. Жаз, жаз мезгили. Эбак жаз жадырап, төл торолуп, мал, жандын жарпы жазылган баар (Сыдыкбеков). || өт. Көңүл. өзгөчө Көк-Суу, Кырк-Кечик сыяктуу жерлерден өткөндө адамдын баары ачылат (Абдукаримов).
үзүр, убай, бакыт, ыракат, береке. Ак эмгегинен баар таап, эмгектин алдыңкысы деген ыйык атакка ээ болгон адамдарды да четтен табасың («Ленинчил жаш»). Катын Чүрөк тоюна, Сан карача бээ соём. Малдан ачам баарды, Чакырам кыйла шаарды («Сейтек»).
БААРАКЫ КАМСЫЗ КЫЛУУСУ – мыйзамда каралган учурларда мамлекет же дагы башка субъектер тарабынан жарандарды материалдык жактан (акча жагынан) камсыздоо таризи. КР укугу боюнча Б. к.боюнча негиздер: тийешелүү курак, майыптык, багуучусунун өлүмү (анын эмгекке жарамсыз үйбүлө мүчөлөрү үчүн), белгилүү бир иш-аракетти узак мезгил бою аткаруу.
БААРАКЫ КЕЛИШИМИ – салуучу бааракы аманатын салууга, ал эми фонд болсо мамлекеттик эмес бааракы алуучуга тандап алынган бааракы тартибине ылайык төлөп берүүгө милдеттенген, фонд менен салуучунун ортосунда алуучунун пайдасы үчүн түзүлгөн макулдашуу.
БААРАКЫ (ПЕНСИЯ) (лат. pensio – төлөм) – мыйзамдарда каралган учурларда (жаш курагы жеткенде, майып болгондо, багуучусун жоготкондо, иштеген жылы жана мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргенде) мамлекет же анын субъектиси тарабынан өмүр бою акча төгүмүнүн туруктуу төлөнүүсү, социалдык жактан камсыздоонун бир таризи болуп саналат. Ал мамлекеттик жана мамлекеттик эмес Б. болуп бөлүнөт (кара:Мамлекеттик бааракы,Мамлекеттик эмес бааракы).
баардаш I 1. близкий друг; наперсник; 2. возлюбленный, возлюбленная; баардаш, сенин дартыңдан басарга жок дарманым фольк. моя милая, тоскуя по тебе, я изнемогаю (букв. не имею сил двигаться). баардаш- II взаимн. отбаарда- говорить по душам, говорить интимно; баардашсам деп ойлоп, баргым келет үйүңө фольк. мне хочется пойти к тебе в дом (или в юрту), чтобы поговорить по душам.
чваниться; мнить о себе; мына ошондо Канчоро баарланып күүлөндү, жедигердин Кыязга болжолу жок сүйлөндү фольк. вот тут (богатырь) Канчоро, возомнив о себе, разошёлся и Кыязу (рода) джедигера наговорил невесть чего.
chat (noun)
A real-time conversation via computer using short instant messages between two or more participants. When a participant types a line of text and then presses the Enter key, that participant's words appear on the screens of the other participants, who can then respond in kind.
охот. беркут (после шестой линьки);
экинчи баарчын -- беркут после седьмой линьки (и т.д.);
аскаланган бийик зоонун боорунда, баарчын салган сонун уя көрүнөт стих. -- на склоне высокой горы с острыми скалами видно великолепное гнездо беркута;
ала баарчын бүркүттөй, бала кезде шаңшыган фольк. -- в детстве он клекотал, как пёстрый беркут (т.е. уже показал признаки будущего богатыря);
баарчындай болгон эр -- молодец сильный и храбрый;
өкүттө калган баарчындай умтулду -- он гневно рванулся вперёд (как разгневанный беркут).
1. Беш түлөгөн алты жашар бүркүт. Бир баарчын бүркүт шаңшып, аскаларды айланып учуп жүрөт (Баялинов). 2. Алты жаштан аркы бүркүттүн санат аты (бир баарчын, эки баарчын, үч баарчын).
(фонетически и орфографически часто смешивается со словом бар I, когда последнее оформлено притяж. аффиксами) все, всё; алтын, күмүш аралаш, калыңга берсе баарым бар фольк. если давать в калым золото вперемешку с серебром, (то) у меня всё (это) есть; капанын баары жоюлду фольк. вся печаль прошла; баарыңар все вы; баарысы все они; всё оно; бала кымбат, бала сонун баарынан стих. дети дороже, прекраснее всего; баарысына или барсына всем им; баары бир всё равно; баарыдан мурда прежде всего.
«Бүт, бардыгы» деген маанидеги айтылган сөз жок деген сөзгө карама-каршы маани берген бар сөзүнө сөз жасоочулук касиетке ээ болгон таандык мүчөсү -ы жалганышынан пайда болгон. Андай экени баары-жогу келди деген тизмектен айкын көрүнөт. Бул кош сөздүн составында карама-каршы маанидеги бар жана жок деген сөздөр турганы эч талашсыз. Ошол экөөнүн тизмеги жалпыланган «баары» дегенге жакын маани берет. Мына ушул бар+ы сөзү тактооч маанисине ээ болушу менен, демейдеги бары-жогу белгисиз деген сыяктуу өзүнүн түз маанисинде турган бар+ы түрүнөн айырмаланышы үчүн уңгудагы үндүү созулуп айтылып, баары түрүнө келген.
Алгач буттун терисин туюк сыйрып алып, иштеткенден кийин түбүн түптөп коюудан аяк жасалган. Кийин анын көлөмүндөгү идишти карападан, жыгачтан жасоого өтсө деле, алгачкы териден жасалган кездеги аты колдонула берген. Азыр пластмассадан, форфордон, айнектен, металлдан жасалса деле, атам заманда коюлган аты ал идишке коюла берет. Анткени алардын көлөмү жагынан бирдей болушу негизги ролду ойнойт.
охот. название ловчей птицы - помесь балабана (см.ителги) с сапсаном (см.ылаачын); "баарын" деген болучу, ылаачындын кырааны фольк. баарын - самый хваткий из сапсанов.
1. Баа жеткис, кымбат, өтө баалуу. Не бир сонун баасыз буюмдар. Баасыз кымбат сөз айтуу. 2. Сапаты төмөн, баасы төмөн, начар. Сапатсыз, баасыз кездеме.
Кадыр-баркы төмөндөө, кадыр-барктан кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Тоголок Молдодон акыры жалтайлап өзү чегинип, баасы кете түшкөн болушка Жалий нааразылыгын туйгуза чакырайды (Бейшеналиев).
Кадыр-баркы төмөндөө, кадыр-барктан кетүү, мурдагыдай болбой калуу. Тоголок Молдодон акыры жалтайлап өзү чегинип, баасы кете түшкөн болушка Жалий нааразылыгын туйгуза чакырайды (Бейшеналиев).
price tier (noun)
A price that reflects a representative value in other currencies. The specific price of a price tier that is shown in one currency will be close to the corresponding price in another currency. Foreign exchange, differences in taxation policies, and other market factors influence the determination of a price tier’s price that is shown in another currency.
1. богатырь, храбрец; герой (также офиц.); сактаса, элдин көрку баатырда фольк. украшение народа - герой, который охраняет его, не допуская врага; үйдө баатыр, жоодо жок погов. дома храбрец, а на войне его нет; молодец на овец, а на молодца и сам овца; баатыр кыз девушка-героиня; Советтер Союзунун Баатыры Герой Советского Союза; Социалисттик Эмгектин Баатыры Герой Социалистического Труда; "Баатыр Эне" "Мать-героиня" (почётное ввание); баатырларча или баатырча геройски, келтирбей жоодон героически; героический; баатырларча күрөш героическая борьба; баатырларча курман болду он геройски погиб; баатырча эрдик көрсөтүп, төшүңө орден тагып кел! фольк. прояви храбрость и геройство и возвратись с орденом на груди!; 2. ист. батыр (предводитель военной дружины, прославившийся своей храбростью или военным искусством; обычно свою деятельность батыр начинал с угона чужого скота, что считалось молодечеством; батыры в народе делились на шесть категорий: 1) адамдын шери батыр, удаль которого не знает предела и который не считается с опасностью; 2) кара көк баатыр или көк жал баатыр батыр, не оставляющий поле боя даже при тяжёлом ранении (подвязывающий переломленную руку к шее, ногу - в торока); 3) илекор баатыр батыр, ловкий на военные хитрости; 4) жеке баатыр батыр, отправляющийся на угон коней один, без товарищей; 5) ээрчиме баатыр батыр, идущий в бой или на угон коней, только глядя на других; 6) опсуз баатыр батыр, безрассудно бросающийся на врага и обычно попадающий в плен); баатыр жарасыз болбос погов. батыра без ран не бывает; баатыр башы военачальник, которому подчинялись тысяцкие; 3. форма обращения, иногда шутливая, к парню, к мальчику; ай, баатыр, ишке бир жарадың да! ой, парень, хорошо ты сделал!; баатыр кашка один из видов беркута; баатыр кашка деген бар - томогосун тартканда, көз жетпес жерден жутунат фольк. (беркут) баатыр кашка когда с него снимают колпачок (см.томого), видит (добычу) на недосягаемом (человеческому) глазу расстоянии.
зат.1. Эр, каарман, жүрөктүү. Үйдө баатыр, жоодо жок(макал).Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (Жантөшев).
2.Урматтоо, кайрылуу иретинде колдонулат.Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр(Сыдыкбеков).Анда Төштүк муну айтат: Көнөйүн, баатыр, көнөйүн(«Эр Төштүк»).
♦ Баатырсүйлөө — чоң сүйлөө, өкүм сүйлөө, мактануу. Советтер Союзунун Баатыры — өзгөчө каармандыгы, эрдиги үчүн СССРде берилүүчү ардактуу наам. Социалисттик Эмгектин Баатыры — эл чарбачылыгында, илим, маданият майданында көрсөткөн эң жогорку жетишкендиктери үчүн СССРде берилүучу ардактуу наам. Баатырэне — СССРде ондон кем эмес баланы тарбиялап өстүргөн энеге берилүүчү ардактуу наам.
БААТЫР (иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Б-дыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Б-дыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Б-дык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Б-лык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Б-лык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген эр уулдар эле эмес, жоокер аял каармандар да:
Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Тиштээрине таш таппай,
Кесээрине баш таппай,
Сары конуш бел таппай
Сайыша турган эр таппай (Сагымбай Орозбаков, 2. 65) бук болуп турат.
Жоокерчилик доордун шартына ылайык эрдик менен эл багып, атак-даңк, абройго ээ болгон Б-лар тынч турмушта бекер тура алышпайт. Манас жана анын чоролору «эр семирип бук болуп, ат семирип нык болду» делип тулпарлар кыймылсыз куру семирип, эр жигиттер кылар иши жок зериккен учурларында чатыраш ойноп, ордо атып чер жазышат, же ууга чыгып, ит агытып, куш салып, мергенчилик кылып бош убактыларын көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок эпостун башкы темасы сырткы баскынчы душманга каршы күрөш болгондуктан элдик Б-лар тынч турмушка караганда согуш аракетинде көбүрөөк
сүрөттөлөт. Жоокерлик салтка ылайык Б-лардын согушту самап турушу түрк-моңгол эпосторунун көпчүлүгүндө кезиге турган туруктуу мотивдерден. «Манаста» оң каармандардын образын терең, кенен ачууда жана артык сапаттарын айрыкча аларга карама-каршы коюлган терс каармандар алынган. Алардын да жоо саяр Б-лары, тоо бузар балбандары бар. Чексиз кара күч эпостогу негизги каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык же Б-дык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, Жолойду күчсүз, же Коңурбайды Б. эмес деп эч ким айта албайт. Бирок, алар моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат. Эпикалык салгылашуунун жүрүшүндөгү чечүүчү учурда уруш салтын бузуп качуу, же митайымдык кылуу душман Б-лары үчүн мүнөздүү көрүнүш болсо, кыргыз жоокерлеринин мүнөзүндөгү жетектөөчү белги эр жүрөктүүлүк, тайманбастык. Эпосто элдик баатырларды кас душмандары да жогору баалашат. Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырат, анын айтуусу боюнча Манаска «ок өтпөйт», «отто күйбөйт», «сууда чөкпөйт», «аны жеңиш кыйын». Калмактардын Акунбешим канынын кыргыздар кандай жоо экен деген суроосуна калмак аярынын жообунда эч тоскоолдукту билбес, жоодон жалтанбас шаңдуу жоокерлердин, душмандары үчүн сүрдүү күчтүн элесин — Б. элдин мүнөздөмөсү берилет. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салуу кыргыз жоокерлери үчүн адаттагы көрүнүш. Ал ошон үчүн Б. Б-лык аркасында гана эл өзүнүн элдигин сактап келди. Ошон үчүн «Манас» үчилтигинин идеялык мазмунун түзгөн адилет күрөш жана жеңиш менен шыктанган кыргыз Б-ларынын милдети — элди коргоо «эл четинде, жоо бетинде» туруу.
