этиш. Байкоо, түшүнүү, баам кылуу. Кексе кары баланын оюн баамдай койду (Касымбеков).
понимать, разуметь; догадываться, замечать;
арстан элең - андагын, айтканымды баамдагын фольк. ты ведь лев, (так) пойми, вникни в то, что я сказал;
"бир оңтойлуу го" деп, баамдаган жерде түнөп калышка туура келди ему пришлось заночевать на том месте, которое показалось (ему) удобным;
белегин берүүнү баамдай алган жок отдать подарок он не догадался.
Байкап билүү, баам кылуу, белгилүү бир ойго келүү. Калмураттын сүйлөөгө кубаты келбеди. Аны баамдай койгон Аманкул оор улутунду (Абдукаримов). Анын ачуусу келип, кыжыры кайнай турганын Алымкул өңүнөн эле баамдады (Абдумомунов).
Тез байкай билүүчү, баамдай билген, байкагыч, баамчыл. Баамдагыч адам. Баамдагыч болуу.
баамдагычтык, баамдагычтыгы
Тез байкай билүүчүлүк, баамдай билгендик, байкагычтык, баамчылдык. Баамдагычтык – жакшы сапат.
баамда этишинин аркылуу мамилеси.
баамда этишинин аркылуу мамилеси. Баамдатып үйрөтүү. Баамдатып коюу.
баамда этишинин кош мамилеси.
баамда этишинин кош мааниси. Баамдашып байкашуу. Баамдашып көрүү.