Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орто Азия элдеринин эпосторунда жардам суроо, жалынуу иретинде кайрылганда айтылуучу Бухаранын колдоочусу Бахауддиндин тыбыштык жагынан өзгөртүлүп колдонулган аты. Кыз Куялы, Сейтек эр, Баабединден бага (оригиналында “бата” – кара: Сейтек. 1960. Сөз аягы) алып, Калайыкты чакырып, Жатышты журту жай алып («Сейтек»). 2. Ар түрдүү кырсыктардан, жамандыктан кутулуп калсак экен деген тилектеги же ар кандай кырсыктардан аман калгандыгын белгилеп коюу максатын көздөгөн курмандык, диний ырым-жырым. Мойнуна курун салынып, Жаратканга жалынып, Кыйшык өркөч кызыл нар Баабединге чалды дейт («Эр Төштүк»).