С. Алиев
1. Жоого каршы күрөшүүдө, салгылашууда эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адам. Баатыр жарасыз болбос (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). // сын. м. Жүрөктүү, тайманбаган, жалтанбас, кайраттуу. Кайраттуу баатыр Олжобай, Калың кыпчак көп элге, Бир башкача көрүнүп («Олжобай менен Кишимжан»). || Албеттүү, алп мүчөлүү. Тармал баштуу, баатыр дене, бүркүт көз, Дем алгандай тунук таза абадан (Токомбаев). 2. Бирөөгө урматтоо, кадырлоо иретинде, кээде тамашалоо иретинде кайрылганда колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр,– деди аялы (Сыдыкбеков). Абаз баатыр эмне жумуштап келиптир? – деди Касым кичинекей баласынын келген себебин билүүгө кызыккан өңдүү (Таштемиров).
БААТЫР БАШЫ — он миң аскерди башкарган аскер башчысы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аскердик ушул мааниде берилген. Чоң казатка аттанган колго Бээжинге туулуп-өскөн, анын жайын толук билген Алмамбет жол башчылыкка дайындалат. Он башы, жүз башы, миң башы, ошондой эле он миң аскерге башчы кылып «Он миңди баатыр башы деп, Ойлонсоң жумуш ушу деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124) Б. б-ны шайлайт.
баатырдык, баатырлык 1. геройство, героизм, храбрость; баатырдыкка даба жок погов. против геройства нет снадобья (героя не победить); баатырлык кылып душманга, фашисттин буздуң түнөгүн стих. ты проявил геройство (в борьбе) с врагом, разорив логово (см.түнөк) фашистов; баатырлык иштери геройские дела; 2. положение батыра (см.баатыр 2).
БААТЫРДЫК ҮЙЛӨНҮҮ — эпикалык башкы каармандын өзүнө ылайыктуу жарды издеп таап, ар кандай шарттарды аткарып, сыноолордон өтүп ага үйлөнүшү. Фольклорчу окумуштуулар алгачкы жамаат коомунун бузулуу мезгилинде эпикалык чыгарманын борбордук темалары «баатырдык үйлөнүү» жана «укмуштар менен күрөшүү» жөнүндө болорун белгилешет. Анткени, Б. ү. алгачкы эпостордун негизги темаларынын бири катарында адамзат коомунун белгилүү тарыхый доору менен шартталат. Эпикалык башкы каармандын үйлөнүшү жөнүндөгү салттык эпизод же мотив — ар кандай окуялардын өнүгүшүнүн бардык этаптарына, баскычтарына тиешелүү болот да, ар башка доорлордогу бүлө жана нике мамилелеринин мүнөзүнө жараша чагылдырылып жана өзгөрүп-өнүгүп турат. Адамзат коомунун ар бир доорунун өзүнүн эң башкы карама-каршылыгы болот. Элдик баатырдык эпостор ушул доорлордун негизги карама-каршылыктарынын натыйжасында пайда болот жана салттык көрүнүшкө айланып, өзүнүн өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарын башынан өткөрөт.
Мурунку уруулук жамааттын өндүрүш каражаттары бара-бара айрым бүлөлөргө таандык болуп жеке менчик негизги ролду ойной баштайт. Мындай өндүрүш каражаттарына болгон жаңы мамилелер эски түзүлүштүн түп-тамырынан бери бузулушуна алып келет. Ошентип, жаңыдан курула баштаган түзүлүш менен эски түзүлүштүн ортосунда зор карама-каршылык пайда болот. Бул кырдаал моногамиялык (бир нике келип чыккан жана аялдар күйөөсүнүн жамаатында турушу керек болгон) бүлөнүн түзүлүшү менен шартталышкан. Моногамиялык бүлө алгачкы жамааттык түзүлүштүн этикалык нормаларын, социалдык эрежелерин бузуп, прогрессивдүү умтулуш катарында аренага чыгат. Мына ушул моногамиялык бүлө үчүн күрөшүү жана аны идеализациялоо коомдун эң башкы идеологиялык маселелеринин бири болуп калат. Бул тарыхый кырдаал алгачкы эпостордогу Б. ү. жөнүндөгү сюжеттердин пайда болушуна зарыл шарт түзөт. Уруулук патриархалдык коомдун шартында үйлөнүү экзогамиялык (алгачкы коом мезгилинде; кийинчерээк да, жакын туугандардын же бир жерде чогуу жашаган жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы никеге тыюу салган салт. Кыргыз элинде кан жагынан болгон жакындык үйлөнүүгө тыюу салган. Жети атадан өтүп кеткенден кийин гана ошол уруудан аял алууга мүмкүндүк берген. Мындай эреже казактарда да болгон. Территориялык жайгашуу уруу группаларына байланыштуу болгондуктан, колуктуну дайым алыс жактан алышкан. Демек, бул түрк-моңгол урууларынын көпчүлүгүндө туруктуу салтка айланган) мүнөздө болгон. Башка элден же уруудан аял алуу максатында баруу үчүн баатыр бир топ тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан өтүүгө тийиш болгон. Мындай шарт ар кандай өнөрдү билүүнү, адамдын күчүн, кайратын талап кылган. Бул доордо матриархаттык мамилелердин ролу өз укугун анча жогото элек болгондуктан үйлөнүү конфликти өтө татаал болуп, күчтүү ситуациялык абалды түзгөн. Уруулук-патриархалдык коом бир нече кылымдарды кучагына алып, өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый этаптарга бөлүнөт. Ошондуктан үйлөнүү жөнүндөгү баатырдык эпостордун тематикасы да өз учурунда өзгөрүп, ар түрдүү варианттагы салттык сюжеттердин, эпикалык образдардын системасын пайда кылган.
Түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун баш каармандарынын бүлөлүү болуу үчүн күрөшү түрдүү салттык сюжеттерден түзүлгөн. Бул салттык сюжеттерден элдин байыркы доордогу бүлөлүк мамилелери, турмуштук салттары менен түздөн-түз шартталышкан Б. ү-нүн бир нече түрү болгондугун «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев төмөнкүчө белгилейт:
1) Жомоктук-мифологиялык мүнөздөгү үйлөнүү. Мында эпикалык баатырлар ар кандай мифологиялык жандыктардын (Теңери-каан, Ай-каан, Күн-каан, Жылан-бий жана башкалар) кыздарына үйлөнөт.
2) Байыркы элдин турмушунда болгон үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар кыз менен жекеме-жеке кармашып жана ар кандай мөрөйдү жеңип (баатырдын кыз же кыздын атасы койгон түрдүү тапшырмаларды аткарышы, тоскоолдуктардан өтүшү, негизинен мындай сыноолорго бир нече талапкерлер катышып, ошондо баатырдын жеңип чыгышы) үйлөнүшү, же болочок колуктунун өз каалоосу боюнча баатырды тандап, жактырып турмуш куруусу.
