БААРАКЫ АКТИВДЕРИ – пенсиялык салымдардан жана бааракы эсебинде эске алынуу менен жайгаштырылган киреше бөлүктөрүнөн түзүлүүчү кордун акча активдеринин (акча каражаттарынын) таризи.
БААРАКЫ АМАНАТЫ – салуучу тарабынан алуучунун пайдасына төгүлгөн акча каражаты.
БААРАКЫ КАМСЫЗ КЫЛУУСУ – мыйзамда каралган учурларда мамлекет же дагы башка субъектер тарабынан жарандарды материалдык жактан (акча жагынан) камсыздоо таризи. КР укугу боюнча Б. к.боюнча негиздер: тийешелүү курак, майыптык, багуучусунун өлүмү (анын эмгекке жарамсыз үйбүлө мүчөлөрү үчүн), белгилүү бир иш-аракетти узак мезгил бою аткаруу.
БААРАКЫ КЕЛИШИМИ – салуучу бааракы аманатын салууга, ал эми фонд болсо мамлекеттик эмес бааракы алуучуга тандап алынган бааракы тартибине ылайык төлөп берүүгө милдеттенген, фонд менен салуучунун ортосунда алуучунун пайдасы үчүн түзүлгөн макулдашуу.
БААРАКЫ НЕГИЗДЕРИ – мамлекеттик эмес бааракы корунун катышуучусунун мамлекеттик эмес бааракы алуу укугуна ээ болуу шарты.
БААРАКЫ (ПЕНСИЯ) (лат. pensio – төлөм) – мыйзамдарда каралган учурларда (жаш курагы жеткенде, майып болгондо, багуучусун жоготкондо, иштеген жылы жана мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргенде) мамлекет же анын субъектиси тарабынан өмүр бою акча төгүмүнүн туруктуу төлөнүүсү, социалдык жактан камсыздоонун бир таризи болуп саналат. Ал мамлекеттик жана мамлекеттик эмес Б. болуп бөлүнөт (кара:Мамлекеттик бааракы,Мамлекеттик эмес бааракы).
БААРАКЫ ТАНДОО УКУГУ – КР бааракы мыйзамдары боюнча жарандын бир эле мезгилде ар түрдүү мамлекеттик бааракылардын бирин тандоо укугу.
БААРАКЫ ТАРТИБИ – бааракы топтомдорунун түзүлүү жана бааракы төлөө тартибин аныктай турган шарттардын жыйындысы.
БААРАКЫ ТОПТОМУ – бааракы алуучунун эсебинде жыйналган бааракы салымдары менен инвестициялык кирешелердин жалпы өлчөмү, бааракы алуучунун алдындагы акчалай кор милдеттенмесинин көлөмү.
БААРАКЫ ЭСЕБИ – бааракы аманаттары менен анын төлөмдөрүнүн кыймылын эсептеп талдоо ыкмасы.