Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бүт, бардыгы» деген маанидеги айтылган сөз жок деген сөзгө карама-каршы маани берген бар сөзүнө сөз жасоочулук касиетке ээ болгон таандык мүчөсү -ы жалганышынан пайда болгон. Андай экени баары-жогу келди деген тизмектен айкын көрүнөт. Бул кош сөздүн составында карама-каршы маанидеги бар жана жок деген сөздөр турганы эч талашсыз. Ошол экөөнүн тизмеги жалпыланган «баары» дегенге жакын маани берет. Мына ушул бар+ы сөзү тактооч маанисине ээ болушу менен, демейдеги бары-жогу белгисиз деген сыяктуу өзүнүн түз маанисинде турган бар+ы түрүнөн айырмаланышы үчүн уңгудагы үндүү созулуп айтылып, баары түрүнө келген. Алгач буттун терисин туюк сыйрып алып, иштеткенден кийин түбүн түптөп коюудан аяк жасалган. Кийин анын көлөмүндөгү идишти карападан, жыгачтан жасоого өтсө деле, алгачкы териден жасалган кездеги аты колдонула берген. Азыр пластмассадан, форфордон, айнектен, металлдан жасалса деле, атам заманда коюлган аты ал идишке коюла берет. Анткени алардын көлөмү жагынан бирдей болушу негизги ролду ойнойт.