баатыр
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Эр, каарман, жүрөктүү. Үйдө баатыр, жоодо жок (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (Жантөшев).
2. Урматтоо, кайрылуу иретинде колдонулат. Ачууңузду токтото туруңуз, баатыр (Сыдыкбеков). Анда Төштүк муну айтат: Көнөйүн, баатыр, көнөйүн («Эр Төштүк»).
♦ Баатыр сүйлөө — чоң сүйлөө, өкүм сүйлөө, мактануу. Советтер Союзунун Баатыры — өзгөчө каармандыгы, эрдиги үчүн СССРде берилүүчү ардактуу наам. Социалисттик Эмгектин Баатыры — эл чарбачылыгында, илим, маданият майданында көрсөткөн эң жогорку жетишкендиктери үчүн СССРде берилүучу ардактуу наам. Баатыр эне — СССРде ондон кем эмес баланы тарбиялап өстүргөн энеге берилүүчү ардактуу наам.