3) Элдердин кийинки доорлордогу коомдук турмушундагы үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар куда түшүү жолу менен калың берип же зордуктап тартып алуу менен үйлөнгөн.
Б. ү. темасындагы эпостун байыркы түрлөрүнүн белгилүүлөрүнүн бири катары эпикалык баатырлар алп кыздар менен жекеме-жеке кармашып жеңишке ээ болгондон кийин гана ага үйлөнүшү жөнүндөгү салттык сюжет эсептелет. Бул түрдөгү салттык сюжеттер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында ар түрдүү версияларда кеңири учурайт. Мисалы, хакастар менен якуттардын бир катар алптык эпосторунда, алтайдын «Ай-Маныс», шордун «Оглак», буряттардын «Аламжи Мерген», казактардын «Таласпай Мерген», огуздардын «Коркут атанын китеби», башкырлардын «Алпамша жана Барсын-Хылуу» жана башкалар элдик эпостордо сакталган.
Б. ү. салтынын эртеги доорго таандык стадиялык өнүгүшү алтайлыктардын эпосторунан ачык-айкын көрүнөт. Б. ү. салтынын алгачкы стадиясына тиешелүү болгон эпикалык сюжет «Кан-Бүдей» эпосунан жолугат. Кан-Бүдөй Теңери-каандын кызы Темене-Коону алыш үчүн асманга жөнөйт. Жылан-бий, Узун-Калап, Кыска-Калап («калап» — ырайымсыз, таш боор) Теңери-каанды коркутуп кызына кудалашып койгон болот. Теңери-каан: «Ушул үчөөнү жоготсоң Темене-Коо сеники болот» дейт. Кан-Бүдөй нечен жылы кармашып бул мифологиялык жандыктарды өлтүрүп, Теңери-каанга келет. Теңери-каан Кан-Бүдейге дагы бир нече кыйын шарт коёт. Үч аюуну, Үч көк буканы, Кер балыкты жана башкалар жандыктарды кармап, алып келгин деген тапшырма берет. Кан-Бүдей бул мифологиялык жандыктарды нечен кыйынчылыктар менен кармап келип берип Темене-Коого үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1-т., 1958, 24—31-б.). Б. ү-нүн бул тибинде эпикалык аракеттер негизинен жомоктук мифологиялык фондо мотивировкаланат. Эпикалык сюжеттердин курулушу көбүнчө фантастикалык ой жүгүртүүлөрдүн продуктусу катарында көрүнөт. Эпикалык баатырлардын жана алар үйлөнчү колуктунун кайсы элден же кайсы уруудан экендиги жөнүндө эч кандай түшүнүк сезилбейт. Бар болгону бүлө куруу жөнүндөгү түшүнүктү гана учуратабыз. Алтайлыктардын бул типтеги эпосторунун кейипкерлери да мифологиялык кейипкерлер болуп эсептелет. Мисалы, Күн-каан, Ай-каан, Теңери-каан, Эрлик-бий жана эпикалык баатырдын үйлөнүшүнө тоскоолдук кылуучу мифологиялык жандыктар: Жылан-бий, Кер-Балык, Көк-Бука жана башкалар.
Б. ү. салтынын стадиялык өнүгүшүнө мүнөздүү дагы бир байыркы эпикалык сюжет күйөө менен кыздын жекече мелдеши. Бул сюжет көп элдердин эпосторунда чагылдырылган баатыр кыздардын образы менен байланышкан. Баатырдык эпостордо экзогамиялык салт боюнча бүлө курууда кызды алуу үчүн бир нече талапкер аракет кылган. Талапкерлердин бири үйлөнүш үчүн атайын ар кандай мелдештер уюштурулган жана мөрөйдү кимиси утса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш — ат чабуу, бута атуу, жекеме-жеке күрөш мүнөздүү болгон. Турмуш куруудагы мындай салт байыркы мезгилдерде эле Орто Азия менен Борбордук Азиянын элдеринде болгондугун этнографиялык материалдар ырастайт. 2-кылымдын акырында 3-кылымдын башында жашаган грек жазуучусу Клавдий Элиандын жазган маалыматында: «Сактардын кимиси кыздарга үйлөнгүсү келсе, аны менен күрөшүүгө тийиш болгон. Эгерде кыз жеңсе, жеңилген киши туткун болуп анын карамагында калган. Күрөштө кызды жеңсе гана аны өзүнүн бийлигине алган» (Клавдий Элиан, Разнообразные повествования. СБ. Древние авторы о Средней Азии, Ташкент, 1940, 23—24-б.),— деп көрсөтүлөт. Өткөн кылымдын акырында этнограф В.И.Вербицкий тарабынан жыйналып, «Алтайские инородцы» деген ат менен жарыяланган фольклордук материалдардын ичинде кара сөз түрүндө жазылган бир катар эпостор бар. Ал материалдарда Б. ү. салтынын алгачкы тибине кире турган жана «Манас» эпосунун байыркы катмарын аныктоодо алтайлыктардын «Ай-Маныс» аттуу баатырдык эпосунун мазмуну ишенимдүү далил болуп берет. Жээк менен Ай-Маныс баатыр үйлөнүү үчүн Кан-Кызга барышат. Кан-Кыз: Күрөшкөндө кимди жыксам аны өлтүрөм, эгер жыгылсам — ошо кишиге тием» деген шартты коёт. Алар жети жылы күрөшүп, чабышып жатып экөө тең жеңилет. Ай-Маныс кайра Кан-Кыз менен күрөшүп, чабышып отуруп акырында жеңишке ээ болот. Шарт боюнча кыз ага тиет» (В. И. Вербицкий, Алтайские инородцы. — М., 1893, 146—165-б.). В. М. Жирмунский ушундай эле салт түрк-моңгол элдеринде байыртадан сакталып келатканынын жана 13-кылымда дагы учурай тургандыгын белгилеп, бир катар фактыларды келтирет (В. М. Жирмунский. Сказание об Алпамыше и богатырская сказка, М., 1960, 221—226-б.). Бул сыяктуу байыркы эпикалык сюжеттер «Манас» эпосунун тутумунан айкын көрүнөт. Маселен, Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы (башка варианттарда да чала чарпып айтылат) Манас менен Сайкалдын жекеме-жеке сайышын атоого болот. Жекеме-жекеде жеңилген Сайкал Манаска акыреттик жар болууга никелешсе, калмактын Кайыпдаң деген канынын кызы Карабөрк менен беттешип жеңишке ээ болуп Манас ага үйлөнөт. Алгачкы адамдардын дүйнөгө көз карашы чектелүү болгондуктан коомдун жана жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарын натура түшүнүшкөн жана алардын дүйнөгө болгон мамилеси алгачкы коомдордо мифологиялык мүнөздө болгон. Ошондуктан байыркы жамаат түзүлүшү кулап, уруулук-патриархалдык коомдун түзүлүү доорундагы үй-бүлө куруу үчүн күрөшү алгачкы Б. ү. тибиндеги эпостордун негизги идеясын түзөт да, ал тарыхый доордун поэтикалык чагылышы мифологиялык мүнөздө болот.
