сүйлөм
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Аякталган ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөздөрдүн тизмеги. [Күмүш] кээде бир канча сүйлөмдү окуп алып, эрдин кыбыратып, аны кайталап жаткандай болот (Байтемиров). Жай сүйлөм. Суроолуу сүйлөм. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр.