чай I чай; кызыл чай 1) крепкий чай; 2) байховый чай; кара чай байховый чай; коюу чай крепкий чай; таш чай или такта чай или сүмбө чай плиточный чай; көк чай 1) зелёный чай; 2) материнка, душица (трава); көк куйрук чай уст. зелёный чай; бамил чай чёрный байховый (фамильный) чай; ак куйрук чай уст. цейлонский чёрный чай; кара каптал чай (в фольклоре) сорт чая; ак чай 1) южн. зелёный чай; 2) шутл. водка; алма чай фруктовый чай; куурма чай горячий напиток, приготовляемый из молока с добавлением жареной на масле муки и настоя чая; эткен чай (в местах близкой связи с уйгурами) чай, сваренный с молоком, солью и (часто) с перцем; чай-чамек или чай-чамелек или чай-чамалек чаишко; чай и всякая подобная мелочь. чай II тря! (окрик, понуждающий стадо овец повернуть назад или остановиться); чай-чайла- окрикивать овец. чай- III южн. то же, чточал- II 1. чайда парное кмайда; майда-чайда мелочь, мелочишка; майда-чайда жумуштар мелкие работы, кое-какие работы.
зат.1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген, буркураган жыты бар жалбырагы, иштетилип чыккан продуктысы. [Куржундун] бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев).
2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга Кант салган кара чай кызык (Токтогул).
3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл апаны чакырып чай берүү.
чай I м. 1. чай; китайский чай кытай чай, кытай чайы; цветочный чай гүл чайы; зелёный чай көк чай; кирпичный чай такта чай, таш чай, сүмбө чай; крепкий чай коюу чай, коюу чыккан кызыл чай; запарить чай чайды демдөө, чай салуу; стакан чаю бир стакан чай; 2. (чаепитие) чай ичүү, чай убагы; во время чая чай ичип жатканда, чай убактысында; пригласить на чашку чая бир чыны чайга чакырып коюу, конокко чакыруу; дать на чай уст. чайпул берүү. чай II частицапрост. (вероятно) балким, болгондо, болду-болбоду; он, чай, проголодался ал, балким, ачка болгондур; с дороги, чай, он устал ал, балким, жол жүрүп чарчагандыр.
1. Дайыма көгөрүп туруучу бадал өсүмдүгү жана анын атайын жолдор менен кургатылып, кайнатып ичүүгө ылайыкталып иштетилген жалбырагы, иштетилип чыккан өндүрүмү. Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). 2. Ушундай жалбырактан кайнатылып, ширеси чыгарылган суюктук (суусун). Кары кемпир-чалдарга, Кант салган кара чай кызык (Токтогул). 3. Көбүнчө коноктогондо, сыйлаганда берилүүчү тамак-аш. Чайга чакыруу. Айыл-апаны чакырып чай берүү.
~: бөйдөй-чайдай выражение, произносимое во время игр, когда многие нападают на одного с разных сторон; бөйдөй-чайдай кыл- 1) (о многих) напасть на одного с разных сторон; 2) перен. довести до крайней степени возбуждения или растерянности.
зат. Чай жана суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы, чоргосу бар идиш. Акыл аке сөзүн токтотту да, узун моюн чайдооско көк чай салып, оттон оолагыраак тартып.. койду (Аалы).
Чай жана суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы, чоргосу бар идиш. Акыл аке сөзүн токтотту да, узун моюн чайдооско көк чай салып, оттон оолагыраак тартып койду (Токомбаев).
Баатырлар кийүүчү жоо кийими. Үстүндөгү Чайинги, Тозоок деп калыптыр, Баштагыдан кайраты, Бошоюн деп калыптыр (Урмамбетов). Чайиңги деген тон кийген, Чал куйрук деген ат минген (фольк.).
(в эпосе) верхняя боевая одежда (в частности - богатыря Тоштюка); чайиңги деген тон кийген, Чалкуйрук деген ат минген фольк. надел он боевую одежду, сел он на коня по кличке Чалкуйрук.
этиш.1. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев).
2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап, Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). [Заматта] идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков).
3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин-бири кубалап келип.. кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буйгаларга бурулган (Тоголок Молдо).
4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады. (Бейшеналиев).
♦Жумурткачайкапкушкылуу — тарбиялап чыгаруу, өстүрүү. Жумуртка чайкап куш кылган, Журтуңа тийсин керегиң (Бөкөнбаев). Жумуртка чайкап чоң кылган, Чубалай көрпө тон кылган («Эр Табылды»). Калкчайкоо — калктын тынчын алуу. Калабалуу канкорум, Калк чайкаган анткорум («Манас»). Кесирчайкоо — кесир кылуу, кесирленүү. Кел, дыйкандар, керилбейли, жатпайлы, Кесир чайкап, төкпөйлү да чачпайлы (Осмонкул).
1. качать, колебать; баш чайка- качать головой (выражая отрицание, несогласие или удивление); кудайдын кылган ишине баш чайкабай макул де фольк. на божье дело не качай головой, а согласись; кымыз чайка- взбалтывать кумыс (чем больше взбалтывать кумыс, тем он становится лучше); чайкаган кымыз хорошо приготовленный кумыс, хороший кумыс; чайкаган кымыз таткандай (так приятно) будто попробовал хорошего кумыса; уу чайка- подмешать (в питьё) яду; бал чайка- подмешать (в питьё) мёду, сдобрить (питьё) мёдом; бал чайкаган кымыз хороший кумыс, сдобренный мёдом; сары казы, жал берип, кымызга чайкап, бал берип фольк. угостив жёлтым брюшным жиром и подгривным жиром, угостив кумысом, сдобренным мёдом; 2. полоскать, ополаскивать; чөөгүн чайка- ополаскивать чайник; кир чайка- полоскать или стирать бельё; бал менен оозун чайкаган (о человеке) мудрый и обаятельный в речах (букв. кто рот свой мёдом полощет); 3. тех. промывать; алтын чайка- промывать золото; 4. (точнее жумуртка чайка-) сидеть на яйцах, высиживать птенцов (переворачивая в гнезде яйца); 5. покрывать слоем чего-л., покрывать неровности; калай чайка- лудить; кыян арпанын кыйла жерин агызын, кыйла жерине кум чайкап калды паводок значительную часть (посева) ячменя смыл, значительную часть занёс песком; борошо бороп, жолду ширенди чайкайт метёт метелица, и дорогу покрывает плотный снег; кесир чайка- чваниться, привередничать; акча чайка- пускать деньги в оборот (гл. обр. занимаясь спекуляцией); алаканда чайка- обращаться с кем-л. как с пешкой; вертеть кем-л.; легко припереть кого-л. к стене (напр. в споре); ариптешкен адамда алаканда чайкаган фольк. человека, который ступал в спор, он без труда припирал к стенке; калк чайкаган 1) тот, кто руководит, повелевает народом; 2) тот, кто самоуправствует, кто вершит произвол над многими.
1. Суюктукту чайпалтуу жолу менен аралаштыруу, чайпоо. Чайпалса аяк төгүлөр (макал). Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкаганда, ууз кымыздын жыты бур дей түштү (Сыдыкбеков). Кетменди алып четинде, Эмгекчи жарма чайкаса (Бөкөнбаев). Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө (макал). 2. Чайып тазалоо, чайпай жууп таза кылуу. Отурат тунук сууга жүзүн чайкап Келбети ажарданат айдай толук (Абдыраманов). Заматта идиштерди чайкап жиберип, тумбочкага салып койдум (Касымбеков). 3. Чайпоо жолу менен каптоо. Бирин бири кубалап келип кум чайкаган майда толкун (Сыдыкбеков). Түрмөктөлүп кум чайкап, Буталарга бурулган (Тоголок Молдо). 4. «Жок» же «билбейм» деген мааниде башты кыймылдатуу, баш ийкегенге карама-каршы аракет кылуу. Жакып башын чайкап, угулаар угулмаксан кобурады (Бейшеналиев).
Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Көп болсо чай кайнамча буйдалсак кырылмак экенбиз (Сыдыкбеков). Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү (Осмоналиев). Бал кымызын сабаларга ачыткан, Ичсең ичти чай кайнамда кызыткан (Осмонкул). В.: Чай кайнатым. Өрөөндүн ичиндеги кыштак менен почтонун аралыгы чай кайнатым алыстыкта (Жусупов).
Анчалык көп эмес, узак эмес убакыт. Кааласаңыз мен «Манастан» чай кайнам дыр койдуруп жиберүүгө да даярмын (Бейшеналиев). Көп болсо чай кайнамча буйдалсак кырылмак экенбиз (Сыдыкбеков). Чай кайнам убакыт өткөндөн кийин гана жөө адам экени даана көрүндү (Осмоналиев).
чайкалуу I и. д. отчайкал- качание, колебание. чайкалуу II взболтанный (напр. о кумысе); суусунуна чайкалуу кымыз менен сугартып стих. он поил (его) питьём - взболтанным (т.е. хорошим) кумысом.
зат. диал. Ак кирлерди чайкоодо колдонулуучу көк боёк. Кире берер жерден баарыбызга ак жуулган, чайкамага чайкап, жеткире тапталган бирден эндей ак жамынчы кийгизди (Убукеев).
диал. Ак нерселерди чайкоодо колдонулуучу көк боёк. Кире берер жерден баарыбызга ак жуулган, чайкамага чайкап, жеткире тапталган бирден эндей ак жамынчы кийгизди (Убукеев).
зат. Чай жана тамак-аш ичилүүчү жай. Станциянын артындагы чайканада адам көп (Жантөшев). Чайкананын төрүндөгү чарпаяда жыйырмадай киши отурат (Жантөшев).
в отриц. обороте: чайканды келбей калды или чайканды болбой калды свободно поместилось; анын курсагына бир кило эт чайканды болбойт для его брюха кило мяса - ничто; жүз грамм менин оозума чайканды болбой калды сто граммов для меня - только облизнуться; Суусамыр өрөөнүнүн жайлоосу эчен миндеген малды чайканды келтирбей батырып жатат летнее пастбище Сусамырской долины свободно вмещает тысячи голов скота.
Өтө эле аз болуп калуу, арзырлык, алымсынарлык абалда болбоо. Анча бала-чакалуу боло элек жаңы тирдик кез, экөөбүздүн кенедей оокатыбыз ушул үйгө да чайканды келбей калган («Кыргызстан маданияты»).
Өтө эле аз болуп калуу, арзырлык, алымсынарлык абалда болбоо. Анча бала-чакалуу боло элек жаңы тирдик кез, экөөбүздүн кенедей оокатыбыз ушул үйгө да чайканды келбей калган («Кыргызстан маданияты»).
понуд. отчайка- 1. заставить качать, колебать; 2. заставить полоскать, заставить ополаскивать; 3. сажать (птицу) на яйца; бүгүндөн калбай бастырып, эртең чайкатып, бүрсүгүнү жардырып, кырк балапаны менен тоокту менин астыма кайра жеткирсин (из сказки) пусть сегодня же посадит (курицу на яйца), чтобы завтра зародились (букв. чтобы курица начала переворачивать яйца), чтобы послезавтра проклюнулись, и пусть доставит мне курицу с сорока цыплятами.
взаимн. отчайка-; аттар баштарын чайкашты кони покачивали головами; кээде күлүп, кээде башты чайкашат то они смеются, то (неодобрителъно) покачивают головой; кантын салып, кызыл чайын чайкашат стих. положив сахару, они помешивают (вращая в руке пиалу) крепкий чай.
(Lari Lariformes) чардактар; сууда сүзүп жүрүүчү, ичке тумшук куштардын бир түркүмү, булардын кыйла өкүлү белгилүү: чайка белая (Pagophila eburnea) — ак чардак, ч. большая — к. Бургомистр, ч. б. морская (Larus marinus) — деңиз ири чардагы, ч. б. полярная — к. Бургомистр, ч. буроголовая (L. brunnicephalus) — күрөң баш чардак, ч. вилохвостая (Хеmа sabini) — ача куйрук чардак, ч. китайская малая (Larus saundersi) — кытай кидик чардагы, ч. малая (L. minutus) — кидик чардак, ч. м. полярная (L. glaucoides) — уюл кидик чардагы, ч. обыкновенная (L. ridibundus) — кадимки чардак, ч. озерная — к. ч. обыкновенная, ч. розовая (Rhodostethia rosea) — мала кызыл чардак, ч. Серебристая (Larus argentatus) — күмүшчардак, ч. серокрылая (L. glaucescens) — көгүш канат чардак, ч. сизая (L. canus) — көк чардак, ч. средиземноморская — к. ч. черноголовая, ч. тихоокеанская морская (L. schistisagus) — Тынч океан чардагы, ч. тонкоклювая (L. genei) — ичке тумшук чардак, ч. трехпалая — үч шадылуу чардак, ч.-хохотунья — к. Хохотун черноголовый, ч. черноголовая (L. melanocephalus) — кара баш чардак, ч. чернохвостая (L. crassirostris) — кара куйрук чардак, чайки настоящие (Larinae) — накта чардактар (тукумча), чайковые (Laridae) — чардак сымалдуулар (тукум) ж. у. с.
зат. Алып сатар, бирөөнөн алып башка бирөөгө сатып, пайда табуучу соодагер. Атам чайкоочу эле, базардан калбайт, аны ээрчип мен да калбайм («Ала-Тоо»).
перекупка, спекуляция; Фрунзе - Балыкчы аралыгында, "Волгасын" айдап, чайкоочулук кылып жүрөт гоняя свою "Волгу" между Фрунзе и Балыкчы, он занимается спекуляцией.
1. покрыть, заполнить; көкүрөгүм чайлап калды мне грудь заложило; ириң чайлап кетти (рану) сплошь заполнил гной; эгин чайлап кетип, кем дан болуп калды посев очень загустился, зерна мало; эгиндер өсүп чайлаган посевы буйно разрослись; көз жашы тийген жерине карагат өңүп чайлаган фольк. куда попадали её слёзы, там буйно возрастала чёрная смородина; отузга жашың чыкканда, отурткан гүлдөй чайлайсын стих. когда тебе (мужчина) исполнится тридцать лет, ты будешь бодр, как посаженный цветок; жер чайла- покрыть землю; жер чайлап, жаз болун калыптыр земля дружно покрылась зеленью (или всходами), и наступила весна; кол салмакка душмандар келген экен, жер чайлап стих. враги, пришедшие чтобы напастъ, усеяли землю; жол чайла- разведывать путь (гл. обр. двигаясь кому-л. навстречу); 2. обессилеть, изнемочь; чайлап, үйүнө жетип кабар бере алышпай калдыбы? может быть, они, обессилев, не могли добраться до дома и сообщить? кээ кезде төрт аяктап калдым чайлан стих. иногда я ног не мог передвигать от усталости; уюм чайлап, төрт аягынан баспай (или жылбай) калды моя корова так исхудала, что ног переставлять не может.
пить чай, чаёвничать; чайын ичип чайланып, тамак ичип жайланып фольк. попив чаю, почаёвничав, поев пищи и успокоившись; суусун канып, чайланып фольк. попив чаю и утолив жажду; каап, чайланбай эле кеттинер! как жаль, что вы ушли, не попив чаю!
1. что-либо употребляемое как чай; количество чего-либо, достаточное для одного чаепития; бир чайлык сүт количество молока на одно чаепитие; чайлык суу вода для чая; немного воды (чтобы чай вскипятить); 2. небольшая сумма денег (которой хватит, чтобы толъко чаю попитъ); чайлык бирдеме бересиңби? немного деньжонок дашь? (в виде подарка, чаевых).
этиш.1. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Чайнаса балдай татыган, сүр эттен жардам беребиз (Осмонкул). Акжал жерди чапчып, ооздугун качырата чайнап, кермеде турат (Жантөшев). 2. Тиштегилеп эзип таштоо. Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
♦Экичайнапбиржутуу — ары-бери, тез эле жок кылуу, жоготуу.
жевать; тишиң барда таш чайна погов. пока есть зубы, камни жуй; ешь, пока живот свеж; кулунду айгыр чайнады жеребец погрыз жерёбенка; сени мен, эки чайнап, бир жутун коёмун с тобой я в два счёта разделаюсь (букв. два раза жевнув, один раз проглочу); эки чайнап, бир бүркүп койбойт беле? разве он не разделался бы в два счёта? (букв. разве он, два раза жевнув, не выплюнул бы?); каары келсе, бизди чайнабай жутат если он обозлится, так нас живьём проглотит; тилин чайнап сүйлөйт он говорит шепеляво (букв. жуёт язык).
1. Тамакты же кандайдыр бир нерсени ооздун ичинде майдалоо, тишке салып жаакты кыймылга келтирүү. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт (макал). Чайнаса балдай татыган, сүр эттен жардам беребиз (Осмонкул). Акжал жерди чапчып, ооздугун качырата чайнап, кермеде турат (Жантөшев). 2. Тиштегилеп эзип таштоо. Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
страд. отчайна- 1. быть разжёвываемым, пережёвываемым; разжёвываться, пережёвываться; 2. перен. подвергаться превратностям жизни; жер бетинде элдерден, көп чайналып, аз болду фольк. из народов, что были на земле, многие, испытав превратности, стали малыми.
количество чего-либо, достаточное для разжёвывания; бир чайнам нан кусочек хлеба; эки чайнам нан келет, ар бир күнгө өлчөнүп фольк. два кусочка хлеба выделяется на каждый день; бир чайнам сагыз количество жевательной серы, которое берётся в рот в один приём.
