Киргизско-русский словарь Юдахина
сүй I
сүй келсин, сүй келбесин - өзү билсин придёт или не придёт - дело его; хочет - придёт, хочет - не придёт, пусть сам решает (букв. знает);
силерди зордобойт, сүй өткүлө, сүй өтпөгүлө, өз эркиңер вас не неволят, хотите - переходите, хотите - не переходите, ваша воля.
сүй- II
1. любить;
сүйгөн жар возлюбленная;
өлгөн киши сүйгүдөй красавица из красавиц (букв. способен полюбить даже мёртвый);
"сүйдүм-тийдим" жолу менен брак по любви (букв. путём "полюбила - вышла");
"сүйдүм-тийдим" жолу менен бул кызды мага кошкон эту девушку за меня выдали по её желанию (букв. полюбила - вышла);
сүйдүмгө чейин да ещё до бракосочетания;
сүйдүм алдында перед бракосочетанием;
сүйдүмгө сал- этн. решить полюбовно (предоставить молодой вдове право выбрать: остаться у родных мужа или возвратиться к своим);
сүйдүмгө салалы, келиндин өзү билсин решим полюбовно, пусть сноха сама выбирает;
сүйдүмгө чакырт- вызывать невесту или молодуху, чтобы узнать, не силой ли её выдают или выдали замуж (она должна ответить: "сүйдүм - полюбила" или "сүйбөйм - не люблю");
2. целовать;
беттен сүй- целовать в щёку;
сагынбай бала сүйдүңбу? ты рано родила? (букв. целовала ли ты ребёнка, не соскучившись, т.е. не долго ли ждала?);
3. ласкать;
карга сүйөт баласын "аппагым" деп погов. грач ласкает своего детёныша, говоря: "ах ты, мой беленький!".

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ашык болуу, эркек аялды же аял эркекти жактырып, көңүлүн салып калуу, сүйүүгө берилүү. Жароокер сулуу кыз сүйсөң , Жашчылыгың бир кызык (Токтогул).
  1. 2.                  Жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо. Алыскы сүйгөн жерди эстеп, Акырын Жапар ырдады (Бөкөнбаев). Ким берилип сүйбөсүн Көтөрүп баккан энени (Бөкөнбаев). Урмат менен Ленинди Сүйгөн элди карачы (Токтогул).
  2. 3.                  Бир ишти же бир нерсени каалап калуу, ошого берилип калуу, жактыруу. Китеп окууну сүйүп калыпмын,деди Шекер (Убукеев). Агасы Табылды т.амаша сүйгөн шайыр жигит го (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Өбүү, жыттоо, эркелетүү. Кучактачы, сүйчү беттен балаңды! (Турусбеков). Маңдайынан да бир сүйүп калууга, Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ашык болуу, эркек аялды же аял эркекти жактырып, көңүлүн алып калуу, сүйүүгө берилүү. Жароокер сулуу кыз сүйсөң, Жашчылыгың бир кызык (Токтогул). 2. Жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо. Алыскы сүйгөн жерди эстеп, Акырын Жыпар ырдады (Бөкөнбаев). Ким берилип сүйбөсүн, Көтөрүп баккан энени (Бөкөнбаев). 3. Бир ишти же бир нерсени каалап калуу, ошого берилип калуу, жактыруу. Китеп окууну сүйүп калыпмын – деди Шекер (Убукеев). Агасы Табылды тамаша сүйгөн шайыр жигит го (Сыдыкбеков). Алтынды сүйсөң акактап, Ай-күнүң сенин батат бат (Байгазиев). 4. Өбүү, жыттоо, эркелетүү. Кучактачы, сүйчү беттен балаңды! (Турусбеков). Маңдайынан да бир сүйүп калууга, Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес (Осмонов). Сүйүп кой мени, сүйүп кой мени эринден, Сөз берем эми сүйүүдөн сени чегинбейм (Өмүров).

