Киргизско-русский словарь Юдахина
баар I
ир.
ранняя весна; весна;
жакшы бир той кылайын жаздын алды баарда фольк. хороший пир устрою я ранней весной;
кунаажын тууду бир күнү, жаздын баар айында стих. тёлка отелилась в один нз дней месяца ранней весны.
баар II
то же, что баарын.
баар III
малдан баар ач- или малдан баар төк- или малдан баар аш- или малдан баар чач- расточать, растрачивать, щедро расходовать скот, богатство, имущество;
малдан ачтым баарды фольк. я щедро расточал свой скот;
малдан төгүп баарды, кыдыртып кыйла шаарды фольк. я не жалел (букв. щедро расходовал) скот, приказав объехать много городов;
чачпасам илек малымды, малдан ашып баарды фольк. (я не я буду) если не расточу свой бесчисленный (см. илек I) скот.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Коктөм, жаз алды. Бала кез, көктөм убак, жазгы баар (Осмонов). Азуусу бар айбандар, Бу дагы төлдөйт баарда (Тоголок Молдо).
2. Ыракат, бакыт. Ар ким өз эмгеги менен баар таап, сүйгөнү менен өмүр сүрсө, кандай сонун болор эле (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаз алды, көктөм, Жаңы-Арыктын жүздөгөн жардылары эрте баардан тартып эле алакандай жерлерин кетмендеп, урук сээп коюшту (Абдукаримов). 2. Жаз, жаз мезгили. Эбак жаз жадырап, төл торолуп, мал, жандын жарпы жазылган баар (Сыдыкбеков). || өт. Көңүл. өзгөчө Көк-Суу, Кырк-Кечик сыяктуу жерлерден өткөндө адамдын баары ачылат (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
үзүр, убай, бакыт, ыракат, береке. Ак эмгегинен баар таап, эмгектин алдыңкысы деген ыйык атакка ээ болгон адамдарды да четтен табасың («Ленинчил жаш»). Катын Чүрөк тоюна, Сан карача бээ соём. Малдан ачам баарды, Чакырам кыйла шаарды («Сейтек»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААРАКЫ АКТИВДЕРИ – пенсиялык салымдардан жана бааракы эсебинде эске алынуу менен жайгаштырылган киреше бөлүктөрүнөн түзүлүүчү кордун акча активдеринин (акча каражаттарынын) таризи.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААРАКЫ КАМСЫЗ КЫЛУУСУ – мыйзамда каралган учурларда мамлекет же дагы башка субъектер тарабынан жарандарды материалдык жактан (акча жагынан) камсыздоо таризи. КР укугу боюнча Б. к.боюнча негиздер: тийешелүү курак, майыптык, багуучусунун өлүмү (анын эмгекке жарамсыз үйбүлө мүчөлөрү үчүн), белгилүү бир иш-аракетти узак мезгил бою аткаруу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААРАКЫ КЕЛИШИМИ – салуучу бааракы аманатын салууга, ал эми фонд болсо мамлекеттик эмес бааракы алуучуга тандап алынган бааракы тартибине ылайык төлөп берүүгө милдеттенген, фонд менен салуучунун ортосунда алуучунун пайдасы үчүн түзүлгөн макулдашуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААРАКЫ (ПЕНСИЯ) (лат. pensio – төлөм) – мыйзамдарда каралган учурларда (жаш курагы жеткенде, майып болгондо, багуучусун жоготкондо, иштеген жылы жана мамлекетке өзгөчө эмгек сиңиргенде) мамлекет же анын субъектиси тарабынан өмүр бою акча төгүмүнүн туруктуу төлөнүүсү, социалдык жактан камсыздоонун бир таризи болуп саналат. Ал мамлекеттик жана мамлекеттик эмес Б. болуп бөлүнөт (кара:Мамлекеттик бааракы,Мамлекеттик эмес бааракы).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААРАКЫ ТОПТОМУ – бааракы алуучунун эсебинде жыйналган бааракы салымдары менен инвестициялык кирешелердин жалпы өлчөмү, бааракы алуучунун алдындагы акчалай кор милдеттенмесинин көлөмү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
баардаш I
1. близкий друг; наперсник;
2. возлюбленный, возлюбленная;
баардаш, сенин дартыңдан басарга жок дарманым фольк. моя милая, тоскуя по тебе, я изнемогаю (букв. не имею сил двигаться).
баардаш- II
взаимн. от баарда-
говорить по душам, говорить интимно;
баардашсам деп ойлоп, баргым келет үйүңө фольк. мне хочется пойти к тебе в дом (или в юрту), чтобы поговорить по душам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аңгемелешүү. Баардашсам деп ойлоп, баргым келет үйүңө (фольк.). Клавдия Ивановна өзү баардашкан, таанышкан үй-бүлөлөрдүн сүйүктүү жакын адамына айланган («Ала-Тоо»). 2. Ынак, сырдаш, дос. Баардаш курбулар. Баардаш болуу. 3. Сүйгөн адам. Баардаш, сенин дартыңдан басарга жок дарманым (фольклор).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чваниться; мнить о себе;
мына ошондо Канчоро баарланып күүлөндү, жедигердин Кыязга болжолу жок сүйлөндү фольк. вот тут (богатырь) Канчоро, возомнив о себе, разошёлся и Кыязу (рода) джедигера наговорил невесть чего.

Киргизско-русский словарь Юдахина

охот.
беркут (после шестой линьки);
экинчи баарчын -- беркут после седьмой линьки (и т.д.);
аскаланган бийик зоонун боорунда, баарчын салган сонун уя көрүнөт стих. -- на склоне высокой горы с острыми скалами видно великолепное гнездо беркута;
ала баарчын бүркүттөй, бала кезде шаңшыган фольк. -- в детстве он клекотал, как пёстрый беркут (т.е. уже показал признаки будущего богатыря);
баарчындай болгон эр --  молодец сильный и храбрый;
өкүттө калган баарчындай умтулду -- он гневно рванулся вперёд (как разгневанный беркут).


С. Рыскулов. Сары барчын (повесть)

Киргизско-русский словарь Юдахина
(фонетически и орфографически часто смешивается со словом бар I, когда последнее оформлено притяж. аффиксами) все, всё;
алтын, күмүш аралаш, калыңга берсе баарым бар фольк. если давать в калым золото вперемешку с серебром, (то) у меня всё (это) есть;
капанын баары жоюлду фольк. вся печаль прошла;
баарыңар все вы;
баарысы все они; всё оно;
бала кымбат, бала сонун баарынан стих. дети дороже, прекраснее всего;
баарысына или барсына всем им;
баары бир всё равно;
баарыдан мурда прежде всего.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бүт, бардыгы» деген маанидеги айтылган сөз жок деген сөзгө карама-каршы маани берген бар сөзүнө сөз жасоочулук касиетке ээ болгон таандык мүчөсү -ы жалганышынан пайда болгон. Андай экени баары-жогу келди деген тизмектен айкын көрүнөт. Бул кош сөздүн составында карама-каршы маанидеги бар жана жок деген сөздөр турганы эч талашсыз. Ошол экөөнүн тизмеги жалпыланган «баары» дегенге жакын маани берет. Мына ушул бар+ы сөзү тактооч маанисине ээ болушу менен, демейдеги бары-жогу белгисиз деген сыяктуу өзүнүн түз маанисинде турган бар+ы түрүнөн айырмаланышы үчүн уңгудагы үндүү созулуп айтылып, баары түрүнө келген. Алгач буттун терисин туюк сыйрып алып, иштеткенден кийин түбүн түптөп коюудан аяк жасалган. Кийин анын көлөмүндөгү идишти карападан, жыгачтан жасоого өтсө деле, алгачкы териден жасалган кездеги аты колдонула берген. Азыр пластмассадан, форфордон, айнектен, металлдан жасалса деле, атам заманда коюлган аты ал идишке коюла берет. Анткени алардын көлөмү жагынан бирдей болушу негизги ролду ойнойт.