взаимн. отчайна- 1. жевать (о многих); ак буудай унун (или реже нанын) чайнашып (в эпосе) пожевав белой муки (или хлеба из белой муки - они этим дали друг другу клятву); аттан түшүп, балбандар ак буудай нанын чайнашты, кылычтын мизин жалашып фольк. сойдя с коней, богатыри пожевали хлеба из пшеницы, полизали остриё меча; убаданы бек кылып, ак буудай унун чайнашып фольк. твёрдо пообещав, они пожевали белой муки; 2. (о жеребцах или жеребцах-верблюдах) грызть друг друга, драться; ач буурадай чайнашып, артык алыш кылды эле фольк. сцепившись, как разъярённые верблюжьи жеребцы, они устроили небывалую схватку.
зат.1. Чай демдөө үчүн колдонулуучу, туткасы жана чоргосу бар көбүнчө фарфор идиш. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев). Эркекыз корго койгон ак чайнегин туткуч менен этияттап кармап алып, Жылдызкандын жанына коёт (Байтемиров).
2. Чай, суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы жана чоргосу бар көбүнчө металл идиш, чөөгүн. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев).
1. Чай демдөө үчүн колдонулуучу, туткасы жана чоргосу бар көбүнчө фарфор идиш. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев). Эркекыз корго койгон ак чайнегин туткуч менен этияттап кармап алып, Жылдызкандын жанына коёт (Байтемиров). 2. Чай, суу кайнатуу үчүн колдонулуучу туткасы жана чоргосу бар көбүнчө металл идиш, чөөгүн. Дасторкондун четинде чоң жез чайнек турат (Жантөшев).
и. д. отчайна- жевание; тиш барда таш чайноо керек, тиш түшкөндө аш чайналмак эмес погов. пока есть зубы, можно (букв. нужно) камни жевать, когда же зубы вьпадут, то и пища не разжуётся; чылбыр чайноо кыл- то же, чточылбыр чайна- (см.чылбыр).
всплескивать; колыхать; пароход чайпап, термеп келе жатты баягы байкуш энем бешигиндей стих. колыхая и качая, как когда-то моя бедная мать мою колыбель, идёт (сюда) пароход.
1. Термелүү, ары-бери теңселте козгоо. Кеме чайпап, термеп келе жатты, Баягы байкуш энем бешигиндей (Бөкөнбаев). Мен укпаган үндөр менен чайпалды, Мен билбеген тилдер менен сүйлөдү (Акматалиев). Алдындагы атак алган жоргосу, Чал көңүлүн алаксытып чайпады (Токомбаев). 2. Жайпоо. Чайпай берип кум шилеп, Толкуса жарга урунуп (Турусбеков).
возвр.-страд. отчайпа- 1. всплескиваться; колыхаться, колебаться; чарбабыз эки-үч жылдан бери чайпалып кетти хозяйство за (последние) два-три года пришло в упадок (букв. заколебалось); 2. перен. важно и плавно переваливаться; арымын араң шилтеп, ак каздан бетер чайпалат стих. (чванливый) едва переступая, переваливается подобно белому гусю; бирде сен боз жоргодой чайпаласың, бирде сен закым болуп байкаласың стих. то ты плавно бежишь, как иноходец, то являешься, будто мираж.
понуд. отчайпал- всплескивать; колыхать, колебать; чайпалтып төкпөс үчүн чтобы не расплескать и не пролить; чайпалтып жорго менен, түштү жолго стих. пустив плавно иноходца, он отправился в путь.
взаимн. отчайпал-; дөбөдө чайпалышкан кош терек азыр да көз алдымда и сейчас перед моими глазами два колышущихся тополя на холме; иш чайпалышып калды дело идёт кое-как; дело ни с места, ни туда и ни сюда.
1. Бирөөгө жол каражат кылып кетиш үчүн же керегиңе жаратып ал деген мааниде сый катары тартууланган акча. Бул сиздин чай пулуңуз, – деп кичинекей оролгон нерсени сунду («Ала-Тоо»). 2. Көрсөткөн кызматы үчүн далдалчыга, тейлөөчүгө, жалчыга ж. б. берилүүчү сый, акча.
тар. Бирөөнүн курал шайманы менен анын жеринде жумушун иштеп берип, түшүмдүн бир бөлүгүн алуучу адам. Сарыбай өзүнүн чайрыкерлерин жана башка кызматкерлерин кош айдалуучу жерлерге бөлүштүрдү (Бөкөнбаев).