Словарь переводов пользователей Эл-Создук
Сүйгөнүм сени ойлоном,
Ойлосом ойго эч тойбойм.
Артыңдан ээрчип сүйөм деп,
Жаныңды сүйүүм эч койбойм.

Кайырма
Элесиң эстен кетпеди,
Озундум бирок жетпедим.
Ак куудай болгон мүчөңдү,
Унута албай эстедим.

О, Зарина, кара көзүңдөн сенин ай,
О, Зарина, ширин сөзүңдөн сенин.
О, Зарина, кармап назик колуңдан ай,
О, Зарина, тоссом жолуңдан сенин, сенин.

Ак көйнөк кийсең жарашат,
Көчөдө баары карашат.
Алтыным сенин өзүңө,
Ырларды жазып арнашат.

Сүйгөнүм сени ойлоном,
Ойлосом ойго эч тойбойм,
Артыңдан ээрчип сүйөм деп,
Жаныңды сүйүүм эч койбойм.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от сүй- II;
сүйгүзүп айт- говорить любезно, вкрадчиво, сладко (так, чтобы было приятно);
дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат погов. друг говорит едко, враг говорит сладко.

Киргизско-русский словарь Юдахина
милый, прелестный, миловидный, симпатичный;
колунда токочу (или талканы) бар бала сүйгүнчүктүү погов. мальчик, у которого в руках хлеб (или толокно), симпатичен (ребята увиваются около него, надеясь, что и им перепадёт);
сүйгүнчүктүү учура- показаться симпатичным; вызвать к себе симпатию.

