Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жоого каршы күрөшүүдө, салгылашууда эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адам. Баатыр жарасыз болбос (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). // сын. м. Жүрөктүү, тайманбаган, жалтанбас, кайраттуу. Кайраттуу баатыр Олжобай, Калың кыпчак көп элге, Бир башкача көрүнүп («Олжобай менен Кишимжан»). || Албеттүү, алп мүчөлүү. Тармал баштуу, баатыр дене, бүркүт көз, Дем алгандай тунук таза абадан (Токомбаев). 2. Бирөөгө урматтоо, кадырлоо иретинде, кээде тамашалоо иретинде кайрылганда колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр,– деди аялы (Сыдыкбеков). Абаз баатыр эмне жумуштап келиптир? – деди Касым кичинекей баласынын келген себебин билүүгө кызыккан өңдүү (Таштемиров).