Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аңгемелешүү. Баардашсам деп ойлоп, баргым келет үйүңө (фольк.). Клавдия Ивановна өзү баардашкан, таанышкан үй-бүлөлөрдүн сүйүктүү жакын адамына айланган («Ала-Тоо»). 2. Ынак, сырдаш, дос. Баардаш курбулар. Баардаш болуу. 3. Сүйгөн адам. Баардаш, сенин дартыңдан басарга жок дарманым (фольклор).