Киргизско-русский словарь Юдахина
миловидность, приятность, симпатичность;
жүзүндө сүрү да бар, сүйкүмү да бар в лице его есть и внушительность и миловидность;
көз карашында ич жылытар сүйкүм бар в её взгляде есть теплота и обаяние;
кыялы сүйкүм нускалуу кыргыздын шайыр кыздары фольк. миловидны, степенны весёлые киргизские девушки;
жалпы элдин сүйкүмүнө ээ болгон он завоевал симпатию всего народа;
сүйкүм көз приятные, милые глаза;
өтө сүйкүмү жок бала очень несимпатичный ребёнок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жагымдуулук, сүйүктүүлүк, жакшынакайлык. Жүзүндө сүйкүм да бар, сүрү да бар, Тулкусу шамдагай деп берет кабар (Аалы). Ал кезде үнү сүйкүм, ыры көркөм, Эч жигит болгон эмес менден өткөн (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жагымдуулук, сүйүктүүлүк, жакшынакайлык. Жүзүндө сүйкүм да бар, сүрү да бар, Тулкусу шамдагай деп берет кабар (Токомбаев). Ал кезде үнү сүйкүм, ыры көркөм, Эч жигит болгон эмес менден өткөн (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Сүйкүмү бар, сүйүктүү, сүйгүнчүктүү, жагымдуу, жакшынакай. Толукшуган жайдын мемиреген кечки жели денеге сүйкүмдүү болуп турат (Жантөшев). Тескей Ала-Тоо кандай сулуу, кандай сүйкүмдүү (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйкүмү бар, сүйүктүү, сүйгүнчүктүү, жагымдуу, жакшынакай. Толукшуган жайдын мемиреген кечки жели денеге сүйкүмдүү болуп турат (Жантөшев). Тескей Ала-Тоо кандай сулуу, кандай сүйкүмдүү (Абдумомунов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
говорить;
"сөз" деп эле сүйлөй берет он болтает, он говорит, лишь бы говорить;
жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт погов. дурной говорит, кусая (как собака), хороший говорит дельно;
лекция сүйлө- читать лекцию;
оозунан сөз түшүп калчудай сүйлөйт, бат-бат сүйлөсө болбойбу! что он так тянет, едва роняя слова!; почему бы ему не говорить быстрее!;
өз алдынча сүйлө- говорить без разрешення (напр. не попросив слова); говорить, не считаясь ни с кем и ни с чем;
сөз сүйлө- произнести речь;
чыгып сүйлө- выступить с речью;
жарыш сөзгө чыгып сүйлө- выступить в прениях;
жооп кайтарган сөз менен чыгып сүйлөдү он выступил с ответной речью;
Фрунзеден сүйлөйбүз радио говорит Фрунзе (букв. мы говорим из Фрунзе);
оозун толтура сүйлөйт он говорит громкие слова;
кагып сүйлө- грубо одёргивать словами;
сөзүн сүйлө- см. сөз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсе жөнүндө сөз кылуу, кеп салуу, сөз менен пикирин билдирүү, айтуу. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө (макал). Колуңдан келсе сүйлөй бил, Ушул баштан орусча (Токтогул). А көрөкчө сүйлөчү, пристанда эмнелер бар экен? (Жакиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сөзлө (<сөз+ла) деген сөздүн ө тыбышы ү тыбышына, з тыбышы й тыбышына өтүп, сүйлө түрүнө келген. Казак тилинде аны сөйле дейт. Сөздө түрү «Манас» эпосунда жолугат. Кыргыз тилинде ө тыбышы ү тыбышына алмашып кетип, сүйлө деген этиштин сөз менен байланышы жок сыяктанып калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
грам.
предложение;
баш сүйлөм главное предложение;
багыныңкы суйлөм придаточное предложение;
жөнөкөй сүйлөм простое предложение;
татаал сүйлөм сложное предложение;
бирикме сүйлөм слитное предложение;
ээлүү сүйлөм личное предложение.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Аякталган ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөздөрдүн тизмеги. [Күмүш] кээде бир канча сүйлөмдү окуп алып, эрдин кыбыратып, аны кайталап жаткандай болот (Байтемиров). Жай сүйлөм. Суроолуу сүйлөм. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аякталган ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөздөрдүн тизмеги. Күмүш кээде бир канча сүйлөмдү окуп алып, эрдин кыбыратып, аны кайталап жаткандай болот (Байтемиров). Жай сүйлөм. Суроолуу сүйлөм. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өзүнчө эле кобурап сүйлөй берүү. Ары басып, бери басып сүйлөнөт, Бирдемени келтире албай күймөнөт (Шамшиев).
2. Жемелөө, жекирүү, ачуулануу. Көк дөө турду күүлөнүп, Күлайымга сүйлөнүп («Эр Төштүк»). [Салык] Базарбекке күпүлдөп сүйлөнүп жүрдү (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от сүйлө-
1. говориться, сказываться, быть сказанным;
сүйлөнбөгөн сөз калган жок было сказано всё (букв. несказанного слова не осталось);
2. журить, упрекать; говорить резко о чём-л.;
ал мага аябай сүйлөндү он меня здорово пробрал;
атчандардын бири Аманбайга сүйлөндү один из всадников упрекнул Аманбая;
3. говорить самому с собой;
өзүнөн өзү сүйлөнө берди он говорил и говорил сам с собой;
ачуусу келип, өзүнчө сүйлөндү да ары басты он обозлился, сам с собой заговорил и пошёл дальше.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнчө эле кобурап сүйлөй берүү. Ары басып, бери басып сүйлөнөт, Бирдемени келтире албай күймөнөт (Шамшиев). 2. Жемелөө, жекирүү, ачуулануу. Көк дөө турду күүлөнүп, Күлайымга сүйлөнүп («Эр Төштүк»). Салык Базарбекке күпүлдөп сүйлөнүп жүрдү (Каимов).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
сүйлөө
сүйлөө адеби
сүйлөө аракети
сүйлөө кеби
сүйлөө лексикасы
сүйлөө маданияты
сүйлөө манерасы
сүйлөө органдары тил.
сүйлөө салттары
сүйлөө системасы
сүйлөө стили
сүйлөө тазалыгы
сүйлөө тактикасы
сүйлөөдөгү улуттук өзгөчөлүк
сүйлөөнүн жыйынтыгы
сүйлөөнүн компоненттери
сүйлөөнүн кырдаалы
сүйлөөнүн логикасы
сүйлөөнүн максат-милдеттери
сүйлөөнүн мөөнөтү
сүйлөөнүн орундуулугу
сүйлөөнүн прагматикасы
сүйлөөнүн сапаты
сүйлөөнүн стратегиясы
сүйлөөнүн таасири
сүйлөөнүн тактыгы
сүйлөөнүн талаптары
сүйлөөнүн теориясы
сүйлөөнүн түрлөрү
сүйлөөнүн тууралыгы