Б. ү. салтынын кийинки этабында окуя жомоктук мүнөздө болуп, айрым мифологиялык кейипкерлер катышкандыгына карабастан доордун тарыхый чындыктарынын көп үлүштөрү поэтикалык жактан реалдуу сүрөттөлөт. Бул типтеги Б. ү. салтында башкы кейипкер негизинен мифологиялык кейипкер эмес, кандайдыр бир шарттуу элдердин өкүлдөрү менен кандары болот. Чынында жар издөө, аны кыйынчылык менен табуу, көп тоскоолдуктар, кыйын тапшырмаларды аткаруу аркылуу гана аны алуу эпикалык салттардын ичинен жөө жомоктук мотивдердин эң эскилеринен. Укмуштуу көп окуялар, адам таң каларлык сыйкырдуу эпизоддордун көпчүлүк башаты да колукту издөө, аял алуудан башталат. Ал бирде алты баштуу ажыдаарды жеңсе, бирде алоолонгон отту кечип өтүп, укмуштуудай тоону ашып колуктусун тапкан же жер алдына түшүп кызды алууга жөндөмдүүлүгүн далилдеген ар түрдүү тапшырмаларды аткарган. Б. ү. салтынын мына ушундай тибине кыргыздын баатырдык эпосторунун ичинен жалгыз «Эр Төштүктөгү» Төштүк баатырдын жер алдына түшүп Көк-дөөнүн кызы Күлайымга үйлөнүшү кирет.
Эпикалык баатырларга турмушка чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Кыздын түбөлүк жарды «эркин» тандашы этнографиялык жана тарыхый материалдарга караганда энелик доорго таандык экени айтылат. Төштүк жер алдына түшкөндөн кийин кубулуп таз кейпин кийип, Көк-дөөнүн уюн кайтарат. Ушул учурда кандын бойго жеткен үч кызы өзүлөрүнө ылайыктуу күйөө тандашат. Кичүү кызы Күлайым Төштүктү тандап жактырат. Ага үйлөнгөндөн кийин баатыр кайын атасынын татаал тапшырмаларынан, сыноолорунан өтөт. Бир катар мифологиялык душмандарды жеңет. Үйлөнүүнүн ар кандай тиби сүрөттөлгөн эпостордо кандай гана мелдештин түрү болбосун негизинен баатырлар үйлөнгөнгө чейин аткарышат. «Төштүк» эпосунда бул мотив башкача берилет. Кызга үйлөнгөнгө чейин эмес, үйлөнгөндөн кийин гана Төштүк каардуу кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткара баштайт. Баатырдын үйлөнүшү дагы эң эски мотивдер менен коштолгон. Кандын алдына Төштүк таз кейпинде барат. Таз кейпин кийүү (түрк-моңгол элдеринин фольклорунда көп учуроочу образ. Көбүнчө эпикалык баатырлар башка элге же душмандарына барганда таз болуп кубулуп алат) эртеги адамдардын кубулуу ишеними менен байланышкан байыркы мотивдердин бири. Кыргыз эпосторунда бул өңдүү мотив жокко эсе. Жомоктордун эң эски үлгүлөрүндө гана бир аз кезигет. Мындай кубулуу хакас, алтай, якут, моңгол жомокторунда да, баатырдык эпосторунда да жыш учурайт.
...Алтай баатыры Козын-Эркеш Каратыкандын Байым-Сур деген кызын алуу үчүн жоо кийимин кийип, курал-жарагын алып жөнөйт. Кан кызынын колуна бир аяк кымыз, кунан койдун куйругун берип, элди чубатууга салат. Байым-Сур эч кимди урбай, элдин артында келе жаткан тазтаракайды (тазды) урат. Ачуусу келген кан элди кайрадан чубатат. Кызы кайра эле баягы тазды урат. Мындан кийин Козын-Эркеш кайын атасынын бир катар татаал тапшырмаларын аткарып кызына үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1959, 2-т., 113—150-б.). «Төштүк» эпосу боюнча Көкдөө бойго жеткен кыздарын күйөөгө бермек болуп, күйөө тандоону кыздардын эркине коёт. Колдоруна алма берет, кимди кааласа алма менен уруп, ошого чыгышмак (алма менен уруу эпостогу кийинки кошумча болуу керек). Анткени бул мотив элдин оозеки чыгармаларында негизинен кымыз, эт айтылат. Алма менен уруу иран, араб жомокторунда күчтүү. Мисалы, «Шах-Намэде» ушул мотив учурайт. Көкдөө кол алдындагы элдин баарын жыйнатып, чубатууга салат. Биринчи кызы бектин уулу Бекбачаны, экинчи кызы кандын уулу Канбачаны уруп, ошолорго турмушка чыгат. Үчүнчү кызы Күлайым эч кимди карабай коёт. Кайра-кайра чубатат, бирөөнү да алма менен урбайт. Акырында унутулуп калган уйчу тазды (Төштүктү) алып келишет. Кыз «тазды» уруп, ага тиет. Кыздын каалоосу боюнча элди чубатмага салып, алма ыргытып күйөө тандоо өзбектердин баатырдык «Рустем кан» поэмасында да кезигет (В. М. Жирмунский, X. Т. Зарифов. Узбекский народный героический эпос, М„ 1948, 158-б.).
Эртеги эпикалык баатырларга чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Алтай баатырдык эпосторунда мындай мотив айрыкча мааниге ээ. «Киндигибиз биздин бирге бүткөн, кирпигибиз биздин бирге ачылган», «Отум аны менен бирге күйгөн, орунум (төшөгүм) аны менен бирге салынган» деп баатырга турмушка чыгат. Кайсы гана элдин оозеки чыгармаларында болбосун эркин жар тандоо матриархаттык доордон келе жаткан мотив экендиги талашсыз. Бул эң эски мотив «Эр Төштүк» эпосунда да сакталып калган.