зат. тар. Бирөөнүн курал шайманы менен анын жеринде жумушун иштеп берип, түшүмдүн бир бөлүгүн алуучу адам. Сарыбай өзүнүн чайрыкерлерин жана башка кызматкерлерин кош айдалуучу жерлерге бөлүштүрдү (Бөкөнбаев).
зат.1.тар. Чай кайнатып, чай берүү жагын тейлөөчү киши. Мен кыздын чайчысы болуп калдым (Аалы).
2. Чайчыл, чайкор. Сузак чайканасы демейдегидей кыжы-кыйма, чайчылар чарпаяларга шыкалып калган («Чалкан»).
1. тар. Чай кайнатып, чай берүү жагын тейлөөчү киши. Мен кыздын чайчысы болуп калдым (Токомбаев). 2. Чайчыл, чайкор. Сузак чайканасы демейдегидей, чайчылар чарпайларга шыкалып калган.
этиш.1. Жуу, чайкоо. Мамбеткул пиязды туурап бүтүп, колун чайып, бүкүрөйгөн манжаларын салаалаштырып койду (Абдумомунов).
2.өт. Жылмалоо, жымсалдоо, таза кылып көрсөтүүгө аракет кылуу. Уятын жууп чаюуга, Актанып дагы сайрады (Жантөшев).
♦Жашчаюу — көзүнө жаш алуу, жаш каптоо. [Назгүл] карагат көзүн жаш чайып турса да, күлүмсүрөп тиктеди (Бейшеналиев). [Динардын] көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайыды (Сыдыкбеков).
1. полоскать, ополаскивать; бетин чайыбай ишке келген он пришёл на работу не умывшись; бети-башыңды чайып ал сполосни себе лицо, умойся; көз жашы менен көкүрөгүн чайып олтурушат они сидят, омывая груди свои слезами; көкүрөгүн жаш чайып, ыйлай берди она плакала и плакала, омывая грудь свою слезами; 2. южн. забалтывать; талкан кылып, айранга чайып приготовив толокно, заболтав в айране (см.айран II); жууп-чайыба не увиливай; зубы не заговаривай.
1. Жуу, чайкоо. Мамбеткул пиязды туурап бүтүп, колун чайып, бүкүрөйгөн манжаларын салаалаштырып койду (Абдумомунов). 2. өт. Жылмалоо, жымсалдоо, таза кылып көрсөтүүгө аракет кылуу. Уятын жууп-чаюуга, Актанып дагы сайрады (Жантөшев).
1. свежая (только что вытекшая) еловая смола (ср. дабыркай), древесный клей; 2. камедь; кеме чайыр дягиль высокогорный (растение); чайыр чөп ферула высокогорная (растение); ак чайыр, кара чайыр, гүлжан чабыр названия растений; ак чайыр южн. название лекарственного растения употребляемого в народной медицине от простуды; кайырга чайыр злом за добро; кайыры чайыр болду он получил чёрную неблагодарность; кайырды чайыр кылган неблагодарный; ответивший чёрной неблагодарностью; чайырларды басып өт- испытывать, переносить крайние, мучительные трудности и лишения; оор күрөштөрдүн өлүмгө тете чайырларын басып өттү он испытал страшнейшие трудности тяжёлой борьбы, равносильные смерти.
зат. Карагайдан, өрүктөн ж. б. кээ бир жыгачтардан чыгып туруучу илээшкен, жабышкак зат, желим, дабыркай. Өрүктүн чайырыдыр деп ал [Кален] капарына алган жок («Жаш ленинчи»). Арчанын майда күкүмү чатырап,.. чайыр жытын бурады (Абдукаримов).
♦Кайырдычайыркылуу — жакшылыкты жамандык менен жокко чыгаруу, жакшылыктын аягын жамандыкка айландырып жиберүү.
Карагайдан, өрүктөн ж. б. кээ бир жыгачтардан чыгып туруучу илээшкен, жабышкак зат. Өрүктүн чайырыдыр деп Кален капарына алган жок. Арчанын майда күкүмү чатырап, чайыр жытын бурады (Абдукаримов).
~: асман чайыттай ачык небо совершенно чистое, ясное; уйкусу (или көзү) чайыттай ачылды он совсем проснулся; он приободрился; көңүлүн чайыттай ачты он очень повеселел; жаңы эле кар кетери менен чайытын ачкан өсүмдүк трава, пробившаяся сразу, как только сошёл снег.