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от суйлө-
заставить говорить, просить рассказывать;
Чынтемирдин мергенчилик кызык сөздөрүн сүйлөтүп, көпкө чейин олтурушту попросив рассказать интересные истории об охоте Чынтемира, они долго сидели;
тамак жегенден кийин дагы сүйлөтүп, түндүн ортосу оогон кезде жатышты после еды они попросили ещё рассказывать и легли после полуночи;
сүйлөтчү кызыл тилиңди а ну-ка, рассказывай (букв. заставь свой красный язык говорить);
эч кимди сүйлөтпөй койду он никому не дал говорить, он всем зажал рот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сүйлөш I
и. д. от сүйлө-
разговор, речь;
Көкчөнүн кара сүйлөшүн, көргөзүп айткан күнөөсүн фольк. посмотри-ка, что говорит Кокче и что он выставляет виной;
баатыр экен сүйлөшү говорить-то он (букв. его говорение) храбрец.
сүйлөш- II
взаимн. от сүйлө-
говорить, разговаривать, беседовать;
эми быйылкы айдалуучу аянтты сүйлөшөлү теперь давайте поговорим о площади, которая должна быть засеяна в этом году;
узак сөздөр менен чыгып сүйлөштү они выступили с большими речами.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөлөө, таёо, жөлөй кармоо. Кичинекей сүйөмөлөп көрчү, кулунум (Токомбаев). 2. өт. Колдоо, жөлөк, таяныч болуу. Жардам берип, Болуп шерик, Жатты жерип, Сүйөмөлө чет элдеги бооруңду! (Турусбеков). Аскар да Ашымды сүйөмөлөй берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жер же башка бир нерсенин үстү менен сүйрөлгөн, андан бөлүнүп, ажырап кетпеген абалда жылдыруу, ушундай абалда алып өтүү. Паровоз барат бакырып, Вагонун сүйрөп ташынып (Үсөнбаев). Карагайды тамдын аркасына сүйрөп барып койгулачы («Ала-Тоо»).
2. өт. Аракет кылып алып чыгуу, тартуу, жетелөө, алдыга карай үндөө, умтултуу. Караңгыны билимге Сүйрөп чыккан мугалим (Бөкөнбаев). Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
волочить, тащить волоком; тянуть;
устунду сүйрөп алып келдик бревно мы приволокли;
жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт погов. добрый парень народ свой вверх тянет, дурной парень народ свой в могилу тянет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер же башка бир нерсенин үстү менен сүйрөлгөн, андан бөлүнүп, ажырап кетпеген абалда жылдыруу, ушундай абалда алып өтүү. Паровоз барат бакырып, Вагонун сүйрөп ташынып (Үсөнбаев). Карагайды тамдын аркасына сүйрөп барып койгулачы («Ала-Тоо»). 2. өт. Аракет кылып алып чыгуу, тартуу, жетелөө, алдыга карай үндөө, умтултуу. Караңгыны билимге, Сүйрөп чыккан мугалим (Бөкөнбаев). Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от сүйрө-
1. волочиться, тащиться;
2. ист. волочиться, будучи привязанным к хвосту лошади (особый вид казни);
аттын куйругуна сүйрөлүп өлдү он был казнён, будучи привязан к хвосту лошади (которую пускали во весь карьер);
сүйрөлгөн (о человеке) размазня, никудышный;
мурдун тарта албаган сүйрөлгөн жаман бала никудышный паренёк, который носа себе вытереть не может (букв. который носом шмыгать не может).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то, что волочится; тот, кто плетётся; перен. отстающий;
2. перен. пренебр. то же, что сүйрөлгөн (см. сүйрөл-);
сүйрөндү болуп барган кыз девушка, вышедшая замуж кое-как (т.е. без калыма, путём умыкания и т.п.);
сүйрөндү болуп барган кызда эмненин сыйы, эмненин сыймыгы? какой почёт, какое уважение бесприданнице?