«Кожожаш» эпосунда да эркин күйөө тандоо идеясы айтылат. Бирок, мында мотив башкачараак талкууланат. Каракожонун кызы Зулайка Кожожаш мергенди жактырып баш кошот. Зулайканын Кожожаштын жаман кийимине карабай, адамдык сапатына карап мамиле кылууга жасаган аракети, «чарыкчанга тийди деп, чапаны жокту сүйдү деп», — кээде бир акылы тайкы мырзалардын ушагы, таптык жиктелүү ачык көрүнүп, социалдык карама-каршылык тереңдеп турган учурду көрсөтөт. Кандын кызы Зулайканын көп адамдын ичинен карапайым мергенди жактырышы, ага чын берилген татыктуу жар болушу аркылуу элдин адамгерчилик, карапайымдык жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн элеси берилген. Эпостун өзүндө да Күлайым менен Зулайканын эркин жар тандоо үлгүлөрүнөн бардык адам бирдей, аял менен эркек тең деген демократтык көз караштын жыйынтыгы чыгарылган.
Ал эми «Манас», «Курманбек», «Жаныш, Байыш» жана башкалар баатырдык эпостордо бүлө куруунун байыркы сюжетинин элементтери сакталган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Шооруктун кызы Акылай Манаска өзү каалап барат. Башка кыздар да чоролорду тандап жактырышат. Мисалы,
Болсун Манас эрим деп,
Кыздардан чыгып бөлүнүп,
Кыргоолдой мойну көрүнүп,
Сунала басып суйкайып,
Суу чыбыктай буралып,
Султан эрге бет алып,
Манастын барды кашына,
Кыз да болсо Акылай
Конду дөөлөт башына.
Теңин тапты, теңи деп,
Келди мунун эби деп,
Акылай мурда каалады,
Артыкпызбы андан деп
Алиги турган отуз кыз
Бирден - бирден кармады (Сагымбай Орозбаков, 2. 221),
— деп Акылай баш болгон кыздар өзүлөрүнө күйөө тандашат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда Карачтын кызы Көрпаян өзүнүн каалоосу боюнча Бакайды тандап барат.
Кыргыздын кенже баатырдык эпосторунда башка уруудан аял ала турган баатыр алп кыз менен жекеме-жеке кармашып жеңип же кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткарып үйлөнүүдөн башка да, болочокку кайын атасы менен жекеге чыгып, аны жеңип, кызына үйлөнүшү жөнүндөгү мотив сакталган. Ушул эң эски мотив «Курманбек» эпосунда коомдук талапка байланыштуу талкууланат. «Мени сайып ким жыкса, Канышайды берем деп Каалап жүргөн шарты бар» чоң баатыр Бакбуркан: ким Үргөнчтүн суусун кечип өтүп, мени жеңип, өзүнүн баатырдыгын, балбандыгын, эл коргоого жарамдуулугун көрсөтсө, кызымды ошого берем деп жар чакыртат; анын максаты өзү карыганда элге коргон боло турган баатырды даярдоо, табуу. Атасынын бул максатын туура түшүнгөн Канышай каршылык кылбайт жана сынга толгон Курманбек баатырга турмушка чыгат. Мындан байыркы симпатиялык байланыш, башкача айтканда күн мурунтан тагдырына жазылган жар жөнүндөгү мотивдин жаңырыгын көрүүгө болот.
Курманбекке чейин чамынып аккан Үргөнчтү эпикалык баатырлар — Семетей менен Күлчоро гана кечкен. Анда да Ооган каны Акундун кызы Айчүрөктү алуу үчүн барган кыргыз баатырлары эрдигине салышып аркы өйүзгө сүзүп өтүшкөн. Семетейдин да, Курманбектин да Ооган канынын кыздарына үйлөнүшү биздин оюбузча улуу эпостун кенже эпоско тийгизген таасиринен болушу ыктымал. Бирок, эки эпос бул мотивди эки башка талкуулайт. «Семетей» эпосунда матриархаттын элементтери кезигет. Ал аялдардын күйөө тандашынан байкалат. Айчүрөктүн баатырларды сынашында матриархаттын элементтери сакталган. Ошондой болсо да Чынкожо, Толтой Айчүрөктү алабыз деп көп кол менен келип, шаарын курчап алганы көпчүлүк варианттарда салттык түрдө айтылат. Айчүрөк 40 күн күтүүгө убадалашып, аккуу кебин кийип, Таласка келип, шумкарды амал менен алып кеткенде, аны издеп барган Семетей өзүнө ылайык өмүрлүк жары Айчүрөктү Чынкожо, Толтой менен салгылашып жатып, күч менен алганы белгилүү. «Курманбекте» болсо баатыр мурда эч качан көрбөгөн кыздын кабарын угуп, кайын атасынын шартын аткарып үйлөнөт.
«Манас» үчилтигиндеги негизги теманын бири болгон Б. ү. темасы эпостун ар бир бөлүгүндө, ар башка варианттарында көп өзгөрүүгө дуушар болуп, ар түрдүү айтыла баштаган. Ч. Валиханов жазып алган версияда Б. ү-нүн байыркы белгилери сакталып, Манас аялын салгылашып жатып күч менен тартып алат. Анда «өңүнүн актыгы ак кардай, бетинин кызылы ак карга тамган кандай болуп кызарып турган, чачы согончогуна жеткен, жыты жыпар жыттанган, тиши акактай агарган» Каракандын кызы Каныкейге (түп нуска боюнча Ханкей) Манас атасы Жакыпты куда түшкөнү жибергени менен башталат. Жакып уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп жерди кыдырып жүрүп Букарга барат. Бирок Жакыптын уулуна кан кызын бербейт да: «Менин кызыма кандын уулу тең келет, сенин уулуңа кедей бийдин кызы татыктуу» дейт. Манас согуш ачат дагы кызды зордоп алат». Мындан элдик оозеки адабиятта кездешкен колуктуну күч менен зордоп алган Б. ү. салты боюнча Манас Каракандын кызы Каныкейди алганы көрүнөт. «Манастын балалык чагы жана Каныкейге үйлөнгөнү» жөнүндө Ч. Валиханов кыскача жазып алган эпизоду ушуну менен бүтөт (Вестник Академии наук Казакской ССР, 1965, № 8. 421-б.).
