Баалуу металл
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БААЛУУ МЕТАЛЛ – баардык түрдөгү жана баардык калыбындагы алтын, күмүш, платина менен платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий): иштетилбеген, жарым-жартылай иштетилген, уютулган, химиялык аралашмасы, буюм, бузулган, калдык түрүндө. Б. м-ды ченөө өлчөмү троя унциясы болуп саналат (1 троя унциясы =1/12 медициналык фунт = 31,1 гр.). КРде Б. м-дан жасалган буюмдар үчүн асылдуулук катышы белгиленген – проба (белгилүү бир Б. м. уютмасынын салмак бирдигинин миңдик катышына карата өлчөмү).