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СҮЙРӨӨ – деңиз укугу боюнча, кеме ээсинин сыйакы алуу менен, башка кемени же калкып турган бир нерсени белгилүү бир аралыкка чейин сүйрөтүүсү (деңиз С.) же болбосо суубекет айланасында сүйрөтүү, анын ичинде кемелерди суубекетке киргизүү же чыгаруу иштерин аткаруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от. сүйрө-
1. заставить волочить, заставить тащить; делать так, чтобы волочилось;
буурусун менен эптеп чийилген жерге сээп, үстүнөн чычырканак сүйрөтүп эчен кайтара жүрүп кетчү (было так:) сеяли в землю, кое-как расковыренную сохой, затем несколько раз волочили по ней облепихой (связкой ветвей облепихи - вместо бороны);
2. ист. волочить по земле, привязав к хвосту лошади (вид казни);
аттын куйругуна сүйрөтүп өлтүрдү он умертвил, привязав к хвосту лошади и волоча.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сокону үстүнө коюп, сүйрөтүп алып кетүүгө колдонулуучу ача жыгач.
  1. 2.                  Үстүнө бир нерсе (чөп, саман ж. б.) салып сүйрөтүп ташуу үчүн жасалган жалпак чийне. Зулай [сулуну] сүйрөткүгө зыңгырата басып алып үймөкчүлөргө таштап кетип жатат (Байтемиров).
  2. 3.                  өт. Дайыма бирөөнүн коштондусунда сүйрөлүп жүргөн, өз алдынчалыгы жок киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сокону үстүнө коюп, сүйрөтүп алып кетүү үчүн колдонулуучу ача жыгач. 2. Үстүнө бир нерсе (чөп, саман ж. б.) салып сүйрөтүп ташуу үчүн жасалган жалпак чийне. Зулап сулуну сүйрөткүгө зыңгырата басып алып үймөкчүлөргө таштап кетип жатат (Байтемиров). 3. өт. Дайыма бирөөнүн коштондусунда сүйрөлүп жүргөн, өз алдынчалыгы жок киши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тегерек эмес, капталы, туурасы кууш, узунчасынан келген, учтанып кеткен, сөлпү. Балка алып колдоруна сүйрү баштуу (Бөкөнбаев). Солондун түрүн сурасаң, Сокудай сүйрү башы бар («Манас»). Сүйрү таш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тегерек эмес, капталы, туурасы кууш, узунчасынан келген, учтанып кеткен, сөлпү. Балка алып колдоруна сүйрү баштуу (Бөкөнбаев). Солондун түрүн сурасаң, Сокудай сүйрү башы бар («Манас»). Сүйрү таш.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Сүйкүмдүү, жагымдуу; кадырлуу, жакшы көргөн, жакшынакай. Чөбү, суусу, атыр жели сүйүктүү («Советтик Кыргызстан»). Сүйүктүү совет өлкөбүз Эрдигине даңктанат (Нуркамал). Сүйүктүү жар. Сүйүктүү жаш уландар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кубануу, шаттануу, сүйүнүчтө болуу, көңүлү куунак болуу. Жашасын деп өкмөт, Жарды, жалчы сүйүндү (Тоголок Молдо). Жылдызкан сүйүнгөнүнө чыдабай алаканын шакылдатып чапкылап жиберди (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
радоваться;
тапкан сүйүнөт, тааныган алат погов. нашедший радуется, (а) опознавший (потерю) получает;
кудайдын кулагы сүйүнсүн - деп выражая своё удовлетворение, свою радость громко, во всеуслышание (букв. пусть, мол, уши бога радуются);
кудайдын кулагы сүйүнсүн - деп, катуу кубанган элек мы громко выражали свою, радость, пусть, мол, уши бога радуются.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз сүй+үн бөлүктөрүнөн турат. Сүй уңгусу бирөөнү сүй дегедеги сүй сөзүнө туура келет. Ага этиштин өздүк мамилесинин -н мүчөсү уланып, сүйүн сөзү жаралган. Адам сүйүнгөндө таттуу сезимде болуп, өзүнөн-өзү кубанып, кимдир бирөөнү сүйүп калгандай абалда болот. Байыркы түрк тилинде да сев сөзү сүй дегенди билдирсе, севан сөзү сүйүн» сөзүнө туура келген (ДТС, 497). Бардык эле түрк тилдеринде сүй этиши менен сүйүн сөзү тектеш, экөө бир уңгудан келип чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубануу, шаттануу, сүйүнүчтө болуу, көңүлү куунак болуу. Жашасын деп өкмөт, Жарды, жалчы сүйүндү (Тоголок Молдо). Жалпы журтум сүйүнгүн, Башыбызга сайынган (Калмырза). Жылдызкан сүйүнгөнүнө чыдабай алаканын шакылдатып чапкылап жиберди (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сырд. 1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Аалы). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? ! («Семетей»).
2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Токомбаев). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? («Семетей»). Сүйүнчү, чоң ата, сүйүнчү! Балаңар келди, балаңар келди (Жакиев). Сүйүнчү агай, чабалекей келиптир, Ар бир жылы жаз маалында биз көргөн (Акматалиев). 2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов). Сүйүнчүлөп кала гөр («Манас» С. К.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
явиться с сообщением радостной вести и получить за это подарок;
силер келе бергиле, мен чуркап барып атама сүйүнчүлөйүн вы идите, а я побегу сообщить отцу своему радостную весть;
кош, ошону сүйүнчүлөп келдиңби? так, (значит) ты пришёл, чтобы сообщить это как радостную весть и получить подарок?

Киргизско-русский словарь Юдахина
любовь;
сүйүүнүн көркү теңинде стих. прелести любви во взаимности (букв. в ровне, т.е. если, например, оба молоды);
даамын таттык сүйүүнүн стих. мы вкусили сладость любви;
родинаны сүйүү любовь к родине;
эмгекти сүйүү мамилеси любовное отношение к труду;
өзүн өзү сүйүү самовлюблённость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Аял-эркектердин бирибирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн отуөчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Аалы). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков).
2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максаттагы элдерге, Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).
СҮЙҮҮ II сүй этишинин кыймыл атоочу.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

фразы о любви


элдик сүйүү ырларынын жыйнагы
сүйүүнүн көркү теңинде -- прелести любви во взаимности;
сүйүүнүн даамын татуу -- вкусить сладость любви;
сүйүү азабы -- муки любви
сүйүү деми -- дыхание любви
сүйүү ырахаты -- блаженство, услада любви
ысык сүйүү -- пылкая любовь
өтө кызыл бат оңот -- слишком красный быстро тускнеет
шартсыз сүйүү -- безусловная любовь
жетик сүйүү -- зрелая любовь

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аял-эркектердин бири-бирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн оту – өчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Токомбаев). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков). Өлүмдөн го кача албасмын, аның чын, Сүйүүдөн да качып кайда кутулам (Чотурова). 2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максатташ элдерге Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).