«Манас» эпопеясынын сюжеттик сызыгында үйлөнүү салты боюнча эң көрүнүктүү орунду ээлеген эпизод Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Бул эпизоддо элдин бүлөлүк, никелик каада-салттары кенен сүрөттөлөт. Айрым эпикалык мотивдердин байыркы белгилери учураган менен негизинен кыргыздардын кийинки доорлордогу үй-бүлөлүк салттардын атмосферасы менен шартталышат. «Байыркы кыргыздарда социалдык абалына жараша калың үчүн ар кандай санда мал берип үйлөнүшкөндүгү жөнүндө байыркы даректерде эскерилет» (Н. Я. Бичурин. Собрание сведений... М.—Л., 1950, 1-т„ 353-б.). Кыргыздарда кудалашып калыңына төрт түлүк мал төлөп үйлөнүү — байыркы мезгилдерден тартып кийинки эле убактарга чейин өкүм сүрүп келген салт. Ошондуктан Манастын Шатемирдин (Каракан) кызы Каныкейге үйлөнүшү кийинки салт боюнча конкреттештирилип берилген. «Сейтек» эпосунда да Б. ү. өзгөрүп, кийинки мезгилдеги турмушта учураган асыресе көрүнүштөргө өтө жакын сүрөттөлөт.
Б. Кыдырбаева, А. Муратов
БААТЫРДЫК ЭПОС — элдин (уруктун, уруунун, тайпанын) өзүнүн жашоосу, көз карандысыздыгы үчүн душман күчтөр жана көбүнесе тарыхый, социалдык-саясий шарттар менен кагылышууларынан келип чыккан күрөшүн чагылдырган чылк ыр же кара сез аралашкан көркөм баян. Бул эпостордун борборунда өз жамаатынын эң жакшы жактарын, баатырдык сапаттарын типтештирген каарман турат. Мындай эпикалык чыгармалардын кээ бирлеринде «аскердик демократия» доорунун шартына ылайык өздөрүнүн этникалык аймагын кеңейтүү, согуш олжосуна ээ болуу үчүн күрөшкөн тигил же бул уруунун, тайпанын жортуулдары баяндалган. Көп элдердин фольклорундагы мындай чыгармаларды конкреттүү тарыхый, илимий талдоо аларды классикалык мурастын ажырагыс бөлүгү катары туура иликтөөгө жана сын көз менен өздөштүрүүгө толук кызмат кылат. Ошону менен катар Б. э-тордун, айрыкча феодалдык доордогу эпостордун мазмунун элдердин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн баскынчыларга каршы күрөшү түзөт. Ошондуктан ар бир эл өзүнүн Б. э-ун басып өткөн тарыхый жолунун улуу эстелиги катары, урпактарды патриоттук духта тарбиялоонун булагы катары карайт. Өзүнүн формасы, композициялык түзүлүшү боюнча Б. э-тор бир түрдүү эмес, ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайык айырмачылыктарга ээ. Бирок, бардык элдердин Б. э-торуна типологиялык окшоштуктар да мүнөздүү. Оң каармандын өз уруусуна же элине чексиз берилгендиги, душман менен келишпестиги, чечкиндүүлүгү, баатырдыгы, кара күчкө карктыгы, өлбөстүгү жана башкалар бардык Б. э-торго жалпы орток типтүү көрүнүш. Ошондой эле көпчүлүк эпосторго мүнөздүү көрүнүштөр: фантастикалык гиперболалаштыруу, композициялык жактан окуялардын үзгүлтүксүз өнүгүшү, стилдик жагдайда салмактуу ыраатта баяндалышы, эпизоддорду, көрүнүштөрдү деталдаштыруу; салттык кырдаалдардын, мотивдердин, формулалардын, жалпы орундардын (айрыкча баатырдын жортуулунун сүрөттөлүшү, каармандын үйүнөн аттанып чыгышы жана кайтып келиши, душманды куугунтукташы, жекеге чыгышы, куралдарынын сүрөттөлүшү жана башкалар), туруктуу эпитеттердин, кайталоолордун молдугу жана башкалар Б. э. тарыхый өсүп-өнүгүп олтуруучу жанр жана стадиялык өнүгүшү жагынан мифологиялык эпосторго караганда бир кыйла кийин пайда болгон, бирок ал дагы таптык коомго чейин, атап айтканда, энелик коом ыдырап, аталык коом менен алмашыла баштаганда түзүлө баштап, «аскердик демократия» доорунда жана тайпалардын курала баштаган мезгилинде калыптанып, кул ээлик жана феодалдык коомдордо өсүп-өнүгүшүн улантат. Эпостордун өнүгүшүнүн көөнө (архаикалык) стадиясында ненецтердин сюдбоби, эвенктердин нимканы, керел-финндердин руналары, якуттардын олонхосу, буряттардын улигери, алтай, хакас, тувалардын эпикалык ырлары, кавказ элдеринин нарттары жана башкалар пайда болгон. Мамлекеттер түзүлгөндөн кийин пайда болгон эпостор да бир кылка эмес, булар бир жагынан кул ээлик дүйнөнүн классикалык эпопеялары, экинчи жагынан европалык эрте феодализмдин эпикалык ырлары жана поэмалары, акырында мамлекетинин калыптанышы өтө создугуп кеткен көчмөн элдердин эпопеялары («Алпамыш», «Жангар», «Гэсэр») пайда болгон. Өнүккөн феодализмдин типтүү эпикалык чыгармаларына орустардын былиналарын, түштүк славяндарда юнактардын ырларын, «Сасундук Давид», «Роланд жөнүндө ыр», «Сид жөнүндө ыр» жана башкалар чыгармаларды кошсо болот. Б. э-тордун стадиялык ар кыл түрлөрү «таптаза» формалардан турбайт. Бүгүнкү күндө жазылып алынган көөнө формадагы эпостор узакка созулган эволюцияны башынан өткөрүү менен кийинки тарыхый шарттардын, идеологиянын элементтерин өзүнө сиңирип, жаңыланган, толукталган мүнөзгө ээ болсо, «классикалык» феодализмдин шартында калыптанган нагыз тарыхый эпикалык чыгармалар эң көп сандагы көөнө элементтерди өзүндө сактап жүргөн болот. «Манас» эпосу өсүп-өнүгүшү жана түзүлүшү боюнча өтө татаал чыгарма болгондуктан, андагы ар кыл мүнөздөгү көптөгөн окуялар эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрлөрүн (биографиялык, генеологиялык, эпикалык борбордун айланасында циклдештирүү) өзүнө камтуу аркылуу өтө бекем тутумдашкан. Ал бул түрдөгү фабулалык синтезге ээ укмуштуудай зор эпопеяга соңку кездердеги компилятивдүү мүнөздөгү механикалык кураштыруу жолу менен эмес, элдик оозеки эпикалык чыгармачылыктагы жанр катары тарыхый өнүгүүнүн бардык баскычтарын басып өтүп, табигый түрдө келген. Бул жагынан «Манас» эпосу уникалдуу чыгарма, анткени дүйнө элдеринин бүгүнкү күндө илимге белгилүү