БААГА БАТЫРБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан жогору саноо, эч жанга теңебөө, мактоо, урматтоо. Гүланда Ашырбектин элге алынып, башкарма мүчөсүнө шайланып жүргөнүн баага батырбайт (Ашымбаев). – Секретарь келсе, ырыс кошо келет, – деп Франтишек аны даңазага чалып, баага батырбады («Ала-Тоо»).