БАА ЖЕТКИС
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эң мыкты, абдан маанилүү, зор мааниси бар, баалуу. Алдыңкы тажрыйбаны пропагандалоо баа жеткис роль ойноого тийиш («Коммунист»). Аскар өмүрдүн эртеңинде баа жеткис сонун табылга таап, өзүн да, кишилерди да кубантчудай сезди (Сыдыкбеков). Улуу акындын бул эмгеги да баа жеткис эмгек (Бөкөнбаев).