бир да эпос «Манас» сыяктуу көөнө формасынан тартып эпостун гүлдөп өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен классикалык формасы тарыхый-баатырдык эпопеяга чейинки эволюциясын (эпос мындан кийин жанрдык өнүгүүсүн токтотуп авантюралык, сүйүү мотивдерине жол бошотсо, экинчи жагынан тарыхый ыр, баллада жанрына трансформацияланат) өз башынан кечирген эмес. «Манас» эпосунун Түштүк Сибирь, Борбор Азиядагы түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомоктору (көөнө эпостору) менен генетикалыктипологиялык жакындыгы бар экендигин В. В. Радлов революцияга чейин эле хакастардын эпостору менен параллель карап көрсөткөн. В. М. Жирмунский «Манастын» жомоктук мифологиялык фантастика үстөмдүк кылган байыркы тарыхка чейинки катмары баатырдык жомоктун көөнө тибине жатарын белгилөө менен анын каармандарынын, сюжетинин Сибирдеги түрк элдеринин баатырдык жомоктору менен окшоштугун көрсөткөн. Окумуштуунун ою боюнча бул катмар кыргыздардын байыркы мекени Эне-Сай (Енисей) боюнда 6-кылымдан тартып түзүлгөн. Ошентип, «Манас» эпосунун алгачкы башаты көөнө эпостон (В. М. Жирмунский боюнча баатырдык жомок) башталат жана ал катмар якут, хакас, бурят, алтай элдеринин эпикалык чыгармалары менен түптөш. Бирок, «Манаста» жомоктук фантастика негизги жана жетектөөчү элемент эмес, анын окуялары элдин башынан өткөргөн тарыхый шарттарга бекем байланыштуу келип, өзүнүн мазмуну боюнча байыркылык кылган баатырдык жомоктордон айырмаланып турат. В. М. Мелетинский дүйнөдөгү илимге белгилүү эпостордун бардыгын салыштырып келип, «Манасты» бул жанрдагы чыгармалардын тарыхый өнүгүүсүнүн соңку этабына таандык деп эсептеп, классикалык формадагы баатырдык тарыхый эпоско кошот. Окумуштуу эпостордун көөнө формадан классикалык тарыхыйбаатырдык формага өтүшүн талдай келип: «...түрк элдеринин эпосторунун чегинде көөнө баскыч якуттардын, алтай саяндыктардын эпосторунда кашкая көрүнөт, башка түрк элдеринин фольклорунда бул баскыч калдык түрүндө гана сакталган. Классикалык эпика үчүн мүнөздүү көрүнүш катары — жомоктук өмүр баян мотивдери кыргыз эпосунда Гесер, Жангар сыяктуу чексиз баатыр жана өкүмдар — Манастын балалык, жигиттик кези менен чектелет. Бирок Манастын биринчи эрдиги фантастикалык желмогузду өлтүрүү эмес, баскынчы калмактын үстүнөн болгон жеңиш. Манастын негизги душмандары Гесер өзүнүн жортуулдарын жасаган сыйкырдуу күчкө ээ падышаларга салыштырганда алда канча тарыхый конкреттүү. ««Жангардагы-эпикалык душмандар сыяктуу аларда жомоктук шарттуулуктун чүмбөттөмөсү жок» (Е. М. Мелетинский. Введение в историческую поэтику эпоса и романа. М., 1986, 103-б.). Ошентип, «Манас» эпосу өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында эпос жанрынын эволюциялык өнүгүшүнүн бардык баскычтарын басып өтүп жана эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрүн өз ичине камтып, байыркы баатырдык жомоктон (көөнө эпостон) классикалык формадагы тарыхый-баатырдык зор көлөмдүү эпопеяга айлануу менен эпос жанрынын гүлдөп өнүккөн эң жогорку чегине жеткен үлгүсү болуп саналат, к. Тарыхый-баатырдык эпос.
Р. Сарыпбеков
БААТЫРКАН — эпизоддук кейипкер. Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттүн атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 38).
БАБА-ДЫЙКАН — мифологиялык кейипкер Орто Азия элдеринин мифологиясында (өзбектерде — Бобо-Дехкон, түркмөндөрдө — Баба-Дыйхан, казактарда — Дикан-Баба, Дикан-Ата, каракалпактарда — Дийхан-Баба, тажиктерде — Бобо-и-Дехкон) дыйканчылыктын пири. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында Б.-Д. аксакал, кээде куш түрүндө сүрөттөлөт. «Манас» эпосунун бир катар эпизоддорунда колдоочу катары активдүү роль ойнойт. Багыш Сазановдун вариантында кытайлар тарабынан чабылып Алтайга сүрүлүп, анын үстүнө атасынан жаш калып жетинбеген турмушта жашап, агасы Байга көз каранды жүргөн Жакыпка жайдак кызыл өгүз минген селдечен аксакал киши жолугуп, Айкөл деген жерге эгин эк деп кеңеш берет. Анын кеңеши боюнча Жакып агасы Байдан куржун көзү буудай алып, айтылган жерге барат. Б.-Д-дын касиети менен Жакып эккен эгининен мол түшүм алат. Ошол жылы кара чегиртке каптап, башкалардын эгини апатка учурайт. Жакып эгинин элге сатып байый баштайт. Саякбай Каралаевдин варианты нда болсо малымды элге таратып, байлыгымды түгөтүп жатасың деп ачууланган атасына тарынып кеткен Манаска аксакалчан думана жолугуп, ортоктош болуп эгин эгели деп сунуш кылат. Манас макул болуп, абышка кайыптан пайда кылган кош өгүздү буурусун кармап, аксакал жетелеп кош айдап, урук себишет. Эгин бышканда Манас уктап кетсе эгин орулуп бастырылып, кызылы тоодой болуп жыйылып калат. Бул иштин баарын карыя керемет менен бүтүрөт, ал Манаска жоого минүүгө тулпар сатып ал деп кеңеш айтып, көздөн кайым болот. Манас чоңдугу тоодой болгон эгинин бүт берип Карача кандан Кула Тайды, келечектеги Аккуланы сатып алат. Саякбай Каралаевдин варианты нда бул кейипкердин аты Баабедин деп берилет. Элдик уламышта, оозеки адабиятта Баабединдин аткарган милдети башка (к. Баабедин). Сыягы айтуучу Б.-Д. менен Баабединдин аттарын алмаштырып, чаташууга жол берген.
Р. Сарыпбеков
то же, чтобаатырсы-; Алгара минип алыптыр, баатырсынып калыптыр фольк. сел он на (коня) Алгару и расхрабрился; баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөрбүз погов. парня, который храбрится, мы проверим, когда враг придёт; баатырсынып басып кетти он пошёл с как